Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-августу № 31-3
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкерлерди көрсөтүп берүү жөнүндөгү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуу катына ылайык, айыл аймагындагы жамаатык, коомдук уюмдар тарабынан талапкерлерди сунуштап берген чогулуштарынын протоколдору менен айылдык кеңештин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү тургундар тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмелери жактырылсын.(тиркеме тиркелет).
2. Сунушталган талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: А.Топчубаев
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин
2020-жылдын 13-августундагы кезексиз
31-сессиясынын 31-3 токтомуна тиркеме
№ | Аты жөнү | улуту | Жыны-сы | Туул- ган жылы | билими | Иштеген жери | Ким тарабы-нан сунуш талды |
1 | Абдыкалыкова Жыпара Маратовна | кыргыз | аял | 04.12. 2000 | бүтпөгөн жогорку | программист | студент |
2 | Аманбаева Жылдыз Маматибрагимовна | кыргыз | аял | 23.07. 1987 | жогорку | мугалим | К.Надиров атындагы орто мектеби |
3 | Абдувапова Разия Ганиевна | кыргыз | аял | 04.12. 1971 | жогорку | мугалим | К.Надиров атындагы орто мектеби |
4 | Мурзаева Жанаркан Мамасалиевна | кыргыз | аял | 22.04. 1977 | жогорку | мугалим | К.Надиров атындагы орто мектеби |
5 | Эргешова Турдукан Мусабайовна | кыргыз | аял | 26.02. 1988 | жогорку | мугалим | К.Надиров атындагы орто мектеби |
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы: А.Жээнбаева