Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-сентябры №40-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2020-жылдын 6 айына карата отчету жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 6 айда аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн; 22-главасынын; 117-беренесине негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин жана ФЭБ нүн башчысы Тургунбай уулу Айтибектин алты айда аткарган иштери 1-тиркемеге негиз, «канааттандырарлык» деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кенешинин төрагасы: О.Исаков
Көк-Жар айылдык кеңешинин
6 чакырылышынын кезектеги 40-сессиясынын
№40-1 токтомуна 1-тиркеме
Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 6 айлыгында салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджетинин киреше болугун толтурууда айыл киреше булактарын сметага пландаштырып, бир топ иштер аткарылды. Атап айтсак, 2020-жылдын 6 айлыгына бекитилген бюджети киреше жагы трансферттер менен бирге 13979,0 мин сом болуп, такталган план жыл башындагы калдык менен бирге 17143,8 мин сомду түзүп, аткарылышы 17388,9 мин сомду болуп, 101,4% га аткарылды.
- 2020-жылдын башынан 6 айлыгында киреше салыгы боюнча 3647,2 миң сомго план такталып, 4712,8 миң сомго аткарылып, 129,2% ды түздү.
- Бирдиктүү салык деклорациясы боюнча такталган план 55,8 мин сом болуп, 3,8 мин сомго аткарылып, 6,8 % га аткарылды. Себеби салыктын бул түрү менен эмгектенген ишкерлердин ишмердиги токтоп калды.
- Патент негизинде иш жүргүзгөн ишкерлерден алынуучу милдеттүү патент 58,4 мин сомго такталып, 58,4 мин сомго башкача айтканда 100,0% га аткарылды.
- Ыктыярдуу патент негизинде төлөнүүчү салыктын түрү боюнча план 1112,8 миң сомго такталып, 1112,4 миң сомго аткарылып, 100,0% ды түздү.
- Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча план 193,1 мин сомго такталып, 168,5 мин сомго аткарылып, 87,3%ды түздү.
- Кыймылдуу мүлк салыгы боюнча 808,5 мин сомго план такталып, 837,6 миң сомго план аткарылып, 103,6%ды түзгөн.
- Жер салыктары боюнча план 1441,0 мин сомго такталып, 1890,8 сомго толтурулуп, 449,8 миң сомго ашыкча башкача айтканда 131,2%га ашыкча аткарылды.
- Сатуудан алынуучу салыктан 249,8 миң сом план такталып, 253,9 мин сомго аткарылып, 101,6%ды түздү.
- Роялти салыгынын түрлөрү боюнча жалпысы болуп 241,7 мин сомго план такталып, 94,5 мин сомго аткарылып, 39,1% ды түздү.
- Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы төлөөгө 991,9 мин сомго план такталып, 284,4 мин сомго план аткарылып, 39,1% ды түздү. Себеби быйылкы жылы лицензия үчүн чоң суммада төлөп берчу ишканалардын лицензиялары кайрадан жаңыланып, төлөм суммалары азайып кеткен.
- Калктуу конуштарда жер ижарасы учун 36,0 миң сомго план такталып, ал эми аткарылышы 24,6 миң сомго аткарылган. Бул көрсөткүч пландан 11,4 мин сомго аз аткарылып, 68,3 %ды түздү.
- Жайыттан түшкөн салык эмес жыйым 125,5 миң сомго план такталса, ал эми аткарышы 126,0 миң сомду түзүп 100,4 % ды түздү.
- КБФнын ижара акысына 234,0 мин сом пландаштырылса, 138,7 мин сомго аткарылып, 59,3 % пайызды түздү.
- Муниципиалдык имараттарга төлөнүүчү ижара акысына 54,0 мин сомго план такталса, аткарылышы 13,6 мин сомду түзүп, 25,2 %ды түздү.
- Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык эмес жыйым 370,0 миң сом пландаштырылса, 351,5 мин сомго аткарылып, 95,0 %ды тузду.
- Кызмат корсотуудон тушкон салык эмес жыйым 966,0 мин сом пландаштырылып, 465,3 мин сомго аткарылып, бул көрсөткүч 48,2 %ды тузду.
- Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн төлөмдөрдүн планы 17,3 миң сом болсо, аткарылышы 20,4 миң сомго аткарылып, 117,9 % ды түздү.
№ | Кирешелердин аталышы | Такталган план | Аткарылышы | (+, -) | % | |
1 | Киреше салыгы | 3647,2 | 4712,8 | 1065,6 | 129,2 | |
2 | Бирдиктуу салык деклорациясы | 55,8 | 3,8 | -52 | 6,8 | |
3 | Патент негизиндеги салыктар | 1171,2 | 1170,8 | -0,4 | 100,0 | |
4 | Кыймылсыз мулк салыгы | 193,1 | 168,5 | -24,6 | 87,3 | |
5 | Кыймылдуу мулк салыгы | 808,5 | 837,6 | 29,1 | 103,6 | |
6 | Жер салыгы | 1441 | 1890,8 | 449,8 | 131,2 | |
7 | Сатуудан алынуучу салык | 249,8 | 253,9 | 4,1 | 101,6 | |
8 | Роялти | 241,7 | 94,5 | -147,2 | 39,1 | |
9 | Лицензия кармагандыгы учун салык | 991,9 | 284,4 | -707,5 | 28,7 | |
10 | Калктуу конуштарда ижара акы | 36 | 24,6 | -11,4 | 68,3 | |
11 | Жайыт толому | 125,5 | 126 | 0,5 | 100,4 | |
12 | КБФ толому | 234 | 138,7 | -95,3 | 59,3 | |
13 | Муниципиалдык имаратка ижара акы | 54 | 13,6 | -40,4 | 25,2 | |
14 | Таштанды толому | 370 | 351,5 | -18,5 | 95,0 | |
15 | Атайын каражаттар | 966 | 465,3 | -500,7 | 48,2 | |
16 | Инфратруктураны жакшыртуу учун | 17,3 | 20,4 | 3,1 | 117,9 | |
17 | Чарбалык эмес жерди сатуу |
| 64,6 | 64,6 | ###### | |
Х | Итого | 10603 | 10622 | 18,8 | 100,2 |
Айыл өкмөтүнүн чыгаша жагы жылдын башындагы калган калдык акча менен бирге 17388,9 мин сомго план такталган. Анын ичинен 2019-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен калган калдык акча 3166,0 ал эми атайын каражаттан 226,3 мин сомду түздү.
-Жалпы мамлекеттик кызмат көосөтүүлөр (701) бөлүмүнө 6925,4 мин сом план такталып, 3147,1 мин сомго аткарылып, 45,4% пайызды тузду.
- Граждандык коргонуу (70221) бөлүмүнө 936,2 мин сом план такталып, 666,4 мин сомго аткарылып, 71,1% пайызды тузду.
- Жайыт бөлүмү (70429) бөлүмүнө 6 айга карата 125,5 мин сом акча каражатына план такталып, анын 126,0 мин сом аткарылып, 100,3 %ды түздү.
-Экономикалык маселелер (70491) бөлүмүнө карата такталган план 877,8 мин сомду түзүп, 529,8 мин сомго аткарылып, бул көрсөткүч 60,2%ды түздү.
-Коммуналдык чарба (706) бөлүмүнө 1350,8 мин сом план такталып 248,0 мин сомго аткарылып, 18,3% га барабар болду.
-Жалпы маданият бөлүмү (708) боюнча 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата такталган план 1358,9 мин сомду түзүп, мин сомго, башкача айтканда 458,4 мин сомго аз аткарылып, 33,7 % ды түздү.
-Билим берүү (709) бөлүмүнө болсо 5419,2 мин сомго план такталып, 2138,7 мин сомго аткарылып 39,4% га барабар болду.
- Социалдык коргоо (710) бөлүмүнө 150 мин сом план такталып, 145,4 мин сомго аткарылды. Бул көрсөткүч 96,9% ды түзүп,4,6 мин сомго аз аткарылды.
Жалпысынан статьялар боюнча карап корсок томондогудой болуп чыккан;
№ | Чыгашалар | Такталган план | Аткарылышы | Аткарылышы % |
2111 | Эмгек акы | 2616,2 | 2572,7 | 98,3 |
2121 | Соц.фонд | 385,4 | 386,8 | 100,4 |
2211 | Командир. | 95,3 | 25,2 | 26,4 |
2212 | Байланыш | 185,3 | 18 | 9,7 |
2214 | Транспорт | 65 | 35,7 | 54,9 |
2215 | Башка чыгымдар | 2854,8 | 1657,1 | 58,0 |
2218 | Тамак аш | 400 | 87,2 | 21,8 |
2221 | Ремонт | 466,1 | 0 | 0 |
2222 | Чарба буюмдар | 392,9 | 120,5 | 30,7 |
2231 | Таза сууга | 76000 | 27800 | 36,5 |
2231 | Электр энерг. жана сууга | 1737,8 | 1737,8 | 97,3 |
2721 | Льгота | 150 | 145,4 | 96,9 |
2824 | Резервдик фонд | 83 | 32,8 | 39,5 |
3111 | Курулмалар | 5895,6 | 0 | 0 |
3112 | Эмеректер | 182,8 | 200 | 109,4 |
| Атайын каражат | 966 | 412,8 | 42,7 |
3111 | Атайын каражат | 966 | 412,8 | 42,7 |
| Бардыгы: | 16552,2 | 7459,8 | 45,1 |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: Н. Боронова