Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры №36
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2021-2022-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2021-2022-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жөнүндөгү маселе айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Төрт-Көл айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 23819,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.( № 1-тиркеме)
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2020-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсиин:
а)жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн : салык агенти тарабынан төүлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан – 85 пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патент негизинде салыктан, милдеттүү петенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн жана транспорт салыгы- айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө -100 пайыз өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды,газды кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине – 50 пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) респубюликалык бюджетке – 100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгелдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016-жылдын 30-ноябындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен бекитилген 2021-2022-жылдарга теңдештирүүчү грантардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 238,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7.Даталуу күндөргө жана кесиптик майрамдарга акча каражаты (3-тиркемеге) ылайык берилсин.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү грантарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
10. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартылышы белгиленсин.
11.Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субөектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынары эске алынсын.
12. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражат 100% Республикалык бюджеттин кирешесине алынсын.
13. Айланма кассалык калдык (Оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: С.Ахмедов
Чыгаша бөлүгү | |||
№ 36 Токтомго № 1-тиркеме | |||
К № | Бөлүмдөрдүн аталышы | Сумма | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 5302,9 |
|
2 | Айыл чарбасы | 513,5 |
|
3 | Турак жай коому | 9404,1 |
|
4 | Китепкана | 196,2 |
|
5 | Айылдык маданият үйү | 1104,7 |
|
6 | Билим берүү | 2011,1 |
|
7 | Балдар бакчасы | 4747,2 |
|
8 | Социалдык коргоо | 160,0 |
|
9 | Жайыт комитети | 379,7 |
|
| Жыйынтыгы | 23819,4 |
|
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: А.Абдиев | |||
№ 36 Токтомго № 2-тиркеме | |||
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жактырылган | |||
болжолдуу сметасынын долбоору боюнча маалымат. | |||
Киреше бөлүгү | |||
К № | Кирешелердин түрлөрү | 2021-жыл | 2022-жыл |
1 | Подоход салыгы | 3813,0 | 4053,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 18,0 | 18,0 |
3 | Ыктыярдуу патент | 222,0 | 222,0 |
4 | 2-топтогу кыймылсыз мүлк салык | 10,5 | 10,5 |
5 | Транспорт салыгы | 660,0 | 660,0 |
6 | Физ. жер салыгы | 132,3 | 132,3 |
7 | Юрд. жер салыгы | 867,0 | 867,0 |
8 | Айыл чарба багытында эмес жер салыгы | 167,5 | 167,5 |
9 | Сатыктан алынуучу салык |
|
|
10 | Лицензия үчүн салык | 1090,0 | 1090,0 |
11 | Калктуу конуштарда жер үчүн ижара акы | 75,0 | 75,0 |
12 | Жайыттын ижара акысы | 379,7 | 379,7 |
13 | КБФнын ижара акысы | 1821,3 | 1821,3 |
14 | Таштанды чыгаруу | 32,0 | 32,0 |
15 | Мамлекеттик пошлина | 0,0 | 0,0 |
16 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр | 2652,4 | 2652,4 |
17 | Инфрастуруктураны өнүктүрүүгө | 20,0 | 20,0 |
18 | Теңдештирүүчү грант | 12329,9 | 12415,9 |
| Жыйынтыгы | 24290,6 | 24616,6 |
Чыгаша бөлүгү | |||
№ 36 Токтомго № 2-тиркеме | |||
К № | Бөлүмдөрдүн аталышы | 2021-жыл | 2022-жыл |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 5802,6 | 5802,6 |
2 | Айыл чарбасы | 308,4 | 308,5 |
3 | Турак жай коому | 10586,0 | 10210,6 |
4 | Китепкана | 192,9 | 192,9 |
5 | Айылдык маданият үйү | 776,9 | 776,9 |
6 | Билим берүү | 1553,2 | 2050,6 |
7 | Балдар бакчасы | 4530,9 | 4344,8 |
8 | Социалдык коргоо | 160,0 | 160,0 |
9 | Жайыт комитети | 379,7 | 769,7 |
| Жыйынтыгы | 24290,6 | 24616,6 |
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: А.Абдиев | |||
|
| ||