Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/8
Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен кирешелер планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 28-октябрындагы №13, 2019-жылдын 29-ноябрындагы №15 жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 22-ноябрындагы №9 протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына 1-тиркемеге ылайык 2000,0 миң сом өлчөмүндө тактоо киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен 2019-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен тийиштүү мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
4. Кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштердин мыйзамдуулугун тактап, тийиштүү документтерин даярдагандан кийин каржылоо МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Ибрагимовго жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
5. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен 2-тиркемеге ылайык МММБ департаментине 1919,0 миң сом, Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына 81,0 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын
10-декабрындагы кезектеги XX сессиясынын
№20/8 токтомунун 1-тиркемеси
2019-жылда Өзгөн шаарынын бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен тактоо киргизиле турган салыктын түрлөрүнүн тизмеси.
№ |
Аталышы |
Керектелүүчү каражат (миң сом) |
1 |
Киреше салыгы |
500,0 |
2 |
Сатуудан алынуучу салык |
1500,0 |
|
Жыйынтыгы |
2000,0 |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын
10-декабрындагы кезектеги XX сессиясынын
№20/8 токтомунун 2-тиркемеси
2019-жылда Өзгөн шаарынын бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган кошумча иштердин тизмеси.
№ |
Аталышы | Керектелүүчү каражат (миң сом) |
1. | Өзгөн тазасуу жана саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушуна үлүш жер ээлеринен жер тилкелерин сатып алууга
| 1000,0 |
2. | Өзгөн шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга “Өзгөн тазалык” көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылган иштерге | 81,0 |
3. | Өзгөн шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга “Өзгөн тазалык” көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча муниципалдык ишканасына техника сатып алууга | 919,0 |
Жалпы: 2 000,0 (эки млн) сом | ||