Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №1
Ноокат шаарынын 2020-жылдагы 6 айлык жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Ш.Абдивахидовдун билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаарынын 2020-жылдагы 6 айлык жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Ш.Абдивахидовдун билдирүүсү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2020-жылдагы 6 айлык жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Ш.Абдивахидовдун билдирүүсү эске алынсын.(Билдирүү тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин
2020-жылдын 8-сентябрындагы
V чакырылыш №XXXVI сессиясынын
№XXXVI-1 токтомуна №1 тиркеме:
Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдын 6 (алты) айы үчүн бекитилген бюджетинин планынын киреше болугу 32084,1 миң сомду түзөт.
Ал эми 6 (алты) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 32084,1 миң сомду түзду. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 6 (алты) айга такталган планы 30144,1 миң сом болсо, 6 (алты) ай ичинде 22878,5 миң сом же болбосо 9205,6 миң сомго кем аткарылып 75,9 % болду.
1.Атап айтсак, киреше салык планы 12464,1 миң сом болсо, аткарылганы 11918,6 миң сомду тузуп, план 545,5 миң сомго кем, же 95,6 % ке аткарылды.
2.Бирдиктүү салык планы 197,6 миң сом болсо, аткарылганы 142 миң сомду түзүп, план 71,9 % ке, же 55,6 миң сомго кем аткарылды.
3.Патенттен тушкон салык планы 8017,0 миң сом болсо, аткарылганы 4534,9 миң сомду тузуп план 64,6 % ке, же 3482,1 миң сомго кем аткарылды.
4.Кыймылсыз мулк салыгы 774,0 миң сом болсо, аткарылганы 780,3 миң сомду түзүп, план 100,8 % ке, же 6,3 миң сомго коп аткарылды.
5.Транспорт салыгы планы 795,7 миң сом болсо, аткарылганы 469,3 миң сомду түзүп, план 59 % ке, же 326,4 миң сомго аз аткарылды.
6.Жер салыгы план 1393,6 миң сом болсо аткарылганы 1151,8 миң сомду тузуп, план 82,6 % ке аткарылды, же болбосо 241,8 миң сомго аз аткарылды.
7.Сатуудан тушкон салык планы 4982,0 миң сом болсо, аткарылганы 2457,0 миң сомду түзүп, план 61,7 % ке аткарылды, же 2525,0 миң сомго кем аткарылды.
8.Таштанды ташып чыгаруу салык планы 300,0 миң сом болсо, аткарылганы 182,5 миң сомду тузуп, план 60,8 % ке аткарылды, же 117,5 миң сомго аз аткарылды.
9.Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 402,6 миң сом болсо, аткарылганы 88,0 миң сомду түзүп, план 21 % га, же 314,6 миң сомго кем аткарылды.
10.Авто токтоочу жайдан (порковкадан) планы 157,5 миң сом болсо, аткарылганы 32,6 миң сомду түзүп, план 20,7 % ке аткарылды же 124,9 миң сомго аз аткарылды.
11.Акы толонуучу кызматтардан тушуучу акы (Родителский взнос) планы 2600,0 миң сом болсо, аткарылганы 1093,9 миң сомду түзүп, план 42,1% ке, же 1506,1 миң сомго аз аткарылды.
2019-жылдын 6 айына жалпы тушкон киреше 29433,0 миң сом болсо 2020-жылдын 6 айында тушкон жалпы киреше 22878,5 миң сом болду. 2019-жылдын 6 айына салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 6554,5 миң сомго киреше кем түштү.
Чыгаша болугу боюнча айтсам 2020-жылдын 1-январына калган калдык 746,2 миң сом, Кыргыз Республикасынын Окмоту тарабынан 2020 жылдын 6 айына такталган план 32084,1 миң сом, 2020-жылдын 6 айына бекитилген план 30144,1 миң сом болуп, жалпы 6 айда 22878,5 миң сомго факт такталган.
Аткарылганы:
701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 77,4 % ке аткарылды
704 бөлүм Экономикалык маселелер бөлүмү 25 % ке аткарылды
702 болум Озгочо кырдалдар болуму 216,6 % ке аткарылды
706 бөлүм Коммуналдык чарба бөлүмү 67,3 % ке аткарылды
708 бөлүм Маданият тармагы 12 % аткарылды
709 бөлүм Билим берүү тармагы 38,9 % аткарылды
710 бөлүм Социалдык коргоо тармагы 76,6 % аткарылды
Жалпы 59,8 % аткарылды.
Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика
бөлүмүнүн башчысы: М.Ш.Абдивахидов