Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-августу № 20-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак- Булак айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак- Булак айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак- Булак айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндөгү Ак-Булак айылынын тургундарынын 2020-жылдын 23-июлундагы жана Саты Токторов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты менен өткөрүлгөн 2020-жылдын 24-июлундагы жалпы чогулуштарынын чечимдери бекитилсин (№1,2 тиркемелер).
2. Гимназия мектебин ачуу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү, окуу имаратынын материалдык-техникалык базасын уюштурууга көмөк көрсөтүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Гимназия ачууга макулдук берүү, каржылоону Республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык
кеңешинин төрагасы К. Назарбаев
Кыргыз Ата айылдык кенешинин
(алтынчы шайланган) кезексиз жыйырманчы
сессиясынын 2020-жылдын 3-августундагы
№ 20-1 токтомуна № 1-тиркеме
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагынын
Ак-Булак айылында өткөрүлгөн жалпы элдик чогулуштун
№ 1 протоколу
23-июль 2020-жыл Ак-Булак айылы
Чогулуштун төрагасы: Ак-Булак айылынын айыл башчысы Камбаров Заирбек
Катчысы: Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Жеңишбай уулу Элмурат
Катышкандар: Ак-Булак айылындагы айылдык кеңештин депутаттары, Ак-Булак
айыл тургундарынан 150 адам катышты.
УГУЛДУ:
Күн тартибиндеги маселе боюнча демилгечи катары айылдык кеңештин депутаттары Кочкоров Кубатбек Кубанычбекович жана Жеңишбай уулу Элмурат билдирүү жасады.
Урматтуу чогулуштун катышуучулары. Бүгүнкү күндө айылыбыздын окуучулары башка айылдардагы лицей-гимназияларга кыш мезгилиндеги суукта жана жолдун алыстыгына карабастан каттап окуп жатышат. Айылыбыздагы көпчүлүк тургундар аталган маселе боюнча бизге кайрылып, өзүбүздүн айылда да тереңдетилген негизде сапаттуу билим берүүнү уюштуруп берүүнү суранышкан. Бул маселе ата-энелер жана айылдын активисттери тарабынан буга чейин да козголуп, ишке ашпай келе жатат. Биздин айылдын калкы жыш жана билимге ынтызар окуучулары көп. Ошондой балдарды эң жогорку деңгээлге жеткирип окутуу максатында атайын гимназия уюштуруу зарыл деп эсептейбиз.
ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:
Айыл тургуну Азимкулов Баатыр: “Биздин көчөдөн бир топ окуучулар жогорку айылдагы А.Парпиев атындагы гимназияга каттап окуп жатканын көрүп, ушул балдарды өзүбүздүн айылда гимназия уюштуруп окутсак болот эле деп ойлойм” деген оюн айтты.
Айыл тургуну Жумабаев Рахимжан “Менин кызым А.Парпиев гимназиясында окуйт, бизде гимназия ачылса өзүбүздө окутат элем” деди.
Айыл тургуну Аттокуров Заир “Биздин окуучулар Республикалык олимпиадаларга катышып, жеңүүчү болушса, “Алтын тамга” артыкчылык аттестаттары менен бүтүшсө, ЖРТдан “Алтын” сертификатка ээ болушса жана заман талабына ылайык билимдери күчтүү болуп чыгышса бизге пайдалуу жана сыймыгыбыз болот эле” деди.
Айыл тургуну Азимбаев Мустафа “Көпчүлүк колдоп, ушул ишти уюштуралы, элден кандай жардам болсо биз даяр турабыз” деп билдирди.
Жогорудагылардын сөзүн чогулушка катышкан мүчөлөрдүн баары колдоп жана талкуулап
1. Ак-Булак айылынын окуучуларына тереңдетилген билим берүү максатында Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектебинин мурдагы башталгыч класстар окуган имаратына жана мечит жанындагы мектеп имаратына гимназия мектеби ачылсын.
2. Ак-Булак айылынын окуучулары үчүн тереңдетип билим берүүчү өз алдынча гимназия мектебин түзүп берүү тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу мекемелерине сунушталсын.
3. Чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы: Камбаров З.
Чогулуштун катчысы: Жеңишбай уулу Э.
Кыргыз-Ата айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов
Кыргыз Ата айылдык кенешинин
(алтынчы шайланган) кезексиз жыйырманчы
сессиясынын 2020-жылдын 3-августундагы
№ 20-1 токтомуна № 2-тиркеме
24.07.2020-жыл Ак-Булак айылы
Кеңештин жалпы мүчөсү- 73
Катышканы- 61
Катышпаганы- 12
Мугалимдер кеңешмесинин башталышы- 10.00
Бүтүшү- 10.35
Каралуучу маселе:
Регламент:
Докладдар үчүн- 10 минут, чыгып сүйлөөчүлөр үчүн- 3 минут.
Жалпы кеңеш үчүн- 35 минут
Күн тартибиндеги маселе боюнча мектеп директору Максытов Өмурзактын маалыматы угулду. Анда мектеп директору Ак-Булак айылынын тургундарынын айылыбызга кошумча гимназия мектебин ачуу боюнча кайрылып жатышат. Себеби жакшы окуган балдарыбыз кайсы бир предметтерден терендетилип окутуулучу коңшу гимназия, лицей, билим каналарга барууга аргасыз болушууда. Айылыбыздан да кандайдыр бир чыгаан, билимдүү балдар чыгышса жана мамлекетке , айылыбызга жардам берсе деген ойлорун айтышууда. Бирок балдарын ал жактарга бере турган көп ата-энелерде үй бүлөлүк ж.б жактарынан шарттары жок экен. Ошондуктан айылыбызга гимназия мектеп ачыш үчүн мектепте кадр маселеси , окуй турган класстык бөлмөлөр, окуу куралдары жана эмеректер керектелерин, ал жагынан жардам берүү жактарын бизден суранышууда.
Эн жакшы окуган балдарыбыздын да гмназияга өтүп кетүү маселеси турат. Ушул маселелер боюнча өз оюнуздарды айтсаныздар.
Мугалимдер жарыш сөзго чыгышты:
Мектептин биология мугалими Сулайманова Батманын сөзу:
Айылга кошумча гимназия мектеп ачууга мен мисалы макулмун. Чындап эн жакшы окуган окуучуларды эки жака кетирбей өзубуздө гимназия мектеби ачылса ага бөлуп окутса болот. Туура биз да ата-энелердин шарттарын да ойлошубуз керек. Куда кааласа кадр маселеси жакшы эле, ар тараптуу жардамдарды беребиз. Мектептин корпусунан башталгыч класстардын мурдагы мектебин жана мечиттин жанындагы 6 бөлмөлүү мектепти берүүнү сунуштаймын. Себеби бул жакта өзүбүзгө да класстар тартыш болууда.
Башталгыч класс мугалими Жороева Сайранын сөзү:
Гимназия мектебинин ачылышына менин оюмча эч ким каршы болбосо керек. Анда окуса өзүбүздүн айылыбыздын балдары окушат. Келечекте жакшы балдар чыкса элибизге, жерибизге керектери тиет да. Эгер чындап айылыбыздын тургундары талап кылып жатса биз да колдойбуз аларды. Бирок бизде мектеп маселесине келсек жаны мектепти жана эки этаждуу мектепти былтыр зорго демөөрчүлөрдөн суранып жатып жасалгалаганбыз. Ар бир класста 2 ден класс болуп 2 сменада окуп жатабыз. Ошондуктан мен батманын сөзүнө кошуламын жана ошол мектептердин бирөөсүн сунуштап берели.
Башталгыч класстын мугалими Калыева Нуржамалдын сөзү:
Мен дагы айылыбызга кошумча гимназия мектеп ачууларына макулмун. Аябай сонун иш болсо керек. Бирок биздин башталгыч класстар азыр окуп жаткан 2 этаж мектепти берүүгө болбойт. Себеби ал мектептин ашканасынан 450 окуучу ысык тамак ичишет. Ашканага ПРООН тарабынан 1-4 класстар окуучулардын окуучулары үчүн ысык тамакка деп аябай көп жабдуулар келип жайгашкан. Ар бир класстык бөлмөлөрдү былтыры демөөрчүлөр тарабынан башталгыч класстын окуучуларына ылайыктап, жасалгалап койгонбуз. Мени бардык башталгыч класстын мугалимдери колдосо керек. Ошондуктан менин да оюм мечиттин жанындагы 6өлмөлүү мектеп менен башталгычтардын мурдагы корпусун берсек болот.
Англис тили мугалими Саипова Гулжамалдын сөзү:
Гимназия мектеп ачуу өтө кыйын болсо керек, ал үчүн өтө көп иштер жасалышы керек. Эми эл талап кылып жатса эмне дейбиз, биз да макулбуз. Айылда өтө зээндүү , жөндөмдүү балдар көп. Колдон келишинче ар тарптуу жардам беребиз да. Мүмкүн келечекте бир жакшы чыгаан инсандардын чыгышына себепчи болуп калаарбыз. Көпчүлүк эмне десе мен да ошолорду колдоймун. Алардан кийин сөзгө чыгышкан мугалимдер Баатырова Г, Жапарова М, Саланова Ж, Атабаева Батма эжекелер өз сөздөрүндө жогорудагы сүйлөгөн мугалимдердин сөздөрүн колдошорун айтышты. Күн тартибиндеги маселелерди карап,угуп жана талкуулап кеңешме төмөнкүдөй чечим кылат.
1. Ак-булак айылынын тургундарынын айылга кошумча гимназия мектеп ачуу жөнүндөгү билдирүүлөрү жактырылсын.
2. Жаңы ачыла турган гимназия мектебинде кадр маселеси жана ар түрдүү материалдык жактан жардам берүү колго алынсын.
3. Жаны ачылуучу гимназия мектебине мечиттин жанындагы 6 бөлмөлүү мектеп менен башталгыч класстардын мурдагы корпусун берүү сунушталсын.
4. Чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж. Ариповага милдеттендирилсин.
Мугалимдер кенешинин төрагасы Ө. Максытов
Мугалимдер кенешинин катчысы Р Уламкадырова
Кыргыз-Ата айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов