Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-ноябры №1
Ноокат шаарынын 2020-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовтун билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаарынын 2020-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовтун билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ноокат шаарынын 2020-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовтун билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары: Г.Арапова
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдын 9 (тогуз) айы үчүн бекитилген бюджетинин планынын киреше бөлүгү 48995,5 миң сомду түзөт.
Ал эми 9 (тогуз) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 48995,5 миң сомду түздү. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 9 (тогуз) айга такталган планы 38992,3миң сом болсо, 9 (тогуз) ай ичинде 34727,2миң сом же болбосо 14268,3 миң сомго кем аткарылып 70,9% болду.
1.Атап айтсак, киреше салык планы 16969,4 миң сом болсо, аткарылганы 17459,7 миң сомду тузуп, план 490,3миң сомго артыкча, же 102,9% ке аткарылды.
2.Бирдиктүү салык планы 251,4 миң сом болсо, аткарылганы 258,4 миң сомду түзүп, план 102,8 % ке, же 7,0 миң сомго артыкча аткарылды.
3.Патенттен тушкон салык планы 7783,2 миң сом болсо, аткарылганы 7723,3 миң сомду түзүп план 99,2 % ке, же 59,9 миң сомго кем аткарылды.
4.Кыймылсыз мүлк салыгы 1015,2 миң сом болсо, аткарылганы 1011,1 миң сомду түзүп, план 99,6 % ке, же 4,1 миң сомго кем аткарылды.
5.Транспорт салыгы планы 1750,0 миң сом болсо, аткарылганы 996,7 миң сомду түзүп, план 57 % ке, же 753,3 миң сомго аз аткарылды.
6.Жер салыгы план 1723,6 миң сом болсо аткарылганы 1672,2 миң сомду түзүп, план 97,0 %ке аткарылды, же болбосо 51,4 миң сомго аз аткарылды.
7.Сатуудан түшкөн салык планы 5463,8 миң сом болсо, аткарылганы 3709,7миң сомду түзүп, план 67,9% ке аткарылды, же 1754,1 миң сомго кем аткарылды.
8.Таштанды ташып чыгаруу салык планы 300,0 миң сом болсо, аткарылганы 302,7 миң сомду түзүп,план 100,9 % ке аткарылды, же 2,7миң сомго артыкча аткарылды.
9.Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 603,9 миң сом болсо, аткарылганы 190,0 миң сомду түзүп, план 31,5 % га, же 413,9 миң сомго кем аткарылды.
10.Авто токтоочу жайдан (порковкадан) планы 245,0миң сом болсо, аткарылганы 124,7 миң сомду түзүп, план 127,4 % ке аткарылды же 120,3 миң сомго аз аткарылды.
11.Акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүчү акы (Родителский взнос) планы 2600,0 миң сом болсо, аткарылганы 1095,0 миң сомду түзүп, план 42,1 % ке, же 1504,5 миң сомго аз аткарылды.
2019-жылдын 9 айына жалпы түшкөн киреше 43559,6 миң сом болсо 2020-жылдын 9 айында түшкөн жалпы киреше 34727,2 миң сом болду. 2019-жылдын 9 айына салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 8832,4 миң сомго киреше кем түштү.
Чыгаша болугу боюнча айтсам 2020-жылдын 1-январына калган калдык 746,2 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020 жылдын 9 айына такталган план 48995,5 миң сом 2020-жылдын 9 айына бекитилген план 38922,3 миң сом болуп, жалпы 9 айда 34727,2 миң сомго факт такталган.
Аткарылганы:
701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 78,5 % ке аткарылды
704 бөлүм Экономикалык маселелер бөлүмү 40,5 % ке аткарылды
702 болум Өзгөчө кырдалдар бөлүмү 63,7% ке аткарылды
706 бөлүм Коммуналдык чарба бөлүмү 64,8 %ке аткарылды
708 бөлүм Маданият тармагы 15 % аткарылды
709бөлүм Билим берүү тармагы 66,6 % аткарылды
710 бөлүм Социалдык коргоо тармагы 67,3 % аткарылды
Жалпы 66,9 % аткарылды.
Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика
бөлүмүнүн башчысы: М.Абдивахидов