Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №32-1
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасын алмаштыруу жөнүндө
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы И.Исмоилов башка мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматта иштеп жаткандыгыга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча байшкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 05-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде И.Исмоилов А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагалык кызматынан өз каалосу менен бошотуу жана айылдык кеңешинин төрагасы А.Тохтаев болуп шайлансын деген А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз 32 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы И.Исмоилов айылдык кеңешинин төрагалык кызматынан өз каалосу менен бошотулсун
2. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында 23 добушка ээ болгон депутат А.Тохтаев айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын .
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковаларга тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин
төрагасынын орун басары М.Улмасова