Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-октябры № 241
Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу» жөнүндө мыйзамынын 16 жана 18-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы №240 “Ош шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун жокко чыгарылгандыгы Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине маалымдалсын.
Төрага | С.А.Токторбаев |