Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6 – чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 27-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджетин бекитип, 2019-жылдагы бюджетин аткарылышын жана 2020-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө»
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыкты иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Кулатов атындагы айылдык кеёешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2020-жылдын 1-январына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин чыгашалары 15815,2 мин сомго жүргүзүлсүн.
2. 2020-жылга айылдык бюджеттине 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2020-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык
Кенешинин төрагасы: А.Топчубаев
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин
(6 чакырылышы) кезектеги 27-сессиясынын
№1 токтомуна № 1 тиркеме
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен 2020-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(мин сом)
01.01.2020-жылга эсептик счеттундагы калдык | 15815,2 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 15815,2 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 983,2 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 20,0 |
коргонуу |
|
Айыл чарбачы | 8485,7 |
Коммуналдык Чарба | 264,5 |
Маданият | 453,2 |
Билим берүү | 5513,6 |
Социалдык коргоо | 95 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 15815,2 |
Т.Кулатов атындагы айылдык
Кенешинин жооптуу катчысы : А.Жээнбаева