ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXVI сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 115/26
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп Жазы айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, калкы 6001ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын 1 штаттык кызмат орду жана калкы 20001ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринин төрага кызмат орду жана алардын айлык акылары каралган, Жазы айыл аймагынын калкы 16528 ошондуктан токтомго ылайык айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Акматов |