Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 37/5
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн 2020-жылдын 08-майындагы № 02 протоколун бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XXXVII заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн 2020-жылдын 08-майындагы № 02 протоколунун негизинде Кенжебаев Менишбек Акжолович жайыт комитетинин төрагасы болуп бекитилсин жана комитеттин курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн (№1 тиркеме жана № 02 протокол тиркелет).
2. Эгерде комиссия курамындагы адистер жумуштан кеткен болсо, анын ордуна келген кызматкер автоматтык түрдө мүчө болуп саналсын.
3. Жайыт комитетине тиешелүү инвентарларды жана иш кагаздарын кабыл алуу боюнча комиссия түзүлүп, актынын негизинде өткөрүп берилсин.
4. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракеттерин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Кенжебаевге жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Төрага: З.Боронов.
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын 2020-жылдын “ 16 ” июнундагы кезектеги
XXXVII заседаниясынын № 37/5 токтомуна № 1 тиркеме
Жошолу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин курамы:
1. Кенжебаев Менишбек -жайыт комитетинин төрагасы,
2. Т.Абдырахманов –айыл өкмөт башчысы,
3. З.Боронов –айылдык кеңештин төрагасы,
4. К.Чапыев –салык кызматкери,
5. М.Шамшиев –айылдык кеңештин депутаты,
6. К.Кармышаков –айылдык кенештин депутаты,
7. С.Алымкулов –айыл өкмөттүн ветеринардык адиси,
8. Б.Абдылдаев -айылдык кенештин депутаты,
9. Ж.Зикиров –айыл өкмөттун жер адиси,
10. Бардык айылдын айыл башчылары,
Төрага: З.Боронов.
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын 2020-жылдын “ 16 ” июнундагы кезектеги
XXXVII заседаниясынын № 37/5 токтомуна № 2 тиркеме
Жаны-Турмуш айылы 08.05.2020
Жыйындын башчысы: Т.Абдырахманов - айыл өкмөтүнүн башчысы
Катчысы: К.Чапыев - а/ө салык кызматкери
Катышкандар: Жошолу айыл өкмөтүнүн бардык айыл башчылары, айылдык кенештин депутаттары, айыл өкмөт бардыгы 11 адам
Күн тартибиндеги маселе: Жошолу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын башка ишке өткөңдүгүнө байланыштуу жайыт комитетин шайлоо.
Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахманов сөз сүйлөп, жайыт комитетинин башка ишке өткөндүгүн айтып, сөздү жайыт комитетине иштейм деген эки талапкерге берилди.
Жарыш сөзгө: Иманахунов Мажи- Осоавиахим айылынын тургуну, жайыт комитетинин төрагалыгына талапкер: - Ишеним көрсөтсөнүздөр иштеп беришке даярмын. Таза, так иштеп берем.
Кенжебаев Менишбек- Аюу-Тапан айылынын тургуну, жайыт комитетинин төрагалыгына талапкер: - Ишеним көрсөтүп берсениздер иштеп беришке даярмын.
Т.Абдырахманов: - Шайлоону ачык же жабык добуш менен өткөрүүнү сунуштады.
Б.Абдылдаев: Жайыт комитетинин иши оор экендигине токтолду. Жайыт пулдун топтому кыйын экендигин айтып тажрыйба бөлүшүп турууну айтты.
Жарыш сөзгө Миязды айылынын айыл башчысы Исаков Эргазы жана Осоавиахим айылынын айыл башчысы Аскарбеков Сагындар чыгып сүйлөп, шайлоо жабык добуш менен шайлоону сунушташты.
Бардыгы жабык добуш менен өтүүгө макул болушту.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, жыйын
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Жабык добуш менен эки талапкер Кенжебаев Менишбек 4 добуш
2. Иманахунов Мажи 5 добуш алуу менен жайыт комитетинин төрагасы болуп шайланды.
3. Иманахунов Мажи өз каалоосу менен жайыт комитетинин төрагалык кызматын Кенжебаев Менишбекке тапшырып берди.
Жыйындын башчысы: Т.Абдырахманов
Катчысы: К.Чапыев