Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июну № 19-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25/119 катына негиз Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020- жылдын 28-майындагы № 01-25/119 катына негиз Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020- жылдын 28-майындагы № 01-25/119 катына негиз Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин(тиркелет)
2. Бекитилген штаттык бирдиктин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика,бюджет,салык жана ишмердуулукту колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык
кеңешинин төрагасы К.Назарбаев
Кыргыз Ата айылдык кенешинин
(алтынчы шайланган) кезексиз он тогузунчу
сессиясынын 2020-жылдын 13-июнундагы
№ 19-2 токтомуна № 1-тиркеме
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин штаттык бирдиги
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Штаттык бирдик саны | Ставка | Коэффи циент |
1 | Назарбаев Кубат | Төрага | 1 | 5000 | 2,7 |
2 | - | Жооптуу катчы | 1 | 5000 | 2,27 |
| Бардыгы | х | 2 | х | х |
Кыргыз Ата айыл окмотунун |
жооптуу катчысы Ж. Нурматов |
|