Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 41-1
Көк-Жар айыл өкмөтунун башчысынын жана ФЭБнун башчысынын 2020-жылдын 9 айына карата отчету жөнундө
Көк-Жар айыл өкмөтунун башчысынын жана ФЭБнун башчысынын 9 айда аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» жөнундөгу мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлумунун; 22-главасынын; 117-беренесине негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтунун башчысы С.Миңбаевдин жана ФЭБ нун башчысы Тургунбай уулу Айтибектин алты айда аткарган иштери 1-тиркемеге негиз, «канааттандырарлык» деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтунун башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун.
Көк-Жар айылдык
кенешинин төрагасы: О.Исаков
Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышын
кезектеги №41-сессиясынын
№41-1 токтомуна №1-тиркеме
Өнөр-жай тармагында өндурулгөн продукциялардын көлөму
Көк-Жар айыл аймагында өндурулгөн продукциянын көлөму:
2020-жылдын 9 айлыгында айыл аймагы боюнча 11 716 15 сомду тузду.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 айлыгында салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлугун толтурууда бир топ иштер аткарылды. Атап айтсак, 2020-жылдын 9 айлыгына бекитилген бюджети киреше жагы трансферттер менен бирге 21155,0 мин сом болуп, аткарылышы 20563,0 мин сомду болуп, 97,2% га аткарылды.
- 2020-жылдын башынан 9 айлыгында киреше салыгы боюнча 35532,9 миң сомго план такталып, 6760,8 миң сомго аткарылып, 122,2% ды түздү.
- Бирдиктуу салык декларациясы боюнча такталган план 62,1 мин сом болуп, бул салык 3,8 сомго аткарылып 6,1 пайызды тузду.
- Патент негизинде иш жургузгөн ишкерлерден алынуучу салык 1922,6 мин сомго такталып, 1975,1 мин сомго башкача айтканда 102,7% га аткарылды.
- Кыймылсыз мулк салыгы боюнча план 253,1 мин сомго бекитилип, 223,8 мин сомго аткарылып 88,4 %ды тузду.
- Кыймылдуу мулк салыгы боюнча 1770,0 мин сомго план такталып, 1651,3 миң сомго план аткарылып, 93,3 %ды тузгөн.
- Жер салыктары боюнча план 2236,0 мин сомго такталып, 2322,0 миң сомго толтурулуп, 86,0 миң сомго ашыкча башкача айтканда 103,8 %га ашыкча аткарылды.
- Сатуудан алынуучу салыктан 384,3 миң сом план бекитилип, 388,4 мин сомго аткарылып, 101,0%ды түздү.
- Роялти салыгынын турлөру боюнча жалпысы болуп 385,4 мин сомго план каралса, 387,5 мин сомго аткарылып, 100,5% ды тузду.
- Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы төлөөгө 1558,6 мин сомго план бекитилп, 390,4 мин сомго план аткарылып, 25,0% ды түздү. Себеби быйылкы жылы коронавирус илдетинин жайылышынан улам, чоң суммада төлөп берчу ишканалар иш жургузгөн эмес.
- Калктуу конуштарда жер ижарасы учун 56,0 миң сомго план бекитилип, ал эми аткарылышы 36,8 миң сомго аткарылган. Бул көрсөткуч пландан 19,2 мин сомго аз аткарылып, 65,7 %ды тузду.
- Жайыттан түшкөн салык эмес жыйым 230,1 миң сомго план такталса, ал эми аткарышы 301,6 миң сомду түзуп 131,1% ды тузду.
- КБФнын ижара акысына 364,0 мин сом пландаштырылса, 233,0 мин сомго аткарылып, 64,0% пайызды түздү.
- Муниципиалдык имараттарга төлөнуучу ижара акысына 84,0 мин сомго план такталса, аткарылышы 29,9 мин сомду тузуп, 35,6%ды тузду.
- Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык эмес жыйым 370,0 миң сом пландаштырылса, 405,5 мин сомго аткарылып, 109,6%ды тузду.
- Кызмат корсотуудон тушкон салык эмес жыйым 966,0 мин сом пландаштырылып, 467,5 мин сомго аткарылып, бул көрсөткуч 48,4%ды тузду. Бул план тапшырманын толбой калганынын негизги себептери балдар бакчаларынын коронавирус илдетинен улам иштебей калгандыгы болду.
-Аймактык инфраструктураны жогорулатууга 28,6 мин сом план такталып 33,2 мин сомго аткарылды, ал 116,1 % ды тузду.
-Республикалык бюджеттен тушкөн каражаттар 4951,5 мин сом такталып,4951,9 мин сомго аткарылды, ал 100,0 % ды тузду.
Жогорудагы планга толбой калган салыктын турлөру коронавирус(COVID-19) илдетинин кесепетинен улам пайда болду.
№ | Кирешелердин аталышы | Такталган план | Аткарылышы | (+, -) | % | |
1 | Киреше салыгы | 5532,9 | 6760,8 | 1227,9 | 122,2 | |
2 | Бирдиктуу салык декларациясы | 62,1 | 3,8 | -58,3 | 6,1 | |
3 | Патент негизиндеги салыктар | 1922,6 | 1975,1 | 52,5 | 102,7 | |
4 | Кыймылсыз мулк салыгы | 253,1 | 223,8 | -29,3 | 88,4 | |
5 | Кыймылдуу мулк салыгы | 1770 | 1651,3 | -118,7 | 93,3 | |
6 | Жер салыгы | 2236 | 2322 | 86 | 103,8 | |
7 | Сатуудан алынуучу салык | 384,3 | 388,4 | 4,1 | 101,0 | |
8 | Роялти | 385,4 | 387,5 | 2,1 | 100,5 | |
9 | Лицензия кармагандыгы учун салык | 1558,6 | 390,4 | -1168 | 25,0 | |
10 | Калктуу конуштарда ижара акы | 56 | 36,8 | -19,2 | 65,7 | |
11 | Жайыт толому | 230,1 | 301,6 | 71,5 | 131,1 | |
12 | КБФ толому | 364 | 233 | -131 | 64,0 | |
13 | Муниципиалдык имаратка ижара акы | 84 | 29,9 | -54,1 | 35,6 | |
14 | Таштанды толому | 370 | 405,5 | 35,5 | 109,6 | |
15 | Атайын каражаттар | 966 | 467,5 | -498,5 | 48,4 | |
16 | Аймактык инфраструктураны жогорулатуу | 28,6 | 33,2 | 4,6 | 116,1 | |
18 | Республикалык бюджеттен тушкөн каражаттар | 4951,5 | 4951,9 | 0,4 | 100,0 | |
Х | Итого | 21155 | 20563 | -592,7 | 97,2 |
Чыгаша бөлугу боюнча.
Чыгаша бөлугу боюнча 1-январдан 1-октябрына карата Көк-Жар айыл өкмөтунун чыгаша бөлугунун аткарылышы төмөнку таблица боюнча ар бир бөлумдөргө ажыратылды.
Чыгаша бөлумунун статьялар боюнча ажыратылышы.
№ | Чыгашалар | Такталган план | Аткарылышы | Аткарылышы % |
2111 | Эмгек акы | 3920 | 3917,4 | 99,9 |
2121 | Соц.фонд | 587 | 586,9 | 100,0 |
2211 | Командир. | 145 | 29,3 | 20,2 |
2212 | Байланыш | 83,9 | 39,1 | 46,6 |
2214 | Транспорт | 127,5 | 81,9 | 64,2 |
2215 | Башка чыгымдар | 2650,7 | 2565,5 | 96,8 |
2218 | Тамак аш | 700 | 277,9 | 39,7 |
2221 | Ремонт | 986,1 | 452,9 | 45,9 |
2222 | Чарба буюмдар | 648,7 | 174,4 | 26,9 |
224 | Комур | 891,6 | 833,5 | 93,5 |
2231 | Суу толомуно | 114,5 | 55,6 | 48,6 |
2231 | Электр энерг. жана сууга | 1952 | 1952 | 100 |
2721 | Льгота | 150 | 156,9 | 104,6 |
2824 | Резервдик фонд | 183 | 60,5 | 33,1 |
3111 | Курулмалар | 7112,9 | 2303,5 | 32,4 |
3112 | Жабдуулар | 1412,9 | 1176 | 83,2 |
| Атайын каражат | 1449 | 412,8 | 28,5 |
| Бардыгы: | 23114,8 | 15076,1 | 65,2 |
Чыгаша бөлугунө такталган план 23114,8 мин сомду тузуп, аткарылышы 15076,1 мин сомду тузду, башкача айтканда 65,2%га аткарылды. Себеби, өлкөдө коронавирус илдетинин кесепетинен көптөгөн пландар аткарылган жок.
Айыл чарбасы.
Жазгы талаа иштери . 2020-жылы жалпы кылкандуу дан 1802 га, анын ичинен буудай 1582 га, жаздык арпа 220 га, жүгөрү 900 га, картошка 170 га, жашылча 215 га, май өсүмдүгү 70 га, көп жылдык чөп 367 га жер аянттарына эгилди. Ал эми пайдаланылбай калган жер аянты жок.
Мал чарбасы
Ноокат районунун социялдык- экономикалык өнугуусунун жыйынтыктары жөнундөгу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 17-мартындагы №66-а буйругуна негиз карата төмөндөкудөй жумуштар аткарылды :
- Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп бере турган Көк-Жар айыл аймагыда Сары каңды жана Алашан айылдарына 0.50 га жер ар бир айылга мал соючу жайды куруу учун жер ажыратылып берилип азыркы кундө курулуш иштери башталган « Айыл чарба долбоорун ишке ашыруу бөлуму» (ОРСП) , « Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору менен иш алып барылып жатат.
- Ири муйуздуу малдарды,майда жандыктарды сибир жарасына, бруцеллезге карышы эмдөө иштери журуп – азыркы мезгилде 3-айдан,18-айга чейинки торпок кунажындарды штамма-19 ,РЕВ-1 менен эмдөө иштери журуп бугунку кунгө чейин Көк-Жар айыл өкмөту боюнча 1560 баш бодо мал ,ШТ-19 майда жандыктар РЕВ-1 менен 1000 баш эмделди.
Сатып алуулар боюнча 2020-жыл ичинде 9 айында аткарылган иштер.
Көк-Жар айыл аймагындагы 8 билим беруу мекемелерине интернет линиялары тартылып, аймактагы бардык мектептер заманбап окуу жабдыктары менен камсыз болушууда. Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим беруу мекемелерине 2020-жылдын 1-кварталы учун 1 090 000 сом сарпталды. Айыл өкмөтунун аппарат кызматкерлерине концелярдык товарларды сатып алууга 100 000сом акча каражаты сарпталды. 8-март куну буткул дуйнөлук аялдар кунунө карата концерттик иш-чаралар уюштурулуп 20 000 сомдук белектер тапшырылды. Айыл өкмөтунун кызматкерлерине 2даана компьютер жана 3даана принтер сатып алууга 150 000сом акча каражаты сарпталды. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолбун иттерди атууга 100 000сом акча каражаты ажыратылып берилди. Көрктөндуруу жана жашылдандыруу иштерине 200 000сом акча каражаты бөлунду. Көк-Жар, Алашан, Жийде, айылдарынын көчөлөрунө темир труба сатып алууга 277 000 сом акча каражаты сарпталды. Проектик сметалык документтерди даярдоого 400 000сом акча каражаты сарпталды. Электр лампа сатып алууга 150 500сом акча каражаты бөлунуп берилди. Тунку жарыткычтардын фото релесин алмаштырууга 35 000 сом акча каражаты сарпталды. Сарыканды айылынын жаңы конуштарына жогорку чыналуудагы электр мамычаларын сатып алууга 115 500сом акча каражаты сарпталды. Көк-Жар айыл аймагындагы билим беруу мекемелерине компьютердик жабдыктарды сатып алуу учун 250 000 сом акча каражаты сарпталды. 21-март элдик Нооруз майрамына карата концерттик программа уюштурулуп 60 000сом акча каражаты сарпталды. Борбаш орто мектебинин ашканасын ремонттон өткөруугө 200000сом,Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим беруу мекекмелерине июнь,июль,август жана сентябрь айларында тамак аш продуктуларын сатып алууга 1343012 сом,Көк-Жар айыл аймагынын көчөлөрунө тунку жарыткычтарды орнотууда керектелуучу жабдыктарды сатып алууга 100 000 сом, Жийде жана Каранай айылдарына таза суу линияларын тартуу учун керектелуучу жабдыктарды сатып алууга 278270сом, 1С порграммасына окутуп уйрөтуу кызматы учун 96000сом,Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билми беруу мекемелерине эмеректер сатып алуу (мебель эки кабаттуу кровать,стол-стул жана парта) 280000сом,Көк-Жар айыл аймагында 1-октябрь карыялар кунунө карата жашы улгайган инсандарга белектерди сатып алуу учун 30000мин сом акча кражаттары сарпталды.
Социалдык тармакта аткарылган иштер.
Көк-Жар айыл аймагында 6 айыл, 8 мектеп, 7 бала бакча, жайгашкан. Көк-Жар айыл өкмөтунун калкынын саны 22 255. Көк-жар айыл аймагында 2018-2020-жылдары коомдук саламаттыкты сактоо жана өтө кооптуу жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча, айылдарда тушундуруу иштери жургузулуп, билим беруу мекемелеринде тазалыкты сактоо жана идиш-аяктарды дезинфекциялоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Айыл аймагына бала бакча жана мектептерде суу тутукчөлөру тартылып, таза суу менен камсыз болгон жана балдар бакчаларында , мектептерде таштанды таштоочу жайлар даярдалып алынып чыгарылып турат. Айылдын тазалыгын сактоо максатында “Тазалык” ишканасы тарабынан таштанды ташуучу машина уюштурулуп айылдан сырткары чыгарылып турат. Тамактануучу жайларды жана азык-тулук сатуучу дукөндөрду социалдык комиссиянын курамы менен биргеликте текшерилип турат. Ар ай сайын Ноокат райондук СЭС тарабынан текшеруу болуп турат.
Көк-Жар айыл өкмөтундө 2017-жылы 2017-2021-жылдарга Кургак учук-5 программасыныны негизинде иш чара тузулуп, иштер алып барылууда. Жугуштуу дарттын алдын алуу максатында, атайын флюрография аппаратынан өтуп текшерилип турушат. Аймактык /БДТ кызматкерлери баардык мектеп окуучуларын, башкача айтканда 764 мектеп окуучусун, 276 мектеп мугалимдери, 61 бала бакча, 96 медицина кызматкерлери, контактагы 104 жаран текшеруудөн өтушту. ВИЧ СПИД боюнча 10 жаран катталып, 50мин берилди, 1-декабрь айында 10 кишиге дагы 500 сомдон материалдык жардам берилет. Кургак учук менен ооруган 25 жаранга эки миң сомдон берилди. Жети-Өгуз районуна барып келуугу жол акы 3миң сомдон алты мин ажыратылды. Кылмыштуулуктун алдын алуу, суицит, диний экстремизм, зордук зомбулуктун, эрте никенин алдын алуу максатында илдетке байланыштуу аралык окуу учурунда маалыматтар берилип жатат. Аз камсыз болгон уй-булөлөргө өкмөт жана демөөрчулөр тарабынан дагы 172 миң сомдук материалдык жардамдар ажыратылды. Даталуу кундөр 1-июнь 1-октябрь энелер куну акчалай айыл өкмөту тарабынан берилди. 2020-2021-окуу жылы башталып окуучулар аралык окууга тартылып билим алып жатышат. Корановирус илдетине байланыштуу иш-чаралар өткөрулгөн жок. Ноокат райондук ички иштер бөлуму тарабынан рейд өткөрулуп, жат көрунуш зордук-зомбулук иштери катталган жок.
Маданият тармагы.
Көк-Жар айылдык маданият уйунун 2020-жылдын 9 айында жургузгөн иштери тууралуу, январь айында 2019-жылда аткарган иштери тууралуу отчетту Ноокат райондук маданият бөлумунө тапшырып, 2020-жылга карата иш-пландарды тузуп бекиттирдик. Жогорку огандардан келген каттарга өз убагында жооп жазып, маалыматтарды тиешелуу органдарга жөнөтуп турдук.
Кыргыз Республикасынын Улуттар аралык ынтымакты сактоо, ар бир этностун өз ара карым катнашына шарт тузуу максатында Көк-Жар айыл өкмөтундөгу билим беруу мекемелеринде, маданият уйундө Эне тил кунунө карата иш-чаралар болуп өтту. Атап айтсак, маданият уйундө ак элечек апалардан тузулгөн маданият уйунун алдында уюшулган “Көк-Жар айымдары” фольклордук тобу “Эне тилим –журөгумдун пирисин” аттуу иш-чара өткөрушту. Иш-чарага айыл өкмөтунун башчысы С. Минбаев, айыл өкмөт кызматкерлери, аялдар кенешинин төрайымы С. Маматалиева, райондук маданият бөлумунун кызматкери А. Камчыбекова жана бардык айыл өкмөттөрдөгу апалардан тузулгөн топтор келип катышты. Андан тышкары, “Маданият” орто мектебинин окуучулары “Эне тилин даназалайм”, “Борбаш” орто мектеби “Эне тилим-менин асыл мурасым”, “Жийде” орто мектеби “Эне тилибиз-көздун кареги” аттуу иш-чара өткөрушту. Айыл аймагындагы бала бакчаларда да атайын Эне тил кунунө карата иш чаралар болуп өтту.
8-март- Аялдардын эл аралык майрамына карата райондук администрация жана маданият бөлуму тарабынан уюштурулган “Атам, апам жана мен” аттуу кароо –сынакка “Жийде” айылынын тургуну Жунусов Омурзактын уй-булөсу катышып, 2-орунду ээлешип райондук администрациянын баалуу белегине ээ болушту. Андан тышкары маданият уйундө чон программада концерт уюштурулуп, айыл аймагындагы айымдарга тартууланды жана айыл өкмөту тарабынан белектер тапшырылды. Айыл аймагындагы билиим беруу мекемелеринде 8-март майрамына карата кароо-сынактар уюштурулуп өткөрулду. Атап айтсак, Көк-Жар орто мектебинде 10-класстын кыздары арасында “Айымдар-өмурдун кулу,жаздын жарчысы” аттуу кароо-сынак уюштурулуп,өткөрулду. Кароо-сынакта кыздар өздөрунун өнөрлөрун өтө чеберчилик менен көрсөтө алышты.Мыкты даярдыктары менен 10 “а”классынын кыздары женишке жетишти.
Апрель-май айларында айлана чөйрөну көрктөндуруу, тазалыкты сактоо максатында гул көчөттөрун отургуздук жана маданият уйундөактоо-сырдоо иштери жургузулду.
Өлкөбуздө коронавирус илднтинин жайылганына байланыштуу айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте коронавирус илдетин алдын алуу максатында айыл аймагында жашаган элдерге тушундуруу иштерин жургузуп турдуук.Бир аптада эки жолу ун кучөткөчтөр менен айылдарды кыдырып, егер зарылчылыгы болбосо көчөгө чыякпай уйдө отурууну, көчөдө маска тагып журууну, атисептикалык каражаттарды пайдаланууну,балдарды кароосуз калтырбоону, топтолгон жайлага барбоону ескерттик.
Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата көрнөк-жарнактарды илдик. Айыл өкмөт башчысы С.Минбаев жетектеген айыл өкмөт кызматкелери именен биргеликте эстеликке гулчамбарларды коюп, курман болгондорго атап куран окулду. Ошондой эле айыл аймагындагы тылда эмгектенген ардагерлнрге айыл өкмөту тарабынан белектер берилди.
1-июнь –Балдарды коргоо кунунө карата айыл аймагындагы бардык балдарга онлайн конкурс жарыяладык. Конкурста ырдоо,бийлөө, ыр жазуу жана сурөт тартуу боюнча эн мыкы аткарган балдарга айыл өкмөту тарабынан белектер тапшырылды. Ошондой эле мумкунчулугу чектелген балдарга айыл өкмөту тарабынан жардамдар берилди.
Исхак Разаковдун туулган кунунун 110 жылдыгына карата Көк-Жар айыл өкмөтундө чоң жолдун боюнда 6х3 өлчөмундө баннер илинди. Ошондой эле, Ноокат райондук маданият бөлумунун тапшырмасы менен маданият бөлумунө Исхак Разаковдун ишмердиги, өмур жолу туурасында онлайн видео ролик даярдап жөнөттук.
Айыл өкмөтунун алдындагы аянтка Исхак Разаковдун ишмердиги, өмур жолу, айткан сөздөру жазылып илинди. Мисалы “Сен таза болсон, мен таза болсом, коомда таза болот” жана Улут болсом, тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун деген сыяктуу учкул сөздөру илинди.
Спорт тармагы.
Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу жана “Коопсуз ордо” долбоорунун алкагында көптөгөн иш чаралар өткөрулуп жатат.
Көк-Жар айыл аймагында жаш өспурум балдарынын коопсуздугун жана ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында, ата-энелер комитети жана мектеп директорлору, соц.педагог менен биргеликте алдын ала тушундуруу иштери жургузулду. Андан сырткары Көк-Жар айыл өкмөтунун соц.адиси Г.Маматалиева, жаштар иштери боюнча адиси Примкул кызы Тахмина тарабынан тузулгөн иш мерчемдерин эске алуу менен Көк-Жар АМБнун аймактык тескөөчулөру менен биргеликте, тунку компьютердик клубдар текшерилип, клубдун башчыларына эскертуу иштерин жургузуу менен жаш өспурумдөр арасында алардын ден-соолугуна коркунуч келтируучу “банги заттарды” колдонбоосу эскертилди.
Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча Көк-Жар айыл аймагында көптөгөн спорт боюнча иш чаралар өткөрулуп келуудө.
Акыркы маалыматтардан ала турган болсок, 2020-жылдын Тайланд мамлекетинде болуп өткөн мелдешке Көк-Жар айыл аймагындагы жаш спортсмендер барып, спорттун Пенчак-Силат Микс-Силет жана башка турлөрунөн өздөрурун кучун сынап алдынкы орундарга ээ болушуп алтын медал коло медалга ээ болуп кайтышты ,жаш спортчуларга колдоо көрсөтуу жана ошондой эле сыйлоо максатында айыл өкмөтунун өздук казынасынан 3500 (уч миң ) сом акча каражаты бөлунду.
Көк-Жар айыл аймагындагы мечиттерде да жума намазынын алдынан Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча жума сайын тушундуруу иштери жургузулуп келет. Азыркы убакта диний экстремизмдин алдын алуу боюнча эч кандай мыйзам бузуулар жок экендигин маалымдайбыз.
Көк-Жар айыл
өкмөтунун башчысы: С.Миңбаев