Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-сентябры № 12-6
Кожоке айылындагы «МУЗ БУЛАК» ИСКАКБнын ичүүчү таза суусунун төлөмүнө болгон тургундарынын арыз-даттануулары жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына,айылдык Кеңешке Кожоке айылындагы «МУЗ БУЛАК»ИСКАКБнын ичүүчү таза суусунун төлөмүнө карата тургундарынын атынан 2020-жылдын 09-сентябрь күнү арыз менен кайрылган, ошол арызды айылдык Кеңештин депутаттары карап жана талкуулап,Н.Исанов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңешке Кожоке айылындагы «МУЗ БУЛАК»ИСКАКБнын ичүүчү таза суусунун төлөмүнө карата тургундарынын атынан 2020-жылдын 09-сентябрь күнү түшкөн арызы канааттандырылсын.
2. «МУЗ БУЛАК»ИСКАКБнын ичүүчү таза суусунун төлөмүнө алынган 10000 (он миң) сом акча каражаты мыйзамсыз деп табылсын,калган иш-аракетин көзөмөлдөө үчүн комиссия курам тиркемедегидей түзүлсүн жана кезектеги сессияга жыйынтыгы чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы Айылдык кеңешинин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары Б.Эргешов
Н.Исанов атындагы айылдык
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 12 - отурумунун (сессиясы)№12-6
токтомунун №1 тиркемеси
«МУЗ БУЛАК»ИСКАКБнын ичүүчү таза суусунун төлөмүнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия курам
Н.Жолдошов -Кожоке айылынын депутаты
М.Абдыкайымов -Кожоке айылынын депутаты
М.Ташбаева -Кожоке айылынын депутаты
А.Абдижалил уулу -Кожоке айылынын депутаты
М.Амиров -Кожоке айылынын депутаты
Акматов Нурмухаммед -Кожоке айылынын депутаты
Тургунбаев Төлөгөн -Кожоке айылынын депутаты
У.Абдырахманов -Кожоке айылынын айыл башчысы
М.Ысманов -Байыш айылынын депутаты
М.Ташиев -Жар-Коргон айылынын депутаты
А.Чонмурунов -Чеч-Дөбө айылынын депутаты
М.Жолдошов -К-Кожоке айылынын депутаты
М.Исмаилов К-Кожоке айылынын депутаты
Жооптуу катчы Н.Атаканова