Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 26-декабры № 262
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , ”Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен тиркемеге ылайык , керектоолорго акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш кылынсын ( тиркеме тиркелет)
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнү башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык кенешинин
2019-жылдын 26-декабрындагы
№ 262 токтомунун тиркемеси
1. ЕББР талабына ылайык 33304,0 евро өлчөмүндө акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. М.Нурбаев атындагы орто мектебинин ажатканасын курууга 200,000 ( эки жуз мин) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин
3. Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын өтүнүч каты боюнча жаш мугалимдерге бир жолку берилүүчү кошумча каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
4. Мырза-Аке айыл аймагындагы көчөлөрдөгү үйлөргө табличка жаздырып илдирүүгө 200,000 ( эки жуз мин) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
5. Мырза-Аке айыл аймагында жайгашкан № 75565 Аскер бөлүгүнүн айрым ремонт иштерине көмөк көрсөтүү үчүн 50,000 ( элуу мин) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
6. Мамат Оморов атындагы балдар музыкалык мектебинин жылытуу системасын буу менен жылытууга өткөрүүгө 200,000 ( эки жуз мин) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин
7. А.Калмурзаев орто мектебинин ички керектөөлөрүнө 180,000 ( жуз сексен мин) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин
8. С.Мойдунов орто мектебинин ички керектөөлөрүнө 39,600 ( отуз тогуз мин алты жуз ) сом айыл айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин
9. Т.Машрапов орто мектебинин ички керектоолоруно 86,300 (сексен алты мин уч жуз ) сом айыл окмотунун бюджетинен болунуп берилсин.
10. М.Сулайманов орто мектебинин ички керектөөлөрүнө 58,800 (элуу сегиз мин сегиз жуз ) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
11. М.Нурбаев орто мектебинин ички керектөөлөрүнө 64,300 (алтымыш торт мин уч жуз ) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин
12. К.Раимбеков орто мектеп – гимназиясынын ички керектөөлөрүнө 72,400 ( жетимиш эки мин торт жуз ) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
13 .Мырза-Аке айыл окмотунун электриги Н.Эсенкуловдун 242,160 сом ( эки жуз кырк эки мин бир алтымыш ) тунку жарыктар , обьекттер учун каражат сураган арызы канаттандырылсын.
14. Озгон МБИнин директору Ж.Калыбаевдин социалдык обьектилерге таза суу боюнча кызмат корсотууго 100,000 ( жуз мин) сом каражат айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
15.”Туштук Алтын-Булак СПАсына 250,000 ( эки жуз элуу мин) сом каражат айыл айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
16. Шайыр апаларга улуттук кийимине , Мамат Оморовдун 95 жылдык мааракесин өткөрүүгө 100,000 ( жуз мин ) сом каражат айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.