Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-майы №38-1
Шоро-Башат Жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-чараларын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат Жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-планы бюджетти кирешелер жана чыгашалар сметасы
(1-тиркемеге ылайык) бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин:
2020-жылга пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү: ири мүйүздүү
Мал бир баш үчүн 100(жүз) сом
Жылкы бир баш үчүн 100 (жүз)сом
Кой- эчки бир баш үчүн 20(жыйырма)сом
3. Сырттан келген малдын бир башы үчүн
1.бодо мал-200 сом
2.кой эчки -50 сом
3. жылкы- 300 сом
4. эшек- 150 сом
4.Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы багылып жаткан кой-эчки, кара мал, жылкы жана башка жандыктарга жайыт акы төлөнсүн.
5.Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдетми жүктөлсүн
6. 15-майдан кечиктирилбестен мал, кой жылкылар алыскы жайыттарга көчүрүлсө 1-сентябрга чейин жайлоодон көчүп келүүгө тыйуу салынсын.
Мөөнөтүнөн эрте көчүп келгендерге шартуу малдын башына жараша 500-1000 сомго чейин айып акы төлөнсүн.
7. Жайыт комитетинин өзүнүн менчик авто унасын кызматтык жууштарга пайдаланылгандыгы үчүн бюджетте каралган суммадан күйүүчү майына жана оңдоо түзөө үчүн тетиктерине жумшалсын.
8.Төрт-Көл жайыт комитетинин төрагасы Бечелов Ташболоттун кайрылуусу талкуудан өткөн соң төмөндө көрсөтүлгөн өлчөмдө айып салуу бекитилсин.
-Малдын санын жашырып туура эмес көрсөткөндө учурда 500-1000 сомго чейин төлөнсүн
-Жайыт төлөмдөрү өз учурунда төлөнбөгөнү үчүн 3000-5000 сомго чейин. Төлөө мөөнөттөрү 50%-төлөмү 20-апрелге чейин келишим түзүп төлөнсүн , калган 50% төлөмдү 1-сентябрга чейин төлөнсүн.
- Мыйзамсыз бак дарака зыян келтирилген (суу дарактарды кырканы ) үчүн Кыркылган дарактын диометри он сантиметирге чейин болсо, ар бир даракка 100-500 сом айып салынат. Кыркылган дарактындометри он сантиметирден жогоруку болсо , ар бир дарак үчүн 2000-5000 сомго чейин айып салынат.
Ушул көрсөтүлгөн айыптар;
Жайыт комитетинин мүчөлөрү жана жайыт пайдаланычулардын мүчөлөрүнөн түзүлгөн комиссиясынын актысынын негизинде (айыптар) салынат. Өндүрүлгөн айып акчанын 70% -жайыт комитетинин бюджетине калтырылган. Калган бөлүгү жергиликтүү бюджетке чегирилет.
9. Жайыт ресустарын мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандарга төмөндөгүдөй салык алуу бекитилсин.
1. Жайыттарга мыйзамсыз салып алган турак жайларга ар бир метр Квадратына 150 сомдон төлөнсүн.
2. Жайыт жерин бузуп айдоо аянты катары колдонгон жайыт аянты үчүн ар бир метр квадратына 120 сомдон төлөнсүн.
3. Ар бир бал челеке 100 сомдон төлөнсүн.
4 Бир куб отунга 500 сомдон төлөнсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Көл жайыт
Комитетинин төрагасы Т.Бечеловго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы С. Ахмедов
“Бекитемин”
Төрт-Көл айылдык кеңешинин
04.05.2020-жылдагы №38
токтому менен бекитилген
Төрт-Көл айылдык кеңешинин
төрагасы 04.05.2020-жыл
_____ ________С.Ахмедов
№ | Чыгымдар | саны | Иштеген айы | Баасы | Суммасы |
1 | Төраганн эмгек акысы | 1 | 12 | 7000 | 84 000 |
2 | Бугалтырдын эмгек акысы | 1 | 12 | 6000 | 72 000 |
3 | Жайыт салыгы |
|
|
| 121 000 |
4 | Соц фонд |
|
|
| 26910 |
5 | Конс товар |
|
|
| 2500 |
6 | Асссация чилен взнос |
|
|
| 10 000 |
7 | Түрдүү чыгымдар |
|
|
| 63290 |
| Жалпы |
|
|
| 379700 |
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт
комитетинин төрагасы Т.Бечелов
ЖК.Бухгалтери К.Арзыбеков