КР Президентинин 2025-жылдын 27-мартындагы ПЖ
№ 105 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун КОНЦЕПЦИЯСЫ Жаратылыш жана анын компоненттери Кыргыз Республикасынын улуттукбайлыгы, анын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фак-торлорунун бири. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негиздериКыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин 1997-жылдын 4-августундагычечими менен жактырылган Экологиялык коопсуздук концепциясында түптө-лүп, анда өткөөл мезгилдин экологиялык приоритеттери, атап айтканда жа-ратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнү мамлекеттик контролдоо-нун жана экспертизалоонун, экономиканы экологиялаштыруунун, мониторинг-дөөнүн системасын түзүү маселелери аныкталган. Ал Концепция кабыл алынган убактан бери Кыргыз Республикасындакоомдук өнүгүүдө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Мамлекетти өнүктүрүүнүнстратегиялык документтери иштелип чыгып, жаратылышты коргоо мыйзамдары-нын негизи түзүлдү, айлана-чөйрөнү коргоо маселеси боюнча бир катар жа-њы эл аралык макулдашууларга кол коюлду, жаратылышты коргоо ишин башка-руунун системасы түзүлдү. Өнүгүүнүн комплекстүү негизи, Кыргыз Республикасынын2003-2005-жылдарга карата Кедейчиликти кыскартуунун улуттук стратегиясы(ӨКН/НССБ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адамзаттык туруктуу өнүгүү-нү, жакырчылыкты жоюуну камсыздоочу, ошондой эле өлкөдө азык-түлүккөмуктаждыкты болтурбоочу активдүү экономикалык, социалдык жана саясыйреформаларын жүргүзүү боюнча орто мөөнөттүк программасы катары кабылалынган. 1998-2000-жылдарга карата Жаратылышты коргоо ишин чыњдоо жанаөнүктүрүү концепциясы бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1998-жылдын 4-июлундагы N 416 токтому), анда айлана-чөйрөнү коргоо тар-магындагы иштин негизги багыттары аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (1999-ж.), Кыргыз Республикасы-нын Токой кодекси (1999-ж.), Кыргыз Республикасынын Суу кодекси(2005-ж.), Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" (1997-ж.),"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" (1999-ж.), "Атмосфералык абаны коргоожөнүндө" (1999-ж.), "Экологиялык экспертиза жөнүндө" (1999-ж.), "КыргызРеспубликасынын биосфералык аймактары жөнүндө" (1999-ж..), "Жаныбарлардүйнөсү жөнүндө" (1999-ж.), "Кыргыз Республикасынын калкынын радиация-лык коопсуздугу жөнүндө" (1999-ж.), "Ичүүчү суу жөнүндө" (1999-ж.),"Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары жөнүндө" (2001-ж.), "Калдыксактагычтар жана кен калдыктары жөнүндө" (2001-ж.), "Өсүмдүктөр дүйнө-сүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" (2001-ж.), "Кыргыз Республикасынынтоолуу аймактары жөнүндө" (2003-ж.), "Озон катмарын коргоо жөнүндө"(2006-ж.), "Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамле-кеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" (2007-ж.) сыяктуу экологиялыкбагыттагы мыйзамдар кабыл алынды. Республиканын Туруктуу өнүгүү боюнча Дүйнөлүк Саммитке (Йоханнес-бург, 2002-ж.) катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейинтуруктуу өнүктүрүүгө өтүү Концепциясы, Кыргыз Республикасын туруктууөнүктүрүүгө илгерилетүүнүн натыйжаларына баа берүү жана 21-кылымга ка-рата күн тартиби даярдалган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жыл-дын 2-августундагы N 441-б буйругу менен жактырылган). Туруктуу өнүгүүнүн жалпы кабыл алынган принциптерине ылайык токойтармагынын сакталышын жана калыбына келтирилишин камсыздоо багытындаКыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинкимезгилге карата концепциясы, 2005-2015-жылдарга карата Улуттук токойпрограммасы кабыл алынды. Экологиялык коопсуздук концепциясы кабыл алынган учурдан тартыпКыргыз Республикасы 11 эл аралык жаратылышты коргоо конвенциясына жанааларга карата 3 протоколго кошулду, алар боюнча милдеттенмелерди атка-руу айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тар-магындагы улуттук мыйзамдарды жана жалпы эле саясатты кайра карап чыгу-уну шарттайт. Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү принциптерин колдойт жана Мињжылдыктын саммитинде БУУга мүчө бардык мамлекеттер сыяктуу эле өзүнүнМињ жылдыктын Өнүктүрүү Максаттарына жетүүнү жактаарын ырастады, булайлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы саясатты кайра кароо зарылдыгын шар-ттайт. Приоритеттердин бири өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоо болуугатийиш. Өлкөнүн ресурстук потенциалын, өнүгүүнүн экономикалык жана соци-алдык жактарын эске алуу менен стратегиялык пландоодо жањыча мамиле кы-луу зарыл. Жаратылыштык ресурстарды азыркы муундун эле эмес, келечекмуундардын да кызыкчылыктарын эске алып туруктуу пайдалануу Кыргыз Рес-публикасы үчүн приоритет болууга тийиш жана программалык стратегиялыкдокументтерде тийиштүү түрдө чагылдырылууга тийиш. Экологиялык коопсуздук өлкөнүн улуттук коопсуздугунун курамдык бө-лүгү катары туруктуу өнүгүүнүн милдеттүү шарты жана жаратылыштык систе-маларды коруунун жана айлана-чөйрөнүн тийиштүү сапатын сактоонун негизиболот. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жыл-дын 16-майындагы N 249 Жарлыгы менен бекитилген Өлкөнү Өнүктүрүүнүн2010-жылга чейинки мезгилге карата Стратегиясында экологиялык коопсуз-дук маселеси өнүгүүнүн приоритеттерине киргизилген. Улуттук экономиканын бардык тармактарын реформалоо республиканынбардык экосистемаларынын туруктуу абалын эске алуу менен жаратылыштыкресурстарды пайдаланууга карата мамилени өзгөртүүгө негиз болууга ти-йиш. Ушуга байланыштуу республиканын Экологиялык коопсуздугунун концеп-циясынын жањы редакциясы туруктуу өнүгүүнүн контекстинде иштелип чык-кан. Бул Концепция республиканын экологиялык коопсуздугун камсыздоонунжоболорун этаптуу ишке ашырууну көздөйт. биринчи этап (2006-2010-жылдар) - экосистемалардын потенциалдуусыйымдуулугун эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү; экинчи этап (2010-2015-жылдар) - айлана-чөйрөнүн булганышынындењгээлин азайтуу, табигый чөйрөнү сактоо жана калыбына келтирүү; үчүнчү этап (2015-2020-жылдар) - айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртуужана жаратылышты туруктуу пайдаланууга жетишүү. 2. Экологиялык коопсуздукту камсыздоонун принциптери Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тар-магындагы мамлекеттик саясат төмөнкүдөй негизги принциптерге таянат: - өнүгүүнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык бөлүктөрүнөбирдей көњүл бурууну көздөгөн туруктуу өнүгүү жана жаратылыш бузулганшартта адамзат коомунун өнүгүүсү мүмкүн эместигин моюнга алуу; - экономикалык өсүштө экологиялык кесепеттерди азайтуу; - чарбалык иштин натыйжасында элдин саламаттыгына тийүүчү экологи-ялык кесепеттерди болтурбоо, мүмкүн болуучу экологиялык кесепеттердиэске алуу; - эгер айлана-чөйрөгө тийүүчү таасири белгисиз болсо табигый сис-темаларга таасир этүүгө байланыштуу чарбалык жана башка долбоорлордонбаш тартуу; - жаратылышты акы төлөнүүчү негизде пайдалануу жана айлана-чөйрөнүкоргоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыктын натыйжасында айлана-чөйрөгөкелүүчү зыяндын ордун толтуруу; - экологиялык маалыматтардын жеткиликтүүлүгү; - жарандык коомдун, өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкерчөйрөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдала-нуу тармагындагы чечимдерди даярдоого, талкуулоого, кабыл алууга жанаишке ашырууга активдүү катышуусу. 3. Экологиялык коопсуздуктун проблемалары Адамзаттык/туруктуу өнүгүүгө жана республикадагы калктын коопсуз-дугуна коркунуч келтирген негизги экологиялык проблемалар глобалдык,региондук жана улуттук болуп бөлүнөт. 3.1. Глобалдык проблемалар Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүнүн, айлана-чөйрөнү коргоонунпринциптерин колдоо өтө маанилүүлүгүн түшүнүп, дүйнөлүк шериктештиктинглобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча иштерине, аныничинде мамлекеттердин климаттын өзгөрүшүнүн, озон катмарынын бузулушу-нун кесепеттерин жумшартууга, биологиялык түрлөрдү сактоого, жерлердинчелге айлануусун жана бузулушун болтурбоого багытталган күч-аракеттердибириктирүү процессине барган сайын активдүү катышууда. 3.1.1. Климаттын глобалдык өзгөрүшү "Парник эффектинен" улам климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк масштабдагыпроблема болуп жана айлана-чөйрөнү абалына олуттуу потенциалдуу корку-нуч келтирип жатат. БУУнун Климатты өзгөртүү боюнча алкактык конвенциясына (РКИК) Кыр-гыз Республикасынын кошулушу (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-ян-варындагы N 11 Мыйзамы) көбүнчө Кыргыз Республикасы Конвенция боюнчамилдеттенмелерди улуттук кызыкчылыктарга кандайдыр бир зыянсыз жанаөлкөнүн экономикасы үчүн тобокелсиз аткара алаары менен шартталган,анткени анда экономикалык иштин же өндүрүштүн конкреттүү түрлөрүнө кан-дайдыр конкреттүү чектөө коюлган эмес. РКИКке карата Киото протоколун ратификациялоо (Кыргыз Республика-сынын 2003-жылдын 15-январындагы N 9 Мыйзамы) Кыргыз Республикасына ин-вестициялардын ички жана тышкы булактарынын олуттуу ресурстарын тартууменен калдыктарды чыгарууну азайтууга жана парник газдардын агымынкөбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга өбөлгө түзөт. Бул процесске катышуудан алынчу пайдалар көрүнөө: бардык булгоочузаттарды чыгарууну азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжасында жалпы эко-логиялык абал жакшыртылат жана энергияны пайдаланууну модернизациялоожана майнаптуулугун арттыруу үчүн керектүү кошумча каражаттар тартылат. Кыргыз Республикасы БУУнун Климатты өзгөртүү боюнча алкактык кон-венциясы боюнча милдеттенмелерине жооп катары Биринчи улуттук билдирүүдаярдады. Азыркы учурда Экинчи билдирүү даярдалып жатат. "Парник газда-рынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жанасаясат жөнүндө" Мыйзам кабыл алынды. Негизги парник газдардын (көмүр кычкыл газ) СО2 - эмиссиясынынжалпы структурасын секторлор боюнча талдоодо чыгаруулардын 2/3си рес-публиканын энергетика секторунан чыгаары жана аба бассейнин булганышынаандан кем эмес коркунуч автомобиль транспортунан болуп жатканы көрүндү. Энергетика секторунун керектөөлөрү көбөйөт жана жакынкы жана ортомөөнөттөгү мезгилде - көмүр казууну жана жагууну көбөйтүүнүн эсебинен,ал эми алыскы келечекте - гидроэлектр чыгаруучу кубаттуулуктарды көбөй-түүнүн эсебинен жабылат. Кийинки жылдарда энергетиканын өнүгүүсү 92%инечейин гидроэлектр станциялар чыгаруучу электр энергиясынын үлүшү көбөй-үшү жана жылуулук электр станциялар чыгаруучу электр энергиясынын үлүшүазайышы менен коштолду. Ошондой болсо да, жагылчу углеводороддордун са-ны абсолюттук маанисинде экология үчүн болуучу натыйжалары менен көбөй-үшү мүмкүн. Мындай жагымсыз тенденциялардын шартында экологиялык жактан кооп-суз, углеводороддорго көз карандылыктан чыгууга мүмкүндүк берүүчү аль-тернативдүү технологияларды киргизүүгө, углеводород отун менен иштөөчүтехниканы/технологияларды колдонуу үчүн стандарттардын катуу системасынкиргизүүгө өзгөчө көњүл буруу зарыл. Климатты өзгөртүүчү факторлорго энергетика сектору менен катар то-кой сектору да орчундуу таасир этет. Токой экосистемалары салыштырмалуужай өскөндүгү жана биосинтездин коштонду продуктуларынын кычкылдануусужай экендиги менен атмосферадагы көмүртекти жутуп эле албастан, аны кы-юучу учуру жеткенге чейин 80-120 жыл чейин кармап турууга жарамдуу.Ошондуктан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин болтурбоо боюнча улуттуксаясатта токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана токойлорду реконс-трукциялоо боюнча долбоорлор жана программалар алдыњкы орундардын би-ринде болуп жана төмөнкүдөй багыттарда болууга тийиш: - кыюулардын ар кандай түрлөрүндө ал жумуштардын жүргүзүлүшүндөжыгачтын коромжулугун орчундуу азайтуучу заманбап жањы технологиялардыколдонуу; - токойду калыбына келтирүүдө жана токой тигүүдө өз уругунан өсүпчыгууну сактоо үчүн механикалаштыруунун дењгээл жогорулатуу; - токойду өнөр жайлык өстүрүү жана токой өсүмдүктөрүн түзүүнүн жа-њы технологиясын киргизүү. Мөњгүлөрдү сактоо маанилүү проблема. Кийинки жылдарда мөњгүлөрдүнкөлөмү азайып жатышы климаттын терс жана кандай болоору белгисиз өзгө-рүүлөрүнө алып келиши мүмкүн. Мөњгүлөрдүн эришин болтурбоо боюнча чара-лардын атайын программасы зарыл. 3.1.2. Озон катмарынын бузулушу Жердин озон катмарынын бузулушу адамдын, жаныбарлардын, өсүмдүк-төрдүн жана микроорганизмдердин ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунучэкенин моюнга алып, Кыргыз Республикасы 2000-жылы Вена конвенциясынажана Монреаль протоколуна кошулган. Стратосфералык озон катмарын коргоо жана озон катмарынын бузулушунболтурбоо, калктын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгын жагымсыз таасир-лерден сактоо максатында аны калыбына келтирүү тармагындагы мамлекеттиксаясатты аныктоо жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн "Озонкатмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Мамлекеттик органдардын озон катмарын коргоо тармагындагы ишмерди-ги чарбалык жана башка иштердин/процесстердин таасиринен озон катмары-нын өзгөрүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө, эсепке алууга жана контролдоого,озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды топтоого жанаэсепке алууга, аларды пайдалануунун тартибин аныктоого, өндүрүштө жанатиричиликте озонду бузуучу химиялык заттарды жөнгө салууга багытталган.Республикада 2002-жылы Озон борбору түзүлгөн. Адистердин байкоолоруна караганда республиканын үстүндөгү озонкатмарынын калыњдыгы 15-50 км олку-солку болуп турат. Жүргүзүлгөн ана-лизде Кыргыз Республикасы Монреаль протоколу менен контролдонуучу эчкандай озонду бузуучу заттарды (ОБЗ), ОБЗ камтыган жабдууларды жана то-варларды жасаган эместиги жана жасабастыгы, бирок аларды таза түрүндөда, нерселер менен да алып келээри көрүндү. Бардык ОБЗларды жалпы ке-ректөө 2000-жылы 79,45 метрдик тонна болгон, ал эми озонду бузуу жөн-дөмдүүлүгүн (ОБЖ) эске алганда - 67,49 тонна болгон. Республиканын ысык климатынын шартында озонду бузуучу заттардыннегизги массасы (ОБЗ жалпы керектөөнүн 79,43%и) тамак сактоо жана өнөржайлык муздатуу үчүн пайдаланылчу муздатуучу түзүлүштөрдү тейлөөдө ке-ректелет. Айыл чарбасында - сүт продукцияны муздатууга жана мамлекеттикзапастагы эгинди иштетүүгө (ОБЗ жалпы керектөөнүн 20,45%и) пайдаланы-лат. ОБЗ керектөөнү азайтуу боюнча чаралар төмөнкүдөй багытталган: - болгон ОБЗлардын чыгып кетүүсүн жана коромжулугун болтурбоо үчүнчарбаны туура жүргүзүү; - жабдууну ремонттош үчүн ажыраткандан кийин адегенде каралганмуздатуучу затты алып чыгуу жана кайрадан пайдалануу; - болгон жабдууларды ОБЖ төмөн жана нөлгө барабар ОБЗ пайдалануугакоторуу; - ОБЖ нөлгө барабар химиялык заттарды пайдалануучу жабдуулардыколдонуу. 3.1.3. Чөлгө айлануу Чөл басуу уланып жатканы жана ага байланышкан ар түрдүү проблема-лар республикабыз үчүн реалдуу ички коркунуч жаратып жатат, ал булгоочузаттар алыскы аралыктарга өтүшү менен трансчегаралык коркунучка айланы-шы мүмкүн. Кыргыз Республикасы Чөлгө айланууга каршы конвенцияга (ЧАКК)1997-жылдын декабрында кошулуп, жана аны 1999-жылы ратификациялаган.ЧАКК кургак жана суу менен аз камсыздалган жарым чөл жана чөл зоналардакургакчылыкка каршы күрөшүүгө арналган жана калктын жардылыгы мененжерлердин бузулушунун тике байланыштуулугун, ошондой эле чел басуугакаршы күрөштө турмуштук маанилүү нерсе катары жакырчылыкты азайтуу за-рылдыгын моюнга алат. Айыл чарба жерлеринин аянты 10647,4 мињ га түзөт. Мамлекеттик то-кой фондунун жерлери жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын(ӨКЖА) жерлери 3132,7 мињ, га аянтта. Жер реформасын жүргүзүү баштал-гандан бери жер фондун жерлердин категориялары боюнча пайдаланууда ор-чундуу өзгөрүштөр болду. Атап айтканда: - башка категорияларга которуунун себебинен айыл чарбалык арналыш-тагы жерлердин аянты азайды; - калктуу конуштардын жерлеринин аянты орчундуу көбөйдү; - пайдаланылбаган, негизинен алыскы жайыттардын жерлерин өткөрүпберүүнүн эсебинен запастагы жерлердин аянты көбөйдү (мында алар айылчарбалык жерлер болуп кала берет); - айыл чарбалык ишканалардын узак мөөнөткө пайдалануусунда турган-дардын эсебинен мамлекеттик токой фондунун жерлери көбөйдү. Жерлердин жогоруда аталган категорияларынын ичинен биздин респуб-ликада ЧАККты аткаруучу аймактар болуп айыл чарбалык жерлер мамлекеттиктокой фондунун жерлери эсептелет. Ал жерлер ашыкча эксплуатациялоогожана антропогендик таасирге дуушарланган жана бул алардын деградацияпроцесстеринин өсүшүндө, биологиялык жана экономикалык күрдүүлүктөрүнүназайышында көрүнүп жатат. Жерлердин биологиялык күрдүүлүктөрүн токойлордун кыйылышы, жерлер-дин сазга айлануусу, туздануусу, шор басуусу жана эрозиясы катуу азай-тат. Жагымсыз социалдык-экономикалык факторлор менен бириккенде булпродукциянын бирдигин алууда чыгымдардын көбөйүшүнө жана жерлердин эко-номикалык күрдүүлүгү анчейин болушуна алып келет. 2006-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жер ресурстар-ды туруктуу башкаруу боюнча Улуттук Алкактык Программаны кабыл алган,ал республикада жерлердин чөлгө айлануусун болтурбоого жана азайтуугабагытталган. Чөлгө айланууну азайтуу боюнча чаралар: - жер ресурстарды комплекстүү пландоону жана башкарууну киргизүүүчүн потенциал түзүү; - кайрак жана сугат жерлерде туруктуу айыл чарба жүргүзүү; - токой ресурстарды туруктуу башкаруу; - жайыттарды туруктуу башкаруу жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү; - суу жана жер ресурстарды туруктуу башкаруу. 3.1.4. Биологиялык түрлөр Табигый экосистемалар - кайсы өлкөнүн болсо да жаныбарлар жанаөсүмдүктөр дүйнөсүн калыбына келтирүүнүн жана сактоонун негизи. Өсүм-дүктөрдүн жана жаныбарлардын жок болуу коркунучунда турган айрым түрлө-рүн эмес, жалпы эле экосистеманы коруу керек. Кыргызстан биологиялык түрлөрүнүн көрсөткүчү боюнча өсүмдүктөрдүнжана жаныбарлардын түрлөрү көп топтолгондугу, ошондой эле табигый ланд-шафттардын жана экосистемалардын сакталгандыгы менен өзгөчөлөнүп, дүй-нөдө байкаларлык орунда турат. Бардыгы болуп экосистемалардын 26 клас-сын жана тоолуу жана түздүктүү ландшафттардын 160 түрүн бөлүп көрсөтүү-гө болот. Аларда тирүү организмдердин 50 мињден ашык түрү бар. КыргызРеспубликасы планетада 200 приоритеттүү экологиялык региондордун ката-рына кирет. Бул жерде дүйнөлүк флоранын түрлөрүнүн 2%и өсөт жана дүйнө-лүк фаунанын түрлөрүнүн 3%тен ашыгы жашайт. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбар-лардын түрлөрүнүн бөлүгү энедмиктерге кирет жана башка эч жерде жолук-пайт. Биологиялык түрлөрдүн абалына таасир этүүчү жаратылыштык фактор-лордон республиканын климатынын аридизациясы (кургашы) уланып жатканынжана климаттын өзгөрүүсүн бөлүп көрсөтүүгө болот. Эки фактор тењ биоло-гиялык жамаатты катаал шартта жашоого дуушарлантууда. Аймактын орчундуубөлүгү жылдын дээрлик жарымы бою кар астында жатат. Аридизация өсүмдүк-төр катмарынын күрдүүлүгү - жашоонун жањырышынын негизи азайышына алыпкелет. Ареалдардын майдаланышы жана азайышы, түрлөрдүн саны жана төлдө-шү азайып баратат. Алардын көпчүлүгү өлүп жок болуунун кырында турат.Жапайы анар, жолборс, кызыл карышкыр, кундуз сыяктуу өсүмдүктөрдүн жанажаныбарлардын бир нече түрү жок болду. Кыргыз Республикасынын Кызыл Ки-тебине (1986) өсүмдүктөрдүн 65, курт-кумурскалардын 18, балыктын 3,сойлоочулардын 3, куштардын 33, сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү киргизилген. Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине киргизилген жаныбарлардынсаны 2003-жылдын башына карата: Тянь-Шань аркары - 2433, марал - 294,илбирс - 469, сүлөөсүн - 1217, аюу - 386 жана мадыл - 204 баш. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебинин жањы редакци-ясы чыгарууга даярдалып жатат, анын жањыртылган тизмесине өсүмдүктөрдүн95, сүт эмүүчүлөрдүн 26, куштардын 53, амфибиялардын жана рептилиялар-дын 10, балыктын 7 жана курт-кумурскалардын 18 түрү киргизилген. Азыркы учурда ӨКЖАнын жалпы аймагы 447,8 мињ га түзөт. Табигый би-отаны - айлана-чөйрөнү жашыртуучу башкы компонентти көбөйтүү үчүн ӨКЖА-ны (мамлекеттик коруктар, мамлекеттик жаратылыштык парктар, заказниктерж.б.) көбөйтүү процессин ылдамдатуу зарыл. Өлкөнүн бардык социалдык-экономикалык секторлору биологиялык түр-лөрдүн абалына түз же кыйыр көз каранды болот. Баарыдан мурда ал элдинден соолугунун өбөлгөсү болгон айлана-чөйрөнүн нормалдуу санитардык-ги-гиеналык абалын камсыздайт. Айыл чарба секторунда өзүнүн өсүмдүктөрүнүналгачкы түрлөрүнүн тобу сакталып калган жайыттар тоюттук жактан кыйлабаалуу. Талаачылыкта, багбандыкта жана токой чарбасында зыянкечтергекаршы күрөштүн кыйла туруктуу жана коопсуз чаралары алардын санын чек-төөчү табигый түрлөрдү пайдаланууга байланыштуу. Ањчылык жана балыкчарбалардын ийгиликтүүлүгү аларды алуучу объектилердин бакыбаттыгынатике байланыштуу. Жапайы дары өсүмдүктөрдү пайдаланган фармакология жө-нүндө деле ушуну айтууга болот. Республикада биологиялык түрлөрдүн абалы жөнүндө илимий маалыматжетишпейт. Омурткасыздар, төмөнкү өсүмдүктөр, Түштүк Кыргызстандын, ич-ки Тянь-Шандын фаунасы жана флорасы жөнүндө маалыматтар жетишсиз. Түр-лөрдүн жана жамааттардын топторуна мониторинг жок. Жандуу жаратылыштынкадастрларынын илимий негиздери түзүлбөгөн жана кадастрлардын өздөрүжүргүзүлбөйт. Азыркы учурда сүт эмүүчүлөрдүн көптөгөн түрлөрү - Орто Азия кунду-зу, жейрен, тоодак, мүрзөчү бүркүт дээрлик катталбайт. Жалтырак манда-лак, Островский мандалагы ж.б. жок болуу коркунучунда. Кыргыз Республикасы 1996-жылы Биологиялык түрлөрдү сактоо жөнүндөконвенцияга кошулган, Республикадагы биологиялык түрлөрдү сактоо боюнчастратегия жана Иш-аракеттер планы иштелип чыккан. Кийинки кезде генетикалык жактан өзгөргөн организмдердин жана про-дуктулардын таралышы бүткүл шериктештикке реалдуу коркунуч келтирипжатканын эске алып, Кыргыз Республикасы 2005-жылы Биологиялык коопсуз-дук боюнча Картахен протоколуна кошулган. Бул Протоколго кол коюу Кыр-гыз Республикасына генетикалык өзгөргөн организмдердин жана продукту-лардын трансчегаралык өткөрүлүшүнө байланыштуу ишмердикти жүргүзүүгө;алардын өлкөгө алынып келишин болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө; эларалык тыгыз кызматташтыкты, аныны ичинде изилдөөлөр жана илимий-техни-калык иштеп чыгуулар ишинде кызматташтыкты камсыздоого, ошондой эле би-отехнологиялар тармагында маалыматтарды алмашууга мүмкүндүк берет. Агабайланыштуу азыркы учурда "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын долбоору толуктап иштелип жатат. Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча зарыл чаралар: - уюшулган эс алууну камсыздоо жана жаратылышты уюшпаган турист-терден коргоо үчүн ӨКЖАларды, артыкчылыктуу түрдө республиканын чоњшаарларынын жанында улуттук парктарды түзүү менен ӨКЖАлардын аянтынжалпы аянттын 10%ине чейин жеткирүү; - талаа, жарым чөл жана чөл системаларда Кыргыз РеспубликасынынКызыл Китебине киргизилген түрлөрдүн 60-65%ин коргоону камсыздоочу аркыл категориялардагы жана ар кыл дењгээлдердеги ӨКЖАларды камтыган эко-логиялык тармакты түзүү; - экологиялык туризмди өнүктүрүүнү жана жергиликтүү жамааттардынкатышуусун эске алуу менен Биологиялык түрлөрдү сактоонун улуттук стра-тегиясын иштеп чыгуу; - жаратылышты коргоочу мыйзамдарды табигый экосистемаларды сактоожана коргоо жагында өркүндөтүү; - жерлердин жана суулардын бардык категорияларында биологиялыктүрлөрдүн негизги компоненттеринин абалын аныктоо үчүн менчигинин фор-масына карабастан милдеттүү документтүү эсепке алууну киргизүү; - биологиялык түрлөрдүн объектилерин баалоо жана инвентаризация-лоо. 3.2. Региондук проблемалар Кыргызстан бардык тарабынан кургак жер менен курчалган жана Кытай,Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан менен чектешет. Жаратылыштык ресурстарчектелүү, бирок тоолордогу мөњгүлөр суунун - экономикалык маанилүү ре-сурстун чоњ потенциалдык запасы бар экени менен мүнөздөлөт. Айлана-чөйрөгө антропогендик күч келүүнүн жогорулугу, алыскы рай-ондордо локалдуу экосистемалардын морттугу, калк жыш болгон шартта инф-раструктуранын начардыгы, жакырчылык жана этностук талаштар - ушулардынбаары чыњалуунун жана жањжалдардын потенциалдуу булагы жана региондогутынчтыкка коркунучтар. Кыргыз Республикасында суунун запасы - Борбордук Азиянын башка ре-гиондорунда чектелүү болгон ресурстун көп экендиги бул ресурсту сактоожана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын шарттайт. Уран, оор металлдарды жана сымап алуу, мурдагы кен иштетүүдөн кал-ган калдыктардын топтолушу ичүүчү суунун жана кыртыштын айдалуучу кат-марынын булганышынын эсебинен айлана-чөйрөнүн булганышына шарт түздүжана адамдардын ден соолугуна потенциалдуу коркунуч жаратты. Бул корку-нучтар Кыргыз Республикасы региондун жогору жагында жайгашканы жанабулгоочу заттар анын аймагынан көптөгөн өзөн-суулар аркылуу БорбордукАзиянын башка райондоруна барышы мүмкүн экендиги менен оорлошот. Майлуу-Суу шаары дүйнөдө экологиялык жактан абдан булганган оншаардын катарына кирет, анын айланасында калдык сакталган 13 объект жа-на уран кендерин иштетүүдөн калган калдыктар сакталган 23 кампа бар.Бул аймак калктуу конуштарга, табигый газдын жана нефтинин жер астында-гы запастарына жакын болгондуктан жана жер титирөө жана жер көчкү сыяк-туу табигый кырсыктардын ар кандай түрлөрүнүн болуу мүмкүндүгү жогоруболгондуктан өзгөчө коркунучтуу. Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүшү, ошондой эле региондукжана улуттук коопсуздук табигый экосистемалар сакталган жана айла-на-чөйрөнүн тийиштүү сапаты сакталган шартта гана камсыздалышы мүмкүн.Бул үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыштык ресурстарды сарамжал-дуу пайдалануу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруужана ырааттуу ишке ашыруу зарыл. Табигый системаларды сактоо жана калы-бына келтирүү Борбордук Азия мамлекеттеринин Туруктуу Өнүгүү боюнчаМамлекеттер аралык комиссиясынын жана Мамлекеттер аралык КоординациялыкСуу чарба Комиссиясынын алкагындагы иштеринин приоритеттүү багыттарынынбири болууга тийиш. Региондук саясаттын зарыл чаралары: - трансчегаралык экологиялык проблемалардын реестрин түзүү; - трансчегаралык проблемалар боюнча эртелеп кабарлоонун жана мони-торинг системаларынын көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу; - чегара жанындагы объектилердин айлана-чөйрөгө таасир этүүсүн ба-алоо; - айлана-чөйрөнүн сапатынын нормативдерин жана стандарттарын жа-кындаштыруу; - трансчегаралык дарыялардын абалына мониторинг жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын суу стратегиясын иштеп чыгуу. 3.3. Улуттук проблемалар 21-кылымда экологиялык коопсуздукту коомдук жетишкендиктин сапат-тык жањы элементи катары камсыздоо дүйнөлүк шериктештиктин приоритет-түү, турмуштук маанилүү милдети болду. 3.3.1. Атмосферанын булганышы Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны булгоонун негизги булак-тары болуп энергетика, курулуш материалдар, коммуналдык чарба, кен иш-тетүү жана кайра иштетүү тармактарынын ишканалары, жеке менчик үйлөржана автотранспорт эсептелет. Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгышы негизинен айлана-чөй-рөгө кыйла таасир этүүчү тармактардын экономикалык абалына, шаарлардынкоммуналдык чарбаларынын абалына жараша болот. Мындан тышкары, КыргызРеспубликасында табигый газдын запасынын жоктугу жеке менчик үйлөрдүнкөпчүлүгүн калориясы аз жана күлү көп катуу отунду пайдаланууга кайрабарууга мажбурлады. Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплекси көмүр жана нефтиказуунун жана иштетүүнүн чектелүү көлөмү, гидроэлектр станциялардаэлектр энергиясынын көбүрөөк чыгарылышы жана жылуулук электр станция-ларда табигый газды көбүрөөк үлүштө пайдалануу менен мүнөздөлгөн струк-турасы электр энергетикасынын айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин кармапкелди. Акыркы 5 жылда ТЭЦтин жана энергия системасынын котельныйларынынотун балансында газдын үлүшү салыштырмалуу азайып жана көмүрдүн үлүшүкөбөйүшү атмосферага заттардын чыгарылышы орчундуу көбөйүшүнө алып кел-ди. Кыргыз Республикасында транспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген таа-сири кеп жагынан ташуулардын ургаалдуулугу жана транспорт каражаттары-нын паркынын техникалык абалы, транспорттук кызматтардын тигил же бултүрүнүн өнүгүшү менен аныкталат. Транспорттун, анын ичинде жеке транспорттун иштешине отундун жылсайынкы сарпталышы 400-600 мињ тонна шарттуу отунду түзөт. Керектелгенотундун дээрлик 99%ин автомобилдик бензин жана дизелдик отун түзөт. Автотранспорт атмосфераны булгоонун кыйла ургаалдуу жана такай кө-бөйүп жаткан булагы, анткени автомобилдердин төрттөн биринен ашыгы эс-киргендиктен, жолго чыгууда контролдун начардыгынан, техникалык кароожана техникалык тейлөө системасынын майнапсыздыгынан токсикалуулуктунжана түтүндүүлүктүн нормаларынан ашуу менен иштетилет. Шаарларда атмосфералык абанын сапаты республиканын Бишкек (7), Ка-ра-Балта (2), Токмок (2), Чолпон-Ата (2) шаарларындагы 13 посттогу ту-руктуу байкоо жүргүзүү жолу менен контролдонот. Республикада атмосфералык абаны коргоо тармагында мамлекеттик кон-троль системасы өндүрүштү анализдөөгө жана өндүрүштүн методдорун өркүн-дөтүү жолу менен булгоонун алдын алууга эмес, булгоочу заттарды "түтүк-төн чыккан жеринде" контролдобоого багытталган. Чыгарууларды мамлекеттик статистикалык эсепке алуу системасы чар-бакер субъекттер статистикалык эсеп органдарына стационар булактар бо-юнча берүүчү маалыматтарга негизделген. Бирок атмосфералык абаны бул-гоонун булактары толук камтылбагандыктан жана берилген маалыматтар туу-ра эмес болгондуктан анын натыйжалары иш жүзүндө пайдаланууга жараксыз. 3.3.2. Суу ресурстардын абалы Кыргыз Республикасынын суу ресурстары мамлекеттик менчик жана бир-диктүү мамлекеттик суу фондун түзүшөт. Дарыялар агымынын жаралуу тарма-гы жалпы аянттын 87 процентин, ал эми таралуу аймагы 13 процентин тү-зөт. Республиканын дарыяларынын табигый суммалык үстүњкү агымдары суу-луулугу боюнча ар кандай жылдарда 44төн 50 куб.км чейин болот (кайта-рылма сууларды эске алуу менен). Республиканын аймагында жер астындагысуулардын 44 кени аныкталган, алардын эксплуатациялык запасы 3 куб.кмашык, ал эми потенциалдуу запастары 10 куб.км ашык. Көлдөрдө суунун за-пасы 1745 куб.км, анын ичинен 7 куб.км гана тузсуз. Республикада таби-гый суммалык үстүњкү агымдардын 12-17 проценти гана пайдаланылат. Азырреспубликада суу ресурстар менен камсыздык толук канааттанарлык, бирокбул жыйынтык мейкиндик боюнча бөлүштүрүүнү жана ачык көрүнгөн сезондуколку-солкулуктарды эске албайт. 2006-жылы суу ресурстардын пайдаланылы-шы арналышына жараша төмөнкүдөй мүнөздөлөт: - өндүрүштүк керектөөлөр - 72 млн. куб.м; - сугат жана айыл чарбалык керектөөлөр - 4115 млн. куб.м; - чарбага-ичүүгө керектөөлөр - 128 млн. куб.м. Суу бөлүү суу пайдалануунун структурасын иш жүзүндө кайталайт.Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча2006-жылы республика боюнча жалпысынан 700,8 млн. куб.м суу алынган,анын ичинен таза эмеси жана жетишерлик тазаланбаганы 12,6 млн. куб.м.Нормативдүү тазаланган суунун берилишинин көлөмү 148 млн. куб.м түзгөн. Суу объектилерге булгоочу заттарды чыгаруунун көбөйүшү ачык суу-лардын булганышына алып келет, анын натыйжасында суудагы фаунага жанафлорага эле зыян келтирет жана калктын саламаттыгына таасир этет. Экономикалык абалдын начарлашы тазалоочу жана канализациялык түзү-лүштөрдүн ишинде олуттуу проблемаларды жаратты. Турак жай-коммуналдыкчарбанын ишканаларынын, атап айтканда муниципалдык тазалоочу түзүлүш-төрдүн экономикалык жактан кудуретсиздигин эске алганда, тазаланбагансаркынды сууларды төгүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу суу мененкамсыздоо жана канализация системасы үчүн эњ башкы проблемалардын бириболуп эсептелет. Суу ресурстардын санын жана сапатын мониторингдөө системасы80-жылдардын орто ченинде кыйла натыйжалуу болгон. Эксплуатациялоо жанамодернизациялоо үчүн финансылык каражаттын чектелүүлүгүнөн посттордункөпчүлүгү жоюлган. Гидрологиялык божомолдор үчүн негиз болгон тоолуузонадагы кардын жана мөњгүнүн калыњдыгына байкоо жүргүзүү тармагы ор-чундуу кыскартылган. Мурда карга жана мөњгүгө байкоолор региондун 24негизги дарыя бассейндериндеги 240 жерде жүргүзүлчү. Мөњгүлөрдү байкоо-го алуу толук токтотулган, үстүњкү сууларга байкоо жүргүзүү тармагыкыскартылган. 2006-жылы посттордун саны кыскарып отуруп 23 ке түшкөн,ал эми 1985-жылы 147 пост бар эле. Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүү процесстери болуп жатканысуу ресурстарды пайдалануу секторун климаттын өзгөрүүсүнүн болжолдонупжаткан көрсөткүчтөрүнө ылайыкташтыруу зарылдыгын шарттайт. Чоњ эмес да-рыялардын бассейндеринде муз топтолуу азайганына байланыштуу алардынжылдык агымы азайганы байкалат жана бул өзгөрүүлөр келечекте кескини-рээк көрүнүп, айрыкча айыл чарбасы үчүн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүнэкендиги белгиленип жатат. 3.3.3. Жер ресурстардын абалы Республиканын айыл чарбалык жерлеринин аянты потенциалдуу эрозиякоркунучу бар зона деп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жер кадастры-нын маалыматы боюнча, суу жана шамал эрозиясына дуушарланган жерлердинаянты айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 45,7 процентине жакын. Эро-зияга айрыкча Нарын жана Ысы-Көл облустарындагы жерлер көбүрөөк дуушар-ланган. Кыртыштын деградациясы чоњ экономикалык зыян келтирет жана айылчарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20-60 процентке азайтат. Республикада кыртыштын бузулуусу анын сапаты кескин начарлашынаалып келет, бул азыркы учурда төмөнкүдөй маалыматтар менен мүнөздөлөт: - туз чыккандар - 220 мињ га; - шор баскандар - 81,8 мињ га; - сазга айлангандар - 33,1 мињ га; - таштактар - 196,1 мињ га; - дефляция коркунучундагылар - 651,1 мињ га; - суу эрозиясына дуушарлангандар - 764,8 мињ га. Которуштуруп айдоо жоктугу, айыл чарба өсүмдүктөрүн багуу боюнчаталаптардын аткарылбашы, оптималдуу тоњдурма айдоонун жоктугу, семирт-кичтердин жоктугу кыртыштык-экологиялык шарттардын бузулушуна алып ке-лип, бузулган жерлердин аянты көбөйүшүн жаратууда. Коллектордук-дренаждык тармактын бузулганы, нормага салынбаган су-гат кыртыш суулардын дењгээли көтөрүлүшүнө алып келди. Ушуга байланыш-туу жердин сапатын жана түшүмдүүлүгүн арттыруу максатында жањы техноло-гияларды тартуу жана минералдык семирткичтерди бара-бара органикалыксемирткичтерге алмаштыруу зарыл. Азыркы убакта-жерлердин бузулуу процесстери жөнүндө толук жанатуура маалымат жок. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясыдаярдаган Кыртыштардын кадастрын чыгаруу зарыл. 3.3.4. Токой ресурстардын абалы Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык токойлор мамлекеттинменчиги, бирдиктүү мамлекеттик токой фондун түзүшөт жана тоолуу аймак-тын шартында коргоочу, сууну коргоочу, климатты жөнгө салуучу жана денсоолукту оњдоочу функцияларды аткарууга арналган жаратылышты коргоочутокойлорго киргизилген. 2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын токой фонду3132,7 мињ га турат, анын ичинен токой баскан аянт 864,9 мињ га же рес-публиканын жалпы аянтынын 4,32 процентин түзөт. Кыргыз Республикасынын токойлорунда концентрациясы боюнча регион-догу башка өлкөлөрдө жок көп түрлөр топтолгон. Кыргызстанда арча, кара-гай жана карагай-пихта, клен, майда жалбырактуу, жањгак-жемиштүү токой-лор, мисте жана бадам токойлор бар. Алардын баары биологиялык түрлөрдүсактоо үчүн зор мааниге ээ. Аянты анча чоњ эмес болгонуна карабастан Кыргыз Республикасынынтокойлоруна экологиялык ыњгайлуулукту камсыздоодо жана климатты түзүүдөнегизги роль таандык. Алар жаан-чачындардын көбөйүшүнө өбөлгө болуп,кыртышты эрозиядан сактайт, тоо беттерин бекемдеп, жер астындагы гори-зонттордо нымдын топтолушуна шарт түзүшөт, жер үстүндөгү агымдарды жөн-гө салуу менен суу каптоолорду жана селдерди болтурбайт. Негизинен калк жыш жайгашкан региондордо өскөндүктөн майда жалбы-рактуу токойлор, мисте жана бадам токойлор антропогендик таасирге баа-рынан көп дуушар. Мисте жана бадам өскөн көптөгөн массивдер дээрлик жокболгон. Республиканын токойлорунун санитардык абалы канааттанарлык эмес 80га аянтта алар ар түрдүү зыянкечтерге жана илдеттерге кабылып, алар жылсайын чоњ токой аймактарын жок кылып турушат. Токойлордун зыянкечтеринежана ооруларына каршы күрөштүн жањы методдорун киргизип, биологиялыкжана экологиялык опурталсыз методдорду артыкчылыктуу пайдалануу зарыл. Токой массивдерине антропогендик жана табигый чыккан өрттөр байка-ларлык зыян келтирип жатат. Буга байланыштуу токойлорду өрттөн, урук-сатсыз кыюудан, уулануудан сактоону күчөтүү зарыл. Кийинки убакта арчаны чарбалык максатта кыюу көбөйдү. Бул айрыкчаАлай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда байкалат. Жањгак жемиштүү токойлорүчүн жырткычтык менен кап камдоо чыныгы кырсык болду, ал негизинен рес-публикадан сыртка чыгарылат. Байыртадан сакталган кайталангыс жањгакжана арча токойлорду сактап калуу, экологиялык абалды жакшыртуу макса-тында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы N331 Жарлыгы менен республиканын токой фондунун жерлеринде өскөн өзгөчөкымбат баалуу жыгач породаларды кыюуга, иштетүүгө жана сатууга 3 жылмөөнөткө мораторий киргизилген. Токой ресурстарды сактоо жана калыбына келтирүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 693 токтомуменен 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктү-рүү иш-аракеттеринин улуттук планы бекитилген. 3.3.5. Тоолуу экосистемалар Кыргыз Республикасы - тегиз эмес татаал рельефтүү бийик тоолуу өл-кө, республиканын аймагынын дээрлик 90 проценти Тянь-Шандын, Алайдынтоо массивдеринде дењиз дењгээлинен 1500 м ашык бийикте жайгашкан жанатармакталган татаал тоо системаларынан турат. Тоолуу экосистемалар суу, энергетикалык жана минералдык ресурстар-дын, биологиялык түрлөрдүн, токой продуктуларынын маанилүү булактары,айыл чарбаны жана рекреацияны, зыяратчылыкты жана туризмди өнүктүрүүнүнорду. Тоолор климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө сезгич жана ошондуктан планета-нын климатынын өзгөрүүлөрүнүн өсүмдүктөрдүн/жаныбарлардын түрлүк айыр-маларына жана энергетикалык ресурстарга таасир этүүсүн изилдөөнүн иде-алдуу объектиси болот жана абдан коркунучтуу абалда турат, анткени алартатаал, морт жана табигый процесстерге жана антропогендик таасирлергесезгич. Тоолуу аймактардын жеткиликтүүлүгү көбөйүшү жана аларды социал-дык-экономикалык өздөштүрүүнүн темпи ылдамдашы менен - жогорку сейсми-калуулук, көчкүлөр, селдер жана кар көчкүлөр менен айкалышканда кыртыш-тын эрозиясы токтоосуз көбөйө берет. Ушуга байланыштуу тоолуу экосисте-малардын деградация проблемасын комплекстүү. ички ресурстарды мобилиза-циялап жана тышкы жардам тартуу менен системалуу негизде чечүү керек. Тоолуу экосистемалар пайдалуу кендерге бай, аларды айлана-чөйрөгөминимум зыян келтирүү менен экономикалык жактан натыйжалуу иштетүү жанаэкологиялык, социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарды оптималдуу ай-калыштырган шартта гана иштетүү керек. Мында тоолуу аймактардагы чарба-лык иштер жаратылышты коргоонун талаптарын катуу сактоо менен жана ту-руктуу өнүгүүнүн принциптерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Тоолуу райондорду өнүктүрүү проблемаларын чечүүдө чарба жүргүзүү-нүн өзүн практикада актаган салттуу ыкмаларын, мал чарбасын өнүктүрүү-нүн, тоодогу жана тоо этегиндеги дыйканчылыктын, токой ишинин, балчы-лыктын жана башкалардын илимий негизделген жањы технологияларын жанаметоддорун пайдалануу зарыл. Андан тышкары айыл чарба (мал чарба, дыйканчылык, бакчылык ж.б.)сырьелоруна жакын жерлерде - тоолуу калктуу конуштарда кайра иштетүүөнөр жайын ар тараптуу өнүктүрүү жана заманбап маркетингдик кызматтардытүзүү зарыл. 3.3.6. Калдыктар менен булгануу Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык иштин узак мезгилиндекен калдыктарында жана калдык сактагычтарда, тиричиликтеги катуу кал-дыктардын полигондорунда жана санкциясыз таштандыларда миллиондогонтонна тиричиликтик жана өнөр жайлык калдыктар топтолгон. 3.3.6.1. Тарыхый калдыктар Радиоактивдүү калдыктар орчундуу санда топтолушу өткөн кылымдын40-50-жылдарында уран өнөр жайынын кен казуучу жана иштетүүчү ишканала-рынын иштеринин, полигондордогу ядролук сыноолордун жана ишканалардагыавариялардын натыйжасы болду. Кыргызстандын аймагында 35 калдык сактоочу жай жана 25 кен калдык-тары жайгашкан, алардан 30 калдык сактоочу жай уран өндүрүш калдыкта-рын, 5и түстүү металлдар өндүрүшүнүн калдыктарын камтыйт. Көпчүлүгү трансчегаралык райондордо жайгашкан радиактивдүү калдык-тардын көптөгөн калдык сактоочу жайлары өтө начар абалда жана булгануужана радиациялык нурдануу коркунучун жаратат. Экологиялык оорчулуктуннегизги себептери дароо эле экономикалык пайда табуу максатында калдык-тарды топтоочу жана сактоочу жерлерди туура эмес тандап алуу, инженер-дик-геологиялык издөөлөрдүн жана долбоорлоонун дењгээлинин төмөндүгү,аярлуу тоо экосистемасынын туруктуулугуна (Майлуу-Суу, Мињ-Куш, Шекаф-тар, Сумсар, Кажы-Сай, Ак-Түз, Кан) жеткире баа бербөө жана техногендиктерс таасирлерди алдын ала көрө билбөө менен шартталган. Соњку убактарда техногендик кыйратуучу көрүнүштөрдүн, көчкү-сел-дердин, эрозиялык процесстердин, айлана-чөйрөнү радиактивдүү, уулуу жа-на химиялык жактан булгоо коркунучунун жанданышы менен мындай көрүнүш-төр кыйла өсүүдө. Калдык сактоочу жайлар, атап айтканда Майлуу-Суу жанаКумтөрдө кокус бузулса, бул Кыргызстандын аймагында гана эмес, ошондойэле коњшулаш республикаларда экологиялык кыйроолорго алып келиши мүм-күн. 3.3.6.2. Өнөр жайлык калдыктар Соњку убактарда экономиканы турукташтырууга жана жандандырууга же-тишилип, эски ишканалар калыбына келтирилип, жањылары түзүлө баштады,бул өнөр жайлык калдыктардын топтолушунун өсүшүнө таасир этет. 2006-жылдын аягына карата өлкөдө 87,8 млн. тонна уулуу калдыктартоптолгон, булар уюштурулган жана уюштурулбаган таштанды төгүүчү жер-лерге чыгарылат же ишканалардын аймагында топтолот. Кен казып алуучу жана кайра иштетүүчү, тери-булгаары, цемент, ку-рулуш индустриясынын, электр лампа, куюучу, химиялык, механикалык, жы-луулук-электр энергетикалык, текстиль өнөр жай жана башка ишканаларыкыйла булгоочу тармактар бойдон калууда. Башка тармактардын калдыктары-нын арасында энергетика комплексинин күл жана күл шлак калдыктары ба-сымдуу. Тыюу салынган жана жараксыз болуп калган пестициддердин болушунабайланыштуу проблема орун алган. Алардын физикалык абалы, химиялык сос-тавынын аныкталбагандыгы, сактоонун канааттандырбаган шарттары айла-на-чөйрө жана адамдардын ден соолугу үчүн чоњ коркунуч туудурат. Пести-циддерди зыянсыздандыруу ушул убакка чейин дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Өзгөрбөс органикалык заттар (ӨОЗ) келтирген тобокелдиктерди жењил-детүү боюнча чараларды көрүү жана күчөтүү максатында Кыргыз Республика-сы 2006-жылы өзгөрбөс органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвен-циясын ратификациялаган жана о аны аткаруу боюнча Улуттук планын бекит-кен. ӨОЗдо тез таралуучу уулуу түзүлүштөр бар, ал биоаккумуляция мененмүнөздөлөт жана аба, суу жана миграциялык түрлөр боюнча трансчегаралыкжайылуу объектиси болуп саналат, ошондой эле алар чыгарылган булактаналыскы аралыкта таралып, кургакта жана суудагы экосистемада топтолот. Айлана-чөйрөнү булгоонун коркунучтуу булактары мал чарбасындагыкалдыктар, айрыкча ири мал чарба фермаларынан жана комплекстеринен чык-кан көњ калдыктары болуп саналат, аларды эсепке алууга жана утилдешти-рүүгө тийиштүү көњүл бөлүнбөйт. Айлана-чөйрөнү булгоого биологиялык жа-на медициналык калдыктар (өлүктөр, өлүү төрөлгөн жаныбарлар, этти кайраиштетүү өнөр жайынын калдыктары ж.б.) терс таасир тийгизет, алар кыр-тышты жана суу объекттерин булгоонун коркунучтуу булактары болуп сана-лып, оор санитардык-гигиеналык абалды түзөт жана зыянсыздандыруу боюнчаатайын чараларды талап кылат. Өнөр жай калдыктарын пайдаланууда, зыянсыздандырууда жана жайгаш-тырууда канааттандырбаган абал бир катар объективдүү себептер мененшартталган. Баарыдан мурда бул калдыктарды зыянсыздандыруу жана колдо-нуу, аларды жайгаштыруу боюнча түзүлүштөрдү курууну өтө жетишсиз каржы-лоо, ошондой эле калдыктарды жана жерди жайгаштыруунун субъекттерин ре-конструкциялоонун жана рекультивациялоонун жоктугу, аларды жайгаштыруу-нун санкцияланбаган орундарын жойбогондук жана башкалар. Өндүрүш калдыктарынын кеп көлөмдө топтолушу аларды жыйноо, жайгаш-тыруу, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, сактоо жана көмүү проблемасы ме-нен коштолгон, алар айлана-чөйрөнү коргоонун тиешелүү нормаларына жанаталаптарына жооп бербейт, бул республикадагы ансыз да татаал экология-лык кырдаалды андан ары терењдетет. 3.3.6.3. Катуу тиричилик калдыктары Бишкек шаарында, ошондой эле бүткүл республикада азыркы убаккачейин чечилбей келаткан катуу тиричилик калдыктарын (КТК) башкаруунуннегизги проблемасы - бул тиричилик таштандыларын утилдештирүү проблема-сы болуп саналат. 1990-жылдардан тартып КТКны чогултуу, утилдештирүүжана көмүү маселеси өтө начар чечилүүдө. Азыркы убакта республиканыншаар жерлеринде катуу калдыктардын 31 полигону бар, алардын жарымынанкөбү (55%) санитардык нормаларга жооп бербейт. Колдонуудагы контейнер-лер, адистештирилген автотранспорт шаарлардын керектөөлөрүн канааттан-дырбайт. КТКны өз-өзүнчө чогултуу системасы (тамак-аш калдыктары, маку-латура, текстиль, металл сыныктары ж.б.у.с.) толугу менен бузулган. Ай-мактарды тиричилик калдыктарынан тазалоо системасы өнүктүрүлгөн эмес.Тиричилик калдыктарынын экинчи сырье катары сорттоо жана пайдалануужүргүзүлбөйт, иш жүзүндө калдыктарды кайра иштетүү жок. Шаарларда жанашаар айланасындагы зоналарда контролго алынбаган таштандылардын саныкескин көбөйүп кеткен. 2006-жылы республикада чыгарылган КТКнын көлөмү1602 мињ куб метрди, суюктук - 78 мињ куб.метрди түзгөн. Бишкек шаарында колдонуудагы шаардык таштанды полигону калдыктардыкөмүү үчүн жападан-жалгыз жер болуп саналат, ал шаардан 10 км аралыктажайгашкан жана ага шаардын, 22 жањы курулуштардын калдыктары төгүлөт.Полигондун иш жүзүндөгү колдонуу мөөнөтү 1972-жылдан тартып иштегендик-тен колдонуунун нормативдик мөөнөтүнөн он эсеге ашып кеткен жана сани-тардык-эпидемиологиялык жана экологиялык коркунучтун олуттуу булагы бо-луп саналат. Полигон жер алдындагы суулардын жогорку дењгээлинде жайгашкан жанаполигондун булганыч сууларды жер алдындагы суу горизонтуна өткөрүүфильтрациясы бар. КТК шамал менен атмосфералык абалынын, кыртыш катма-рын жана жер үстүндөгү сууларды булгайт. Калдыктарды өрттөөдөн, алардынчиришинен жана жайылышынан атмосфералык абаны булгайт жана ууландырат. Катуу калдыктардын санынын өсүшү, алардын химиялык жаратылышынынтатаалдашы адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунучту кө-бөйтөт. Республиканын шаарларында катуу тиричилик калдыктарынын топто-лушу бир жылга эсептегенде бир адамга 250-300 кг чейин жетет, ал эмижыл сайын калктын ар бирине карата алардын көбөйүшү 6 процентти түзөт,бул калктын өсүш ылдамдыгынан үч эсеге ашат. Кадимки КТК уулуу кошулмалардын 100дөн ашуун аталыштарын камтыйт,алардын арасында - уулуу боектор, пестициддер, сымап жана анын кошулма-лары, эритиндилер, коргошун жана анын тузу дары, кадмий, мышьяк кошул-малары формальдегид, таллий тузу жана башкалар бар. Пластмассалар жанасинтетикалык материалдар өзгөчө орунду ээлейт, алар биологиялык бузулуупроцесстерине дуушар болуу менен айлана-чөйрөнү коргоо объекттериндеондогон, жүздөгөн жылдар кала бериши мүмкүн. Пластмассалык жана синте-тикалык материалдар күйгөндө көп сандаган токсиканддарды, анын ичиндежарымхлорбифенилдерди (диоксиндер), фтор кошулмаларын, кадмий жана баш-каларды бөлүп чыгарат. Көпчүлүк учурда таштандыларга иштетилген сымаплампалары, металл сыныктары, пайдаланылган резиналар, текстиль калдык-тары ташталат, аларды продукциянын жањы түрлөрүн өндүрүү үчүн сырье ка-тары колдонсо болор эле. Таштандылар курчап турган жаратылыш чөйрөсүнбулгоонун коркунучтуу булагына айланууда жана колдонуудагы полигондордутүп тамырынан реконструкциялоону жана кайра жабдып чыгууну талап кылат.Ушуга байланыштуу калдыктарды кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жанааларды экономиканын муктаждыктары үчүн сырье катары кайрадан колдонуумаселесин чечүү зарыл. 3.3.7. Техногендик жана жаратылыштык көрүнүштөр Кыргыз Республикасы бийик тоолуу экологиялык системаны, өзгөчө жа-ратылыштык жана антропогендик таасирлерге өтө сезгич болуп саналат жанажер титирөө, көчкү, сел, суу ташкыны, таш кулоолор, суу каптоо, каркөчкүлөрү сыяктуу табигый кырсыктардан улам келип чыгуучу 20дан ашуунөзгөчө коркунучтуу жаратылыш процессине дуушар болот, алар республика-нын токойлоруна жана биологиялык ар түрдүүлүктүн ресурстарына чоњ мате-риалдык зыян алып келет. Экологиялык кооптуулук республиканын дээрлик бүткүл аймагында ка-туу жаан-чачындан, карлардын эришинен, бийик тоолуу көлдөрдүн жырып ке-тишинен улам келип чыгат. 3900дөн ашуун суу бассейндери сел жана сууташкыны жагынан коркунучтуу болуп эсептелет. Орточо республиканын аймагында жыл ичинде 153кө жакын өзгөчө кыр-даалдардын учурлары болуп өтөт, анын үстүнө жогоруда саналган кыйроо-лордун үлүшүнүн 90%ине чейинкисин жаратылыш көрүнүштөрү түзөт. Геологиялык-географиялык шарттар боюнча Кыргыз Республикасынын ай-магы Орто Азиянын кыйла кооптуу зонасына кирет. Жыл сайын сейсмикалыкстанциялар 3 мињге жакын жер титирөөлөрдү каттайт, алардын ондогон жертитирөөлөрү сезилээрлик болсо, бир нечелери эреже катары турак үйлөргөжана имараттарга зыян келтирет. Адистердин берген баасы боюнча 200дөнашуун калктуу конуштар сейсмикалык жактан кооптуу категорияга кирет. Адамдардын өлүмүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген экологиялыктабигый кырсыктардын кыйла коркунучтуу түрлөрүнүн бири жер көчкү болупсаналат. Республиканын аймагында дээрлик 3 мињдей жер көчкү катталган,алардан 98 проценти республиканын түштүк регионуна туура келет. Республиканын аймагындагы кыйла кењири таралган жаратылыштык көрү-нүштөр кар көчкүлөрү болуп эсептелет. Түштүк-батыш жана Ички Тяньшаньрайондору кар көчкүлөрү жагынан кыйла активдүүлүгү боюнча ондон ашыксуу бассейндери айырмаланат. Республикалык маанидеги автожолдор боюнчагана болжол менен 800 кар көчкү коркунучу бар участкалар кездешет. Калктын жыштыгы көбөйүшү, аймактардын өсүп бараткан урбанизациясы,климаттын глобалдуу өзгөрүшү жана сейсмикалык активдүүлүктүн жогорулашыжыл сайын табигый кырсыктардын жана кыйроолордун санынын өсүшүнө алыпкелүүдө. Жаратылыштын өзгөчө кырдаалдарын четтетүү максатында бийик тоолуукөлдөрдү, мөњгүлөрдүн, суу бассейндеринин абалына мониторинг жүргүзүүзарыл. 4. Экологиялык коопсуздукту камсыздоонун багыттары жана механизмдери 4.1. Экономиканы экологдоштуруу Жакынкы келечекте аларды пайдалануу чектерин белгилөө менен жара-тылыш ресурстарына алдын ала экологиялык-экономикалык баа берүүгө не-гизденген айлана-чөйрөнү сактоону эске алуу менен Кыргыз Республиканысоциалдык-экономикалык өнүктүрүүнү ишке ашыруунун негизи болуп калуугатийиш. Туруктуу өнүгүү боюнча бүткүл дүйнөлүк саммит өлкөнү туруктууөнүктүрүүнүн улуттук стратегияларын иштеп чыгууга карата прогресске же-тишүү жана аларды 2005-жылга карата ишке ашыра баштоо максатында кечик-тирилгис чараларды көрүүгө чакырган, ал туруктуу өнүгүүнүн экономика-лык, социалдык жана экологиялык жагдайларын интеграциялоого, ошондойэле ар бир өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына жооп берүүгө тийиш. 21-кылымдын күн тартибинде туруктуу өнүгүү боюнча өлкөнүн максат-тарын жана умтулууларын конкреттүү программалар менен иш-аракеттергебагыттоо үчүн улуттук координациялык структураларды түзүү зарылдыгы ба-са белгиленген. Республикада өнүгүүнүн экономикалык, социалдык жана экологиялыксекторлорун интеграциялоонун жана туруктуу өнүгүү жагындагы иштердикоординациялоонун негизинде туруктуу өнүгүү маселелери боюнча мамлекет-тик саясатты түзүүгө көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын ту-руктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кењеш түзүү керек. Мындай Кењеш көп та-раптуу форумга айланууга тийиш, анда мамлекеттик структураларды, мыйзамчыгаруу бийлигинин органдарын, ишкер жана илимий чөйрөлөрдү, коомчулук-ту кошо алганда бардык катышуучулар бүткүл күч аракетин республиканытуруктуу өнүктүрүүгө жетишүүгө жумшайт. Экономиканы экологдоштуруунун негизги багыттары: - экологиялык жагдайларды сектордук саясатка интеграциялоо; - калыбына келтирилүүчү жаратылыш ресурстарын деградациялоону жок-ко чыгаруучу сарамжалдуу керектөө; - милдеттүү экологиялык экспертиза, практикалык долбоорлорго бааберүүдө айлана-чөйрөгө таасирин баалоо; - экосистеманын потенциалдык сыйымдуулугунун калыбына келүү мүм-күнчүлүгүнө баа берүү жана параметрлерди иштеп чыгуу, өлкөнү социал-дык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштырууда ушул параметрлерди эсепкеалуу жол-жоболорун ишке киргизүү; - ар кандай товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик баатүзүү системасында экологиялык-экономикалыккөрсөткүчтөрдүн/индикаторлордун комплексин ишке киргизүү; - баа структурасындагы экологиялык чыгымдарды эсепке алуу; - ички жана тышкы инвестицияларды экосистемага экономиканын терстаасиринин кесепеттерин болтурбоого жана четтетүүгө тартуу. 4.2. Мыйзамдар Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жаа-тында колдонуудагы ченемдик укуктук базаны талдоо өлкөдө бул багыттаолуттуу кадам жасалгандыгын көрсөтөт, бул багытта кыйла иштер жүргүзүл-дү. Ошону менен бирге мамлекеттик көзөмөлдөө жана ведомстволук контрол-доонун колдонуудагы жол-жоболору, мыйзамдык актыларда нормалар практи-када натыйжалуу колдонулбай жаткандыгы, инспекциялык жол-жоболордуашыкча борбордоштуруу менен айырмалангандыгын көрсөтөт, мында ушул про-цесстерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулуктунөкүлдөрү катышуусун толук дењгээлде карабайт. Мыйзамдарды өркүндөтүүнүн негизги багыттары: - айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна бир кыйла экологиялыкавариялар менен кыйроолордун учурунда мүмкүн болуучу зыяндын ордун тол-туруу үчүн өндүрүштүн калдыктары менен иштөө жана керектөө чөйрөсүндөгүэкологиялык камсыздандыруу системасын ишке киргизүү; - экологиялык талаптарга жетишүүнү камсыз кылуу максатында чарба-кер субъекттердин иш-аракеттердин экологиялык аудит системасын ишкекиргизүү; - өндүрүштүк иштерден айлана-чөйрөнү булгоолордун эл аралык прак-тикада колдонулуучу эсептөө методикасын ишке киргизүү. 4.3. Жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүү Айлана-чөйрөнү коргоону жана жаратылышты пайдаланууну экономикалыкжөнгө салуу республикада натыйжалуу экологиялык саясат жүргүзүү маани-лүү шарты болуп саналат. Айлана-чөйрөнүн сапатын жөнгө салуу бөлүгүндө жаратылышты пайдала-нуунун негизги принциби акы төлөтүү болуп саналат. Айлана-чөйрөнү булгоо үчүн акы төлөтүү республикада колдонулуучунегизги жана бардыгын камтуучу экономикалык шайман болуп эсептелет. Жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүүнүннегизги багыттары: - "булгоочулар төлөйт" принцибин толук дењгээлде ишке ашыруу; - айлана-чөйрө жана адамдардын ден соолугу үчүн коркунучтуу зат-тарды чыгарууларга жараша акы төлөөнү камсыздоо; - айлана-чөйрөнү булгоо үчүн бирдиктүү экологиялык салык киргизүү; - экономикалык иштерди диверсификациялоо жана экологиялык жактанкоопсуз жањы технологияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүнүн эсебиненмамлекеттин иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары айла-на-чөйрөнү коргоону адекваттуу бюджеттик каржылоону камсыздоо; - сырьену экспорттоодон жогорку сапаттагы жана терењ иштетилгенпродуктуларды өндүрүүгө экономиканы багыттоону стимулдоочу салык жанатариф саясатын түзүү жана колдонуу; - экологиялык жактан таза технологияларды, товарларды жана кызматкөрсөтүүлөрдү өндүрүүчү өлкөлөргө көз карандысыз түрдө колдонууга түрт-кү берүүчү салыктардын жана пошлиналардын системасын түзүү жана колдо-нуу; - өнөр жайлык калдыктарды кайтадан пайдаланууга жана кайра иште-түүгө түрткү берүүчү рыноктук механизмдерин ишке киргизүү; - эл аралык конвенцияларда жана макулдашууларда каралган механизм-дерди жана тышкы карызды конверциялоону кошо алганда (таза өнүгүү меха-низми, углероддук кредит ж.б.) эл аралык механизмдерди колдонуу. 4.4. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жагындагы контроль Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жа-гындагы контроль жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын, анын са-патынын нормативдерин жана экологиялык талаптарды сактоону, айла-на-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын кайталап өндүрүү жана сарам-жалдуу колдонуу боюнча иш-чараларды камсыз кылуу максатында аткаруубийлигинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ишке ашырылуучу чаралар-дын системасы катары аныкталат. Кыргыз Республикасында мамлекеттик, ве-домстволук, өндүрүштүк жана коомдук экологиялык контроль ишке ашырылат. Жаратылышты коргоо саясатынын чараларын ишке ашыруу айлана-чөйрөнүжана калктын ден соолугун экономикалык жактан негизделген жана таа-сирдүү коргоону камсыз кылуу үчүн так аныкталган жана макулдашылганиш-аракеттерди көрүүнү талап кылат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жа-гындагы контролду өркүндөтүүнүн негизги багыттары - бир органдагы функцияларды айкалыштырууну сөзсүз четтетүү мененайлана-чөйрөнү коргоо жагынан чарбакер жана контролдоочу мамлекеттикоргандардын функцияларын жана милдеттерин так чектөө, ошондой эле иште-рин так координациялоо; - контролдоо жана укук колдонуу функцияларын ишке ашырууда кайта-лоолорду четтетүү менен бир мамлекеттик органдын алкагында экологиялыкбагыттагы бардык контролдоочу органдарды болушунча борбордоштуруу жанаушундай иш-аракеттин процессинде жарандар менен уюмдардын укуктарынкоргоо механизмдерин түзүү; - айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы мамлекеттик контролдоо органда-рын текшерүү жүргүзүүгө же укук колдонуу иштерин жүзөгө ашырууга байла-нышка маселелерге карата көз карандысыз жана калыс чечимдерди кабылалуу үчүн зарыл ыйгарым укуктар менен камсыздоо; - контролдоочу структураларды булганууларга баа берүүнүн расчеттукметоддорун болушунча четтетүү үчүн айлана-чөйрө булгоонун дењгээлинекубаттуу аналитикалык контроль жүргүзүүнүн азыркы учурдагы каражаттарыменен жетиштүү техникалык жактан камсыздоо; - электрондук түрдө маалымдуулукту жөнөкөйлөтүү, жогорулатуу жанапайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында чарбакер субъекттерди эко-логиялык паспорттоштуруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу; - контролдоо көрсөткүчтөрүнүн системасын өркүндөтүү. 4.5. Уруксат берүү системасы Жаратылышты коргоого уруксат берүү айлана-чөйрөгө өнөр жайлык таа-сирлердин кењири чөйрөсүн жөнгө салуунун жана технологиялык инновация-ларды стимулдоонун негизги инструменти болуп саналат. Жаратылышты коргоого уруксат берүү системасынын жалпы милдети кал-ктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында экологиялыктаасир этүүнүн айрым булактарына карата юридикалык жактан милдеттүү та-лаптарды жөнгө салууну органдар тарабынан белгилөө болуп саналат. Жаратылышты коргоо уруксаттарын берүүдө "Айлана-чөйрөнү коргоо жө-нүндө" жана "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык башка нормативдик талаптар - айлана-чөйрөгө таасирэтүүгө баа берүүнүн жыйынтыктары жана мамлекеттик экологиялык эксперти-за эске алынууга тийиш. Жаратылышты коргоо уруксаттары ишканалардын айлана-чөйрөгө экспер-тизада белгиленген талаптар аркылуу таасир этүүсүнүн масштабын жана са-патын контролдоого мүмкүндүк берүүчү нормативдик укуктук документ, иш-кананын экологиялык статусу жөнүндө маалымат (экологиялык паспорт) жанаайрым ресурстар жана чөйрөлөр боюнча чектөөлөр (калдыктарды жайгашты-рууга, чыгарууга, таштоого жогорку жол берилүүчү лимиттер) жөнүндө маа-лымат болуп саналат. Жаратылышты коргоо уруксаттары жаратылышты пайда-ланууну комплекстүү башкаруунун натыйжалуу администрациялык рычагы бо-луп саналат. Уруксат берүү системасын өркүндөтүүнүн негизги багыттары: - айлана-чөйрөнү коргоого комплекстүү мамиле; - "трубанын аягындагы" контролдук эмес булганууну болтурбоо жанаазайтуу артыкчылыгы; - эксперттен кийинки контролду күчөтүү; - комплекстүү уруксат берүүгө арыздарды кароого коомчулуктун каты-шуусу жана аларды маалымдоо; - контролдоонун эњ мыкты жеткиликтүү техникалык методдорун колдо-нуу, мында сууну, сырьену керектөө жана энергия ресурстарды натыйжалуупайдалануу эске алынат. 4.6. Институттук камсыздоо Экологиялык проблемаларды ийгиликтүү чечүү кандайдыр бир потенци-алдын, биринчи кезекте мыйзамдарда жана институттук чөйрөлөрдө болушуменен аныкталат. Мамлекеттик башкарууну жана жарандык коомдук институт-тук камсыздоо дайыма өзгөрүп туруучу эл аралык жана улуттук дењгээлдегисаясий, социалдык, экономикалык жана башка шарттарга адаптациялануугатийиш. Республикада жүргүзүлүп жаткан реформалар жана социалдык-экономи-калык абал жаратылышты коргоо органынын саясий салмагынын төмөндөшүнөжана мамлекеттик бюджеттин кыскарышына жараша айлана-чөйрөнү коргоо ор-гандарына бөлүнүүчү ресурстардын да кыскарышына алып келди. Жалпысынанайлана-чөйрөнү коргоо маселелери жаратылышты коргоо органдарынын, РЭУ-лардын жана эл аралык коомчулуктун күч аракеттери менен Өлкөнү өнүктү-рүүнүн 2007-жылы кабыл алынган стратегиясында экологиялык коопсуздукмаселелери өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына киргизилген. Иш жүзүндөсекторлор аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жок жанаишке ашырылбай келет. Институттук саясатты өркүндөтүүнүн негизги багыттары: - туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук (мамлекеттик) комиссиянын жанааны менен биргелешип аракеттенүүчү ведомстволор аралык эксперттик жу-мушчу топторунун жана ӨЭУлардын негизинде экологиялык иш-аракеттин ко-ординациялык механизмин бекемдөө; - жаратылыш ресурстарын башкаруунун улуттук системасын реформалоо,жаратылышты коргоо иш-аракетин башкаруу чечимдерин кабыл алууну демок-ратташтыруу жана децентралдаштыруу контекстинде ишке ашыруу, бул чечим-дерди практикалык жактан ишке ашыруу үчүн негизги жоопкерчиликти жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жаратылышты пайдалануусубъекттерине жүктөө; - ички жана тышкы капиталдык салымдарды, донордук жардамдарды тар-туу үчүн өлкөдө ыњгайлуу инвестициялык климатты түзүү аркылуу жараты-лышты коргоо иштерин туруктуу каржылоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүү; - структуралык өзгөртүп кайра түзүүлөрдү кыскартуу жана айла-на-чөйрөнү коргоо жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардынструктураларын болушунча турукташтыруу. 4.7. Экологиялык мониторинг жана маалыматтык камсыздоо Айлана-чөйрөнүн абалы жана өзгөрүшү, анын ресурстары үчүн байкоо-лорду, аларды эсепке алуу, баалоо, божомолдоо, контролдоо жана башка-рууну камсыз кылуу максатында республикада айлана-чөйрөнү жана жараты-лышты пайдаланууну мамлекеттик мониторинг жүргүзүү системасы иштейт.Айлана-чөйрөнү мониторинг жүргүзүүнүн колдонуудагы системасы азыркы та-лаптарга жооп бербейт. Мониторингдин объектиси болуп саналган айла-на-чөйрөнүн компоненттеринин саны кескин азайып кеткен. Республикадамониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү улуттук системасы жок. Ар кандай ми-нистрликтер менен ведомстволордун мониторинг жүргүзүү системасын ведом-стволор аралык координациялоо жетишсиз болгондуктан айлана-чөйрөнүнабалына толук түрдө калыс баа берүү жана өз учурунда экологиялык маани-лүү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга мүм-күндүк бербейт. Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүүнүн жанамаалыматтык камсыздоонун негизги багыттары: - айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына экологиялык монито-ринг жүргүзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү; - мамлекеттик экологиялык мониторингди жүргүзүүчү аткаруу бийлиги-нин республикалык органдарынын өз ара аракеттерин жөнгө салуучу норма-тивдик базаны өркүндөтүү жана маалыматтык ресурстар фондун түзүү; - республиканын экономикасынын өзүнчө тармактары боюнча маалымат-тардын тууралыгын жана салыштырмалуулугун камсыздоо максатында көрсөт-күчтөр системасын өркүндөтүү, республиканын экологиялык мониторингининбирдиктүү методологиясын түзүү; - айлана-чөйрөнүн абалы жана мүмкүн болуучу экологиялык коркунуч-тар жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыздоо; - жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен экологиялык коопсуз-дукту камсыздоо маселелери боюнча калк арасында экологиялык маалыматтыкењири жайылтуу; - интернетте экологиялык сайттарды түзүү, экологиялык газета-жур-налдарды басып чыгаруу. 4.8. Эл аралык кызматташтык Айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктү-рүү, глобалдуу жана региондук проблемаларды чечүү үчүн мамлекеттердинортосундагы ыњгайлуу эл аралык мамилелерди түзүүгө да көмөктөшөт. Эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө экологиялык саясатты ишке ашыруу-нун артыкчылыктуу багыттары Кыргыз Республикасынын эл аралык конвенция-лар менен макулдашууларга кийин алардын жоболорун аткаруу боюнча прак-тикалык чараларды көрүү менен кошулуусу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын азыркы өнүгүшү дүйнөлүк мейкиндикке, ошон-дой эле Борбордук Азия регионунун ичинде интеграцияга умтулушу мененайырмаланат. Бирдиктүү жаратылыш регионунун жалпы экологиялык жана эко-номикалык проблемалары Туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык ко-миссиянын (ТӨМК), Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссия-сынын (МАКСК), Борбордук Азиялык региондук экологиялык борбордун (БА-РЭБ) алкагында Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнөн биргелешкен жанамакулдашылган иш-аракеттерди керүүгө көмөктөшөт. КМШ өлкөлөрү менен кызматташтык Мамлекеттер аралык экологиялык ке-њештин чектеринде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери БУУнун Европалык экономикалыккомиссиясынын мүчөсү болуп саналат жана "Европа үчүн курчап турган чөй-рө" процессине активдүү катышып, башка эл аралык уюмдар жана мамлекет-тер менен кызматташат. Эл аралык экологиялык конвенцияларга жана эл аралык дењгээлдегижаратылышты коргоо иштерине, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты са-рамжалдуу пайдалануу жагындагы бардык иштелип чыккан программаларгареспубликанын кыйла кењири катышуусун камсыз кылуу үчүн эл аралык кыз-матташтыктын артыкчылыктары белгиленүүгө жана аларды жүзөгө ашыруу бо-юнча тиешелүү ишчараларды пландаштырууга тийиш. Эл аралык кызматташтык өркүндөтүүнүн негизги багыттары: - Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү сактоо боюнча дүйнөлүк ше-риктештиктин күч аракеттерин баш коштурууга, туруктуу өнүгүүгө жетишүү-гө катышуусу; - Жаратылышты пайдаланууга байланыштуу эл аралык келишимдерди,контракттарды жана макулдашууларды милдеттүү мамлекеттик экологиялыкэкспертиза жана экологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо; - жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, калкка жана жаратылыш чөйрө-сүнө экологиялык зыян келтирүүгө жөндөмдүү технологияларды, товарлардыжана кызмат көрсөтүүлөрдү трансчегаралык алып өтүүгө тиешелүү эл аралыксүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын активдүү катышуусу аркылуу глобал-дуу процесске таасир этүү; - айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу-га кошумча тышкы инвестицияларды тартууга багытталган натыйжалуу эларалык кызматташтыкты уюштуруу. 4.9. Экологиялык коопсуздукту илимий жактан камсыздоо Экологиялык коопсуздукту илимий жактан камсыздоо туруктуу өнүгүүгөөтүүнүн теориялык жана технологиялык негиздерине багытталууга тийиш.Экологиялык коопсуздук жагындагы илимий-изилдөөлөр, бюджеттик програм-малар жана эл аралык гранттар аркылуу мамлекеттик заказ боюнча илимиймекемелер тарабынан жүргүзүлүшү керек. Илимий жактан камсыздоону өркүндөтүүнүн негизги багыттары: - Кыргыз Республикасынын жаратылыш системасынын экологиялык сыйым-дуулугун жана алардын туруктуулук чектерин аныктоо; - экологиялык жактан таза жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларды,өндүрүштөрдү, сырьелордун, материалдардын, продукциялардын түрлөрүн жа-на жабдууларды иштеп чыгуу; - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо проблемаларын изилдөө, био-коопсуздуктун илимий негиздери; - климаттын мүмкүн болуучу глобалдуу жана региондук өзгөрүшүнө ка-рата жаратылыш системаларынын жана айыл чарба иштеринин секторлорунунбайланыштарын изилдөө; - экологиялык тобокелдиктерди аныктоонун илимий негиздерин иштепчыгуу жана экологиялык артыкчылыктарга экономикалык баа берүү; - айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүшүнүн калктын ден соолугуна таа-сирин изилдөө; - тирүү организмдердин генетикалык жактан өзгөргөн түрлөрүнүн тар-калышын талдоо жана бул процесстердин терс кесепеттерин контролдоонунжана азайтуунун тийиштүү методдорун иштеп чыгуу; - топтолгон илимдерди системалаштырууну жана айлана-чөйрөнү коргоожагындагы илимий-изилдөөнү координациялоону уюштуруу. 4.10. Экологиялык билим берүү Соњку убактарда республикада экологиялык жактан агартууга көбүрөөккөњүл бурула баштады. Бул туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү концепци-ясын иштеп чыгуунун жана бул процесске Туруктуу өнүктүрүү боюнча бүткүлдүйнөлүк экинчи саммиттин (2002-ж.) жана айлана-чөйрөнү коргоо министр-леринин Киевдеги жалпы европалык конференциясында берилген жањы импуль-стун натыйжасы болуп саналат. Ушулардын бардыгы БУУнун 2005-жылдан тар-тып башталган демилгесине - туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүүнүн онжылдыгына салым болуп калды. Республикада экологиялык жактан агартуу үчүн ченемдик-мыйзамдыкбаза иш жүзүндө түзүлдү. Ар кандай формаларда үзгүлтүксүз экологиялыкбилим берүүнү караган программалар, алкактык документтер кабыл алынды. Республикада экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө экологиялык би-лим берүү борборлорунун функцияларын аткаруу менен (ӨЭУлар) чоњ салымкошууда. Бул өкмөттүк эмес уюмдардын эл аралык программалары менен ту-руктуу байланыштары бар. Экологиялык билим берүүнү жогорулатуунун негизги багыттары: - билим берүүнүн бардык дењгээлиндеги окуу программаларына эколо-гия жана туруктуу өнүктүрүү маселелерин киргизүү аркылуу үзгүлтүксүзэкологиялык билим берүү системасын түзүү; - милдеттүү жана кошумча билим берүүнүн бардык дењгээлдеги систе-малары үчүн экология тармагында адистерди даярдоо, кадрларды кайра да-ярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; - экологиялык проблемаларды жана жаратылышты сарамжалдуу пайдала-нуунун зарылдыгын кыйла төрөњ түшүнүүгө көмөктөшүүчү экология боюнчажалпы билим берүүчү жана атайын окуу пландарын/программаларынын жањыла-рын ишке киргизүү жана колдонуудагыларын жакшыртуу; - экологиялык билим берүү системасын мамлекеттик колдоо. 4.11. Экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун катышуусу Айлана-чөйрө коргоо проблемаларын чечүү өнөктөштүктөрсүз мүмкүнэмес, ал бардык процесстин кызыкдар катышуучуларынын бирдей статусунболжолдойт. Азыркы убакта республикада 200дөн ашуун экологиялык ӨЭУлариштейт. Мамлекеттик бийлик менен ӨЭУлардын өз ара аракети - экологиялыкмаалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө жана айлана-чөйрөнү коргоо жагындагымаселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жана сот акыйкаттыгына жетүүпроцессине коомчулуктун катышуусу жөнүндө БУУнун Орхусс конвенциясынынмилдеттенмелерин аткаруунун негизи, 2000-жылдан тартып Кыргыз Республи-касынын катышуучусу болуп саналат. Бул Конвенциянын негизги максатымурдагы жана азыркы муундун ар бир адамынын ден соолугуна ыњгайлуу ай-лана-чөйрөдө маалыматка жеткиликтүүлүктүн, айлана-чөйрөгө тиешелүү ма-селелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жана сот акыйкаттыгына жетишүүпроцессине коомчулуктун катышуусуна берилген кепилдиктин эсебинен жа-шоого укуктарын коргоого көмөктөшүү болуп саналат. Республиканын мил-деттенмелерин ишке ашырууда бул Конвенция боюнча мамлекеттик жаратылыш-ты коргоо органынын алдында ӨЭУлардын консультациялык кенеши түзүлгөнжана иштеп жатат. Бул үчүн төмөнкүдөй чаралар зарыл: - коомчулуктун экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алуугакатышуусу; - коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүү; - айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон чар-балык ири долбоорлор боюнча коомдук угууларды өткөрүү; - экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча коомдук пи-кир түзүү; - жаратылыш мыйзамдарын сактоо боюнча коомдук контролду калыбынакелтирүү. 5. Экологиялык коопсуздук концепциясын ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары Экологиялык коопсуздуктун бул концепциясы республиканын туруктууөнүгүшүнө жетишүү максатында айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты са-рамжалдуу пайдалануу жагынан мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн негиз бо-луп саналат. Бул Концепциянын жоболорун ишке ашыруу төмөнкү багыттар - суу,жер, токой ресурстарын, калдыктарды (өнөр жайлык, радиактивдүү, тиричи-лик, химиялык жана башка), биологиялык ар жактуулук ресурстарын, тооэкосистемасын аймактарга карата, ошондой эле алардын табигый чектерининконтексти боюнча башкарууну интеграцияланган планын иштеп чыгуу аркылуужүргүзүлөт. Интеграцияланган пландарды иштеп чыгуу туруктуу өнүктүрүү принцип-теринин негизинде республиканын социалдык экономикалык өнүгүшүнүн кол-донуудагы программаларын жана тармактык программаларын эске алуу мененжана өз ара байланышта ишке ашырылууга тийиш. Интеграцияланган пландар финансылык керектөөнү жана каржылоо бу-лактарын, артыкчылыктарды аныктоо менен беш жылдык мезгилге иштелип чы-гышы керек. Интеграцияланган пландар алардын аткарылышын, түзүлгөнабалды, артыкчылыктын өзгөрүшүн, финансылык каражаттардын болушун жанаулуттук жаратылыш ресурстарынын реалдуу абалын эске алуу менен жыл сай-ын такталып жана оњдолуп турууга тийиш.