Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/9
Өзгөн шаарынын 2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги аткарылган иштерден үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча иштерди аткарууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 22-ноябрындагы №9 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Өзгөн шаарында 2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги аткарылган иштерден үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен 1-тиркемедеги иштерди аткарууга 2262,5 миң сом акча каражатын МММБ департаменти аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
2. 2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги Ч. Айтматов атындагы орто мектептин айланасын металл тосмо менен тосмолоо үчүн каралган 100,0 миң сомду мектептин ашканасына эмеректер сатып алууга иштетүүгө макулдук берилсин.
3. Кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштердин мыйзамдуулугун тактап, тийиштүү документтерин даярдагандан кийин каржылоо МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Ибрагимовго жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын
10-декабрындагы кезектеги XX сессиясынын
№20/9 токтомунун 1-тиркемеси
2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги аткарылган иштерден үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен аткарыла турган кошумча иштердин тизмеси.
№ |
Аталышы | Керектелүүчү каражат (сом) |
1. | Өзгөн шаардык мэриясынын имаратынын артындагы коомдук алдын алуу борборун (ОПЦ) курууга. (жалпы смета 2722,8 миң сом керектелет, мэриядан 800,0 миң сом каралган, “Сейфеуролд” эл аралык уюмунан 810,0 миң сом каралган) |
1 112 800 |
2. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №690 токтомун аткарууга алуу максатында, шаардын көчөлөрүнүн аталыштарын (аншлаг) жасатууга |
73 000 |
3. | Өзгөн шаарындагы “Фарход” каналын оңдоого | 450 000 |
4. | Ч. Айтматов мектебинин кухнясын ремонттоого кошумча иштерине | 175 000 |
5. | В. И. Ленин мектебинин кухнясын ремонттоого кошумча иштерине 138971 сом, балдардын тамактануусу үчүн стол стулга 150000 сом | 288 971 |
6. | Манас көчөсүн көрктөндүрүү үчүн негизги ишине 655299 сом жумшалууда, жаңыдан түзүлгөн сметанын негизинде 208550 сом кошулган, арматура сеткамак каралбагандыктан 100000 сом кошулууда |
308 550 |
7. | 2018-жылда 2-долбоордун негизинде таза суу түтүкчөлөр орнотулуп ЧК“Ал-Кадыр сантехсервис” ишканасына элдин салымы 211500 сом болгон, 76500 сомго эл иш жасаган калган 135000 сомду төлөө зарыл |
135 000 |
8. | Өзгөн шаарынын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө | 119 179 |
Жалпы: 2 662 500 (эки миллион алты жүз алтымыш эки миң беш жүз) сом | ||