Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-майы. №38
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл чарба, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрт-Көл айылдык кеңештин төрагасы С.Ахмедов
Тиркеме
“Бекитемин”
Төрт-Көл айылдык кеңешинин
04.05. 2020-жылдагы №38
токтому менен бекитилген
Төрт-Көл айылдык кеңешинин
төрагасы 04.05.2020-жыл
_______________С.Ахмедов
1. Төрт-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдагы иш планын бекитүү (жайыт комитетинин төрагасы Т.Бечелов).
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин аткарылышы жылдык отчет төрага ( 2020-жыл 1-квартал жайт комитетинин төрагасы Т.Бечелов).
3. Жайыт комитети 2020-жылга жакынкы жайыттардын жолун оңдоо жана Чалдубар участкасына АРИС аркылуу таза сууну чыгаруу.
4. Жайыт комитетин 2020-жылга каралган бюджети 379700 сомду түзөт
5. Жайыт пайдалануучулар менен биргеликте жайыт акы төлөө маселесин чечүү
6. Жайыт комитеттин төрагасы жылдык бюджетти ноябрь айына толугу менен аткаруу
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 | Жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышы | Жыл ичинде | Жайыт комитетинин төрагасы Т.Бечелов |
2 | 2020-жылы жакынкы жайыттагы жолдорду оңдоо | Июнь | Т.Бечелов |
3 | Чалдубар участкасында таза суу түтүкчөлөрүн оңдоо | Жыл ичинде | Т.Бечелов |
4 | Жайыт комитетинин эсебинен бузулган жолдорду оңдоо | Августь | Т.Бечелов |
5 | Жайыт пайдалануучулар менен жайыт акы төлөө мөөнөтүн аткаруу | Сентябрь | Жайыт пайдалануучулар |
6 | Жайыт комитетинин иш чараларынын аткарылышы жөнүндө | ноябрь | Т.Бечелов |
7 | Жайыт комитнтинин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо | декабрь | Т.Бечелов |
Жайыт комитетинин төрагасы Т.Бечелов
ЖК Бухгалтери К.Арзыбеков