Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 03-марты №119
“Ийри – Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу “ жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХ- сессиясынын күн тартибиндеги “ Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу ”жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Ийри – Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу “ жөнүндө 3- бөлүктөн жана 10- беренеден турган Жобосу бекитилсин. ( тиркеме тиркелет )
2. Мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мамадалиевке тапшырылсын
Төрага | С.Курманбеков |
Ийри-Суу айылдык кеңешинин
V I-чакырылышындагы кезексиз
ХХ - сессиясынын 2020-жылдын
03 –мартындагы № 119 токтомуна
тиркеме
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобо
I бөлүк.
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул жобо менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул жобо менен «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамына татыктуулар аныкталып, аны ыйгаруунун жол жобосу менен, татыктуу деп табылган атуулдун статусу белгиленет жана ага ылайыктуу болгон төш белги жана наамды ырастаган документ иштелип чыгылат.
2-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы
“Ийри-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу”-ардактуу наамы жергиликтуу бийлик тарабынын берилүүчү эн жогорку наам болуп саналат.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы –жалпы Ийри-Суу айыл аймагынын жана калкынын алдында сиңирген эмгеги үчүн берилген наам болуп эсептелет.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуунаамы – коомдук, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалоодо сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн, ошондой эле адамдардын укугун коргоодо, тынчтыкты, ынтымакчылыкты бекемдөөдө, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын абалынын жакшырышына кошкон белгилүү салымы үчүн, Ийри-Суу аймагын даңктаган эмгектер жана маданияттын өнүгүүсүнө, илим-билимди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн атуулдарга ыйгарылат.
Ощондой эле Ата-Мекенди коргоодогу өзгөчөлөнгөн эмгеги үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
3-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын ыйгарылышы
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы жылына бир жолу жашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын жалпысанынын көпчүлүк добушун алган адамга Ийри-Суу айылдык кеңешинин чечими менен ыйгарылат.
Ийри-Суу айылдык кенеши «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын жылына 2 кишиге чейин добуш берүү аркылуу ыйгарууга укуктуу.
Ардактуу наамга татыктуу адамдын шаарда төрөлбөгөндүгү эч кандай мааниге ээ эмес. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы бир эле адамга кайталанып берилбейт.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулдарына» ардактуу наамын ырастоочу күбөлүк жана «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» деген жазуу түшүрүлгөн куттуктоо тасмасы берилет.
II бөлүк.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруунун тартиби
4-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш Ийри-Суу айыл аймагынын башчысы тарабынан Ийри-Суу айылдык кеңешине (мындан ары айылдык кеңеш) сунушталат.
Ийри-Суу айыл аймагындагы коомдук уюмдар, коомдук кыймылдар, мекеме-ишкананын эмгек жамааты, жамааттардын бирикмеси, Ийри-Суу айыл аймагында жашаган адамдардын тобу айыл өкмөткө «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу сунуштары менен кайрыла алат.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы (мындан ары – айылдык кеңештин төрагасы), айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары жана башка мыйзамда каралган айылдык кенештин курамындагы түзүмдор өз алдынча айылдык кеңешке «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштары менен кайрылууга укуктуу.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунушта: сунуш кылынган талапкердин өмүр баянын камтыган жана анын жетишкендиктери, сиңирген эмгеги жөнүндөгү маалыматтар компьютерден жазылып даярдалып берилет. Сунушка талапкердин сиңирген эмгеги жөнүндөгү документтердинкөчүрмөлөрү милдеттүү түрдө тиркелет жана айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссиянын баалоо баракчасы тиркелет.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштар Ийри-Суу айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, сессияга сунушталат.
Айылдык кеңеш «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда толук негиздемелер жок болгон учурда, ошол талапкер жөнүндө айыл өкмөт башчысы бир жылдан кийин кайрадан сунуш киргизүүгө укуктуу.
5-берене.Ийри-Суу айылдык кеңеши «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечими
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу айылдык кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечими массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
6-берене. Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулдарынын портрет галереясы
Ийри-Суу айыл аймагында элге көрүнүктүү жерге Ардактуу атуулдардын портреттеринин галереясы түзүлөт. Ардактуу атуулдардын портреттеринде аты, жөнү, шаардык кеңештин чечиминин номери жана датасы жазылат же Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулдарынын альбому уюштурулат жана ал айыл өкмөттүн кенсесинде сакталат.
III бөлүк.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулунун» төш белгисинин сыпатталышы, күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү
7-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулунун» төш белгисинин сыпатталышы
Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулунун төш белгиси тегерек формасында болуп, диаметри 32 мм түзөт. Тегеректин борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби жана анын жогорку бөлүгүндө “Ийри-Суу” ылдыйкы бөлүгүндө “Ардактуу Атуул”- деген жазуу болот.
Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулунун төш белгиси туурасы 28 мм. Бийиктиги 20 мм түзгөн тикбурчтуу калыптын ичинде эмаль менен жасалган Кыргыз Республикасынын желеги жайгаштырылып, тегерек төш белгиге илмек менен бириктирилген. Калыптын артында кийимге өткөрүп кадай турган төөнөгүч жайгаштырылган.
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы төш белгиси төштүн оң жагына тагылат.
8-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүктүн сүрөттөлүшү
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүк 90х60 мм.өлчөмүндөгү китепче, сырт жагынан катуу кызыл түс менен тышталат. Тышында КРнын герби жана анын алдында «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»,-деген жазуу жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ич тарабынын сол жагынын жогору тарабына КРнын герби жайгаштырылып, калган жагына №____сандуу төш белгисинин күбөлүгү
Атуулдун (аты,жөнү) «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы ыйгарылган.
Айылдык кеңештин төрагасы
Күбөлүктүн оң тарабындагы бетинин сол жагынын жогору жерине наам алган атуулдун 30х40 мм болгон сүрөтү жайгаштырылат. Сүрөтменен катар Ардактуу наам Ийри-Суу айылдык кеңешинин 20__жылдын «___»________ №____токтомуменен берилди. Күбөлүктүн ичиндеги жазуу кара сыя менен толтурулат.
Күбөлүккө айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Күбөлүктүн ичинин оң жагындагы сүрөттүн сол тарабындагы бурчу жабылгандай кылып мөөр басылат.
9-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгиси жоголуп кетсе кайрадан берилбейт.
10-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар Ийри-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн бири тарабынан берилет.