Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-майы № 38-1
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна 2020-жылдын 6 айына карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сураныч катын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна төмөнөкү тизмеге жана 1-2-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
Жайыт комитетине АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында айыл аймагына автосамосвал сатып алуу үчүн өздүк салым катары 443 750 (төрт жүз кырк үч миң жети жүз элүү сом) сом акча каражаты ажыратылсын.
Б. Матаипов атындагы “Алашан” орто мектебине “Маданият” орто мектебине, “Алашан келечеги” балдар бакчасына жана “Ак шоола” балдар бакчасына интернет желесин тартуу боюнча аткарылган долбоорго өздүк салым катары 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
Аппарат кызматкерлеринин ишин алдыга жылдыруу жана колдоо үчүн компьютер сатып алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом ажыратылсын.
Балдар бакчаларына мебел алуу үчүн долбоорго катышкан бакчаны колдоо максатында 35 000 (отуз беш миң) сом.
2. 2020-жылдын 6 айына карата 1-2-тиркемеге негиз Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин
3. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык
кеңешинин төрагасы: Н.Туманов.
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын
Кезексиз 38-сессиясынын №38-1 токтомуна
№1-тиркеме
Элементтер | Кирешелердин аталышы | 2020-жылдын 12 айына карата бекитилген план |
2020-жылдын 12 айына карата күтүлүүчү план | 2020-жылдын 6 айына карата бекитилген план | 2020-жылдын 6 айына карата күтүлүүчү план | Кутулуудөгү
| |
11121100 | Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык | 127,0 | 80,0 | 55,8 | 8,8 | -47,0 | |
11122200 | Ыктыярдуу патент төлөмү | 2820,0 | 2560,0 | 1412,8 | 1152,8 | -260,0 | |
11442 | Роялти | 546,0 | 446,0 | 241,7 | 141,7 | -100,0 | |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап калганы үчүн акы
| 2570,0 | 2117,0 | 991,9 | 538,9 | -453,0 | |
Х | Жалпысы | 6063,0 | 5203,0 | 2702,2 | 1842,2 | -860,0 |
Бөлүм | Аталыштары | Берене | Аталыштары | Кыскаруучу сумма | |
70111 | Аппарат | 22111100 | Сапардамалык чыгымдар | -50,0 | |
70491 | Экономикалык маселелер | 22154900 | Учурдагы чыгымдар | -200,0 | |
70491 | Экономикалык маселелер | 31113290 | Актидер | -50,0 | |
70825 | Майрамдык иш-чаралар | 22154900 | Учурдагы чыгымдар | -250,0 | |
70911 | Балдар бакчалары | 22181100 | Тамак-аш продуктулары | -310,0 | |
Х | Жалпысы |
| -860,0 |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүнг
жооптуу катчысы: Н. Боронова
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-
чакырылышынын кезексиз 38-
сессиясынын №38-1 токтомуна
№2-тиркеме
Бөлүм | Берене | 1-кв. | 1-кв. | 2-кв. | 2-кв | 4-кв | 4-кв. | |
70111 | 31113290 |
|
| -713,8 |
|
|
| |
70111 | 31123230 |
|
|
| +35,0 |
|
| |
70491 | 31121230 |
|
|
| +443,8 |
|
| |
70911 | 31123230 |
|
|
| +100,0 |
|
| |
70911 | 31123210 |
|
|
| +35,0 |
|
| |
70921 | 31123230 |
|
|
| +100,0 |
|
| |
710 | 22154900 | -50,0 |
|
|
| -80,0 |
| |
710 | 27213100 |
| +50,0 |
|
|
| +80,0 | |
Х | -50,0 | +50,0 | -713,8 | +713,8 | -80,0 | +80,0 |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы: Н. Боронова