Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2025-жылдын 27-мартындагы ПЖ № 105 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-ноябры ПЖ № 506              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ                   Кыргыз Республикасынын Экологиялык                     коопсуздук концепциясы жөнүндө      Курчап турган  чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал-дуу пайдалануу жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары  боюнчанатыйжалуу ишти камсыз кылуу,  туруктуу адамды өнүктүрүүгө жетишүү мак-сатында токтом кылам:     1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы №469 токтому менен жактырылган,  тиркелген Кыргыз Республикасынын Эколо-гиялык коопсуздук концепциясы бекитилсин.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын  Экология-лык  коопсуздук  концепциясынын жоболоруна ылайык 2008-жылдын 1-мартыначейин  өлкөнүн  экологиялык  коопсуздугун  камсыз  кылууга  багытталганиш-чаралардын комплексин иштеп чыксын жана кабыл алсын.     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган  чөйрөнүкоргоо  жана  токой  чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине мамлекеттикбийлик органдарын координациялоо жана өзара аракетте болуу боюнча  жанатолук  көлөмдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде баш-каруунун иш милдеттерин камсыз кылуу бекитилсин.     4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Коопсуздук кењешинин аппаратына жүктөлсүн.     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев