Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-октябры № 240
Ош шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин депутаттык фракцияларынын кайрылуусунун жана Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын эсептөө комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу» жөнүндө мыйзамынын 15 жана 24-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке ишеним көрсөтүлбөсүн.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрине тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жиберилсин.
Төрага | С.Токторбаев |