Редакцияот 10.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХVIII отуруму

 

2019-жылдын 10–декабры №28/1

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитүү жөнүндө

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча жооптуу катчы К Абдраманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХVIII отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамынын негизинде, аймактык шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн талапкерлер, аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына депутаттардын колдоосу менен төмөндөгү талапкерлер бекитилсин:

1. Абдыкеримова Нуркыз Зундуевна

2. Исмаилов Илгиз Сүйөркулович

2. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлердин документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Маташов