Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу № 39-1
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна Коронавирус илдетине байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Коронавируска каршы туруу боюнча райондук штабдын отурумундарынын протоколдорун, Ноокат аймактык ооруканасынын директорунун 2020-жылдын 2-июлундагы №126/3 сандуу сураныч катын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна төмөнөкү тизмеге жана 1-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
· Көк-Жар айыл аймагындагы обсервацияга алынуучу имараттардын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары үчүн жалпысы болуп 366 200 (үч жүз алтымыш алты миң эки жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.
· Жарандык коргонуу кызматтарына 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
· Обсервация үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. 2020-жылдын 6 айына карата 1-тиркемеге негиз Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: Н.Туманов.
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын
Кезексиз 39-сессиясынын №39-1 токтомуна
№1-тиркеме
Бөлүм | Берене | 1-кв. | 1-кв. | 2-кв. | 2-кв |
| |
70111 | 31113290 | -500,0 |
| -286,2 |
| -786,2 | |
70491 | 31112390 |
| +41,1 |
|
| +41,1 | |
70823 | 31112390 |
| +24,6 |
|
| +24,6 | |
70921 | 31112390 |
| +50,5 |
|
| +50,5 | |
70921 | 31123210 |
| +133,8 |
| +286,2 | +420,0 | |
702 | 22154900 |
| +250,0 |
|
| +250,0 | |
Х | -500,0 | +500,0 | -286,2 | +286,2 | 0 |
Төрага | Н.Туманов |