Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу №1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы кезектеги 26-сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2020-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыкты иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги ХXX – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 1336,0 мин сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 221,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. 2020-жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен чыгашалар боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2020-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: А. Абдикулов
Депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин
(6-чакырылышы) кезектеги XXX сессиясынын
№1 токтомуна №1 тиркеме
(мин сом)
№ | Чыгашалардын аталышы | Сумма |
1 | Мектеп жана бала бакчаларга таза суу үчүн | 60,0 |
2 | Аймактык тескөөчүлөрдүн формасына | 30,0 |
3 | Оорукананын трансформаторунун ремонтуна | 35,0 |
4 | Жаны курулуп жаткан оорукананын эшик терезелерине | 300,0 |
5 | Айыл өкмөтүнүн архитектуралык иш кагаздарына | 42,3 |
6 | 2019-жылда мектептерге алынган спорт шаймандарына | 18,0 |
7 | Ар кандай чыгымдарга | 19,3 |
8 | Китепкана кызматкеринин эмгек акысына жана социалдык фондуна | 36,6 |
9 | Туулгандыгы, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо жана нике күбөлүктөрүн печаттап чыгаруучу принтер аппаратына | 85,0 |
10 | Ынтымак айылдык кенешинин жооптуу катчысынын эмгек акысына | 79,8 |
11 | Бүчүргүл балдар бакчасынын кантейнеринин үстүн жабуу | 17,0 |
12 | Мектеп жана бала бакчалардын гидросистемаларын жана электро жабдыктарын лабораториядан өткөрүү үчүн | 60,0 |
13 | Жарандык коргонууга | 553,0 |
| Бюджеттик эсептеги чыгашалар жыйынтыгы:
| 1336,0 |
1 | Атайын каражат эсебине | 17,7 |
2 | ГОКЗ (депозит) | 7,5 |
3 | ПРООН | 195,9 |
| Жалпы чыгашалар жыйынтыгы:
| 221,1 |
Жооптуу катчы: Г. Балтабаева