Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 41-2
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна 2020-жылдын 9 айына карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сураныч катын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна төмөнөкү тизмеге жана 1-2-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында обсервацияга алынган имараттардын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуп тууруусу үчүн, таза суу линияларын утурумдук оңдоо иштери жана имараттарды кыш мезгилине карата оңдоо жана үзгүлтүксүз элге кызмат кылуу үчүн шарт түзүп берүү максатында, жалпысы болуп 179 000 (бир жүз жетимиш тогуз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
Борбаш айылынын Таштак участкасына көпүрө куруу үчүн 130 000 (бир жүз отуз миң) сом ажыратылсын.
Көк-Жар кабырыстанына суу кетүүчү латок орнотуу кызматы үчүн
20 000 (жыйырма миң) сом ажыратылсын.
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарынын санитардык абалын жакшыртуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
Аппарат кызматкерлеринин ишин алдыга жылдыруу жана колдоо үчүн компьютер сатып алуу максатында 35 000 (отуз беш миң) сом ажыратылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын иштөөсүнө шарт түзүп берүү максатында 58 500 (элүү сегиз миң беш жүз) сом ажыратылсын.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Борбаш айылында жайгашкан китепкананы кыш карата жылуулоо үчүн 27 500 (жыйырма жети миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. 2020-жылдын 9 айына карата 1-2-тиркемеге негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык
кеңешинин төрагасы: О. Исаков
Көк-Жар айылдык кеңешинин
6-чакырылышынын
кезектеги 41-сессиясынын
№41-2 токтомуна
№1-тиркеме
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
Элементтер | Кирешелердин аталышы | 2020-жылдын 12 айына карата бекитилген план | 2020-жылдын 9 айына такталган план | 2020-жылдын 9 айына карата аткарылган | Кутулуудөгү | |
11111100 | Киреше салыгы | 7380 | 5532,9 | 6760,8 | 1000 | |
11121100 | Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык | 127 | 62,1 | 3,8 | -50 | |
11122100 | Милдеттуу патент | 160 | 98,4 | 89,1 | -25 | |
11122200 | Ыктыярдуу патент төлөмү | 2820 | 1824,2 | 1885,9 | -350 | |
113121 | Кыймылдуу мүлк салыгы | 1770 | 1770 | 1651,3 | -50 | |
11321100 | Тамарка салыгы | 650 | 650 | 717,2 | 67,2 | |
11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 620 | 555 | 623,8 | 50 | |
14151200 | Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия акы | 2570 | 991,6 | 390,4 | -1500 | |
14152200 | Жайыт төлөмү | 418,3 | 230,1 | 301,6 | 131,7 | |
14232900 | Атайын каражаттар төлөмү | 1932 | 966 | 467,5 | -1462 | |
Х | Жалпысы | 18029 | 12450 | 12590 | -2188,1 |
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ.
Бөлүм | Аталыштары | Берене | Аталыштары | Кыскаруучу сумма | |
70111 | Аппарат | 2211 | Сапардамалык чыгымдар | -100 | |
2215 | Ар түрдүү чыгымдар | -50 | |||
Жалпысы 70111 |
| -150 | |||
70429 | Жайыт | 2215 | Ар түрдүү чыгымдар | +131,7 | |
Жалпысы 70429 |
| +131,7 | |||
70629 | Турак-жай коммуналдык чарбасы | 2215 | Ар түрдүү чыгымдар | -55 | |
Жалпысы 70629 |
| -55 | |||
70825 | Майрамдык иш-чаралар | 2215 | Ар түрдүү чыгымдар | -277,8 | |
Жалпысы 70825 |
| -277,8 | |||
70911 | Балдар бакчалары | 2218 | Тамак-аш продуктулары | -300 | |
2221 | Учурдагы оңдоо иштери | -10 | |||
Жалпысы 70911 |
| -310 | |||
70921 | Мектептер | 2212 | Интернет кызматы | -50 | |
2221 | Учурдагы оңдоо иштери | -15 | |||
Жалпысы 70921 |
| -65 | |||
Баарысы |
| -726,1 | |||
АТАЙЫН КАРАЖАТТАР.
70911 | Балдар бакчалары | 2218 | Тамак-аш продуктулары | -1462,0 |
Жалпысы 70911 |
| -1462,0 | ||
Баарысы |
| -1462,0 | ||
Көк-Жар айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы: Т. Пирматов.
Көк-Жар айылдык кеңешинин
6- чакырылышынын кезексиз
41-сессиясынын №41-2 токтомуна
№2-тиркеме
Бөлүм | Беренелер | Жалпысы | |||||
2212 | 2215 | 2221 | 2222 | 3111 | 3112 | ||
70111 |
|
| 8,5 |
|
| 85 | 93,5 |
70429 |
| 164,6 |
|
|
| -164,6 | 0 |
70491 |
|
| 20 |
| 30 |
| 50 |
70629 |
| 20 |
|
| -100 |
| -80 |
70821 |
|
| 27,5 |
|
|
| 27,5 |
70823 |
|
|
|
| 79 |
| 79 |
70911 |
|
|
| 50 |
| -100 | -50 |
70921 | -20 |
|
|
|
| -100 | -120 |
Х | -20 | 184,6 | 56 | 50 | 9 | -279,6 | 0 |
Көк-Жар айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы: Т. Пирматов