Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 – декабры № 24-14
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жарандарын жер участоктору менен камсыздоо боюнча программасын бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан атуулдарга жеке менчик турак-жай салуу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан «Калктуу конуштардын жери» категориясына жана коомдук-социалдык обьектилерди куруу үчүн жер участокторун которууга (трансформациялоого) 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» Жобонун 3-бөлүмүнүн 23 пунктуна негиз, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жарандарын жер участоктору менен камсыздоо боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жарандарын жер участоктору менен камсыздоо боюнча программасы бекитилсин.(тиркеме миркелет).
2. Бекитилген программа боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык
Кеңештин төрагасы: А.Топчубаев
БЕКИТЕМИН
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы
_________________ А.К.Топчубаев
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында эң орчундуу меселелердин бири бул турак-жай маселеси. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан атуулдарга жеке менчик турак-жай салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жери” категориясына жана коомдук-социалдык обьектилерди куруу үчүн жер участокторун которууга (трансформациялоого) 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Жобонун 3-бөлүмүнүн 23-пунктуна негиз иш алып баруубуз керек.
Азыркы учурда Т.Кулатов атындагы айыл аймагында турак-жай куруу үчүн жер участокторун сурап, жазган 3000 ашуун атуулдардын арыздары катталган. Катталган арыздарды канааттандыруу максатында Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринин атуулдарга жеке менчик турак-жай салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жери” категориясына жана коомдук-социалдык обьектилерди курууга көп жылдык кайрак айдоо аянттарынан Арык-Тейит участогунан №5242 контурунан 3,88 га , № 5245 контурунан 4,36 га, Кызыл-Булак участогунан №6205 контурунан 6,60 га, № 6623 контурунан 14,10 га, № 6649 контурунан 13,40 га , № 6625 контурунан 5,0 га , №6648 контурунан 4,90 га , № 6627 контурунан 4,90 га, № 6647 контурунан 3,50 га, № 6637 контурунан 2,0 га, Баглан участогунан №448 контурунан 15,5 га, Беш-Салаа участогунан №136 контурунан 15,70 га, № 159 контурунан 19,10 га, жалпы кайрак айдоо 112,94 га жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук берүүбүз керек.
“Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынанан “ Калктуу конуштардын жери” категориясына каторуп берүүгө тиешлүү документтерин даярдап, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жарандарын жер учстоктору менен камсыздоого жетишүү айыл өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
1. Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн карамагына кирген: айылдардын саны -5, калктын саны - 20601 адам.
2. Географиялык жайгашкан жери: Ош облусунун түштүк бөлүгүндө, ал эми Ноокат районунун батыш бөлүгүндө жайгашкан.
Климаты: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө климаты кескин континенталдуу, жайы ысык, кышы өзгөчө суук болуп төрт айга созулат.
к/н № | Негизги көрсөткүчтөр | Маалымат | |
1.3. | Административдик-географиялык жайгашуусу: | Т.Кулатов айыл өкмөтү 1995-жылы уюшулган. Ош облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүнө 5 айыл кирет.
| |
Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык, км менен: | 15 | ||
Жакынкы аэропортко чейинки аралык, км менен: | 84 | ||
Дениз денгээлинен бийиктиги, метр менен: | 1200-1700 | ||
|
| ||
1.4. | Жалпы аянты , миң. кв. км менен | 29154,0 | |
|
| ||
1.5. | Калкы–жалпы адам саны | 20601 | |
аныничинен: Эркектер - баары; | 10230 | ||
Аялдар - баары; | 10371 | ||
Анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
| ||
0-15жаш | 6169 | ||
16-62 жаш | 12883 | ||
63жаштан жогору | 1549 | ||
1.6. | Улуттуккурамы, адам саны менен: |
| |
кыргыздар | 20595 | ||
өзбектер | 6 | ||
орустар | 0 | ||
украиндер | 0 | ||
немецтер | 0 | ||
татарлар | 0 | ||
уйгурлар | 0 | ||
дунгандар | 0 | ||
түрктөр | 0 | ||
тажиктер | 0 | ||
казахтар | 0 | ||
башкаулуттар | 0 | ||
1.7. | Айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлердин саны | 24 | |
1.8. | Коомдукбирикмелер: |
| |
Аксакалдар соту | 1 | ||
Коомдук профилактикалык борбор | 0 | ||
Укуктук тартипти коргоо кошундары | 5 | ||
Милицияга көмөктөшүүчү отряддар | 0 | ||
Аялдар комитети | 1 | ||
Бей өкмөт уюмдар: | 0 | ||
аялдар коомдук уюму | 0 | ||
Адам укугун коргоо боюнча | - | ||
Жана башкалар | - | ||
II. Калкты социалдык жактан коргоо
2.1 | Калктын социалдык жактан аярлуу катмардагыларынын саны, адам: |
|
категорияларбоюнча |
| |
пенсионерлер | 445 | |
Пенсионерлерге 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 29370000 | |
аз камсыздыгы боюнча пособия алуучулар | 481 | |
Аз камсыздыгы боюнча пособия алуучуларга 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 1 037 610 | |
Айыл аймакта социалдык фонд башкармалыгынан пенсия алуучу майыптар | 253 | |
Айыл аймактын социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган майыптар жана 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 759 000 | |
а.и. майып балдар | 81 | |
эмгектин жана согуштун ветерандары | 65/1 | |
Согуштун ветерандарынын саны жана 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 780 000 | |
жалгыз бой-энелер жалгыз бой-аталар | 10/- | |
жумушсуздар (официалдуу катталгандар) | 200 |
III. Калкты жумуш менен камсыздоо
3.1 | Калктын орточо жылдык жумуш менен камсыздалуусу (миң. адам) |
|
анын ичинен: | - | |
Экономика тармагында | - | |
Балыкчылык , тоо-кенөнөр жайында | - | |
Кайра иштетүүчү өнөр жайында; | - | |
Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасында; | 437 | |
Транспорт жана байланыш тармагында; | 6 | |
Соода, авто унаа оңдоо, тиричилик буюмдары жана жеке пайдалануучу буюмдарды жасоодо; | 4 | |
Саламаттыкты сактоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө | 7 | |
Электр кубаттуулугун өндүрүү жана бөлүштүрүүдө | - | |
Суу чарба тармагында | - | |
Курулушта | - | |
Мейманкана жана ресторандарда | - | |
Финансылык ишмердүүлүктө | - | |
Кыймылсыз мүлктөр менен операция жүргүзүү, ижарага берүү жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдө | - | |
Мамлекеттик башкаруу органдарында | - | |
Билим берүү тармагында | 10 |
IV. Райондун социалдык-маданий өнүгүүсү
4.1 | Билим берүү |
|
мектепке чейинки мекемелердин саны: | 7 | |
алардагы балдардын саны | 380 | |
Тарбиячылардын саны | 111 | |
жалпы билим берүүчү мектептеринин саны: | 10 | |
Башталгыч | 9 | |
Негизги | 10 | |
Орто | 10 | |
Алардагы окуучулардын саны | 3343 | |
Мугалимдердин саны | 298 | |
|
| |
|
| |
|
| |
|
| |
4.2 | Саламаттыкты сактоо |
|
Райондук оорукана | - | |
Медициналык мекемелердин саны | - | |
Ноокат аймактык ооруканадагы медицина кызматкерлеринин саны жана берилген айылык акы (мин сом) | - | |
Үй -бүлөлүк медицина борбору | - | |
Mедицина кызматкерлеринин саны жана берилген айылык акы (мин сом) | 5 357 499 | |
Mедицина кызматкерлеринин саны жана берилген айылык акы (мин сом) | 6000 | |
Үй -бүлөлүк дарыгерлер топтору (ГСВ) | 1 | |
Аптека | 1 | |
Аймактык ооруканадагы жана аймактардагы керебеттердин саны | - | |
Аймактык ооруканадагы дарыгерлердин саны, адам | 2 | |
Аймактык ооруканадагы кенже медицина кызматкерлеринин саны | 7 | |
Аймактык ооруканадагы орто медициналык персоналдын саны | 37 | |
ФАП | 5 | |
4.3 | Маданият тармагы |
|
Райондук,айылдык маданият үйү | 1 | |
Китепканалар | 2 | |
Музейлер | 1 | |
Театрлар | - | |
Клубдар | 1 | |
Эс алуу жайлары | - | |
Жеке кызыкчылыктагы ийримдер | 4 | |
Парк жана балдар аянтчалары | - | |
Маданият кызматкерлеринин саны, адам | 4 | |
| Маданият кызматкерлерине 2017-жылы берилген акча каражаттын суммасы (мин сом) | 12950,0 |
4.4
| Турак-жай фонду |
|
Турак -жайфондунунжалпыаянты, миң кв. метр | 9670 | |
Анын ичинен; |
| |
Жеке менчиктурак-жай фонду | - | |
Мамлекеттиктурак-жай фонду | - | |
Коомдуктурак-жай фонду | - | |
Турак-жайкурулушкооперативи | - | |
Бир адамга орточо туура келген жашаган турак-үйдүн жалпы аянты, кв.метр менен | - |
V. Экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыздоо
5.1 | Айыл, токой чарбасы,аңчылык жана балыкчылык |
|
5.1.1
| Айыл чарбачылыгына багытталган жалпы жер аянты, га | 12637 |
Жалпы айдоо аянты (га), | 2741 | |
Суулуу | 1023 | |
Кайрак | 1718 | |
Жалпы аянты: (га) |
| |
Чөп орунду | - | |
Жайыт | 7348 | |
Кенкатмары | - | |
Көп жылдык отургузулган дарактар(бакча) | 135 | |
Эшик алдындагы бакча участогу: (га) |
| |
Мөмөлүү | 187 | |
Жүзүм зарлар | - | |
Бахча өсүмдүктөрү | - | |
Токойчулук фондунун жалпы жер аянты (га) | 9869 | |
Аңчылыка ылайыкталган жалпы жераянты (га) | - | |
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери | 684 | |
Анын ичинен ижарага берилген жерлер | 595 | |
Айыл чарба ишканалары: |
| |
Токой чарбасы | - | |
Айыл чарбасы | 3506 | |
Фермердик жана дыйкан чарбасынын продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар,жеке менчикти кошкондо | - | |
Айыл чарба кооперативдери | - | |
Кредиттик союздар | - | |
Кредиттик портфелдин жалпы жыйынды көлөмү, млн.сом менен | - | |
Берилген кредиттердин өлчөмү, млн. сом. | - | |
|
| |
5.1.2
| Продукция өндүрүү (түрлөрү жана натуралай) 2016-жыл ичинде | Продукциянынны туралай түрү (миң. тонна ) |
Өсүмдүк продукцияларын өндүрүү (миң. тонна) |
| |
Дан азыгы | 23839,4 | |
Картошка | 23303,7 | |
Тамеки | - | |
Жашылча | 14850 | |
Мөмө-жемиш | - | |
Мал чарбачылыгынын продукциясын өндүрүү |
| |
Эт (союлганмассасы) (миң. тонна) | 6818 | |
Сүт(центнер) | 27155 | |
Жумуртка , (миң.даана) | 235587 | |
Жүн (физикалыксалмагы) (миң. тонна) | 195 | |
5.1.3 | Айыл жана токой чарбасынын, аңчылык жана балыкчылык боюнча продукцияларын кайра иштетүүчү реалдуу ишканаларынын саны | Саны (бирдикменен)
|
Нан өндүрүүчү жана данды кайра иштетүүчү ишканалар (тегирмен жана бышыруучу) | 1 | |
Дан азыгын кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Нан өндүрүүчү ишканалар | 2 | |
Мөмө, жемиш жана жашылчаны кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Эт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Тери жана булгарыны кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Арак,вино,пиво ичимдиктерин жана минералдык суусундуктарды чыгаруучу ишканалар | - | |
5.2 |
Өнөр жайы | Саны (бирдик менен) |
5.2.1 | Аракеттеги өнөр-жай ишканалар |
|
I. Тоо-кенөнөржайы |
| |
Отун-энергетикасына пайдалуу кендерди казып алуу | 1 | |
Пайдалуу кендерди казып алуу, отун энергетикасынан башкасы | - | |
II. Кайра иштетүүчүишканалар |
| |
Тамак-аш азыктарын өндүрүү, тамеки жана суусундуктарды кошкондо: | - | |
Текстиль жана тигүүчүлүк өндүрүшү | - | |
Тери, териденжасалганбуюмдардыөндүрүүжана бут кийимөндүрүү | - | |
Жыгач иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдардыөндүрүү | - | |
Нефти продукциясынөндүрүү | - | |
Целлюлозалык-кагаз өндүрүү: | - | |
Басмакана өндүрүшү | - | |
Химиялык өндүрүш: | - | |
Пластмасса жана резина буюмдарын өндүрүү | - | |
Металл эмес башка минералдык продукциялардыөндүрүү | - | |
Металлургиялык өндүрүш жана даяр металл буюмдарын өндүрүү | - | |
Машина жана анын жабдыктарын өндүрүү | - | |
Электр жабдыктарын өндүрүү; | - | |
Электрондук жана оптикалык: | - | |
Өнөр-жайдын башка тармактары | - | |
|
| |
5.3 | Туризм, соода, соода-өндүрүүишмердүүлүгү, үй-тиричиликти тейлөө (кызматкөрсөтүүчөйрөсү) | Саны (бирдик менен) |
5.3.1
| Аракеттеги туризм ишканасы жана анын кызмат көрсөтүү чөйрөсү |
|
Туризм ишканалары: | 1 | |
Мейманкана | 1 | |
Санатордук –курорттук мекемелер | - | |
Соода ишканалары | - | |
Соода-өндүрүш ишканалары(коомдук тамактануучу жайлар) | 23 | |
Автоунаа транспорту менен жүк ташуу ишканасы | - | |
Жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалары | - |
Программаны түзгөн жер адиси: Р.Ураимов