Редакцияот 12.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 40- сессиясы

 

2020-жылдын 12-июну №47/1

Жергиликтүү кеңешке жооптуу катчы кызмат ордуна штаттык бирдик ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомун турмушка ашыруу боюнча Үч-Төбө айыл өкмөтүнун калкы 6001 ден жогоруу болгондуктан айылдык кеңешке жооптуу катчысы кызмат ордун ачуу максатында,Үч-Төбө Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуаылайык Үч-Төбө айылдык кеңешине жооптуу катчы бир бирдик штаты ачылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Акматовго тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Өмүрзаков