Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 21/ 2
Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчиктеги автотранспорт каражаттарын сатуу жана баланстан чыгаруу тартиби жөнүндөгү жоболорду бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 17-декабрындагы отурумунун №11 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчиктеги автотранспорт каражаттарын сатуу жана баланстан чыгаруу тартиби жөнүндөгү жоболор депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана муниципалдык менчиктеги автотранспорт каражаттарын сатуу жана баланстан чыгарууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана бекитилген жоболорго ылайык жүргүзүү жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Ибрагимовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2019-жылдын 26-декабрындагы кезектеги XXI сессиясынын
№ 21/2 токтомунун 1 тиркемеси
Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү
ЖОБОСУ
1. Бул жобо Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккөжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек обөекттер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар обөекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша,мындай обөектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар обөекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул обөекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
Негизги каражаттардын жарабай калуусу шаардык кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген;
в) мекеменин, уюмдун жана башка обөекттердин курулушуна, кеңейишине, реконструкцияланышына жана техникалык кайра жабдылышына байланыштыруу.
Ошол эле учурда негизги каражаттарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон учурларда эсептен чыгарууга жатат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары негизги каражаттарды баланстан чыгарууну негизги каражаттардын бирдиктеринин наркына карабастан жүргүзүлөт.
Негизги каражаттардын пайдаланууга жараксыздыгын, аларды калыбына келтирүү, оңдоого мүмкүн эместигин жана натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл болгон документтерди тариздөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын буйругу менен туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлөт:
- жетекчи жана анын орун басары (комиссиянын төрагасы);
- башкы бухгалтер;
- негизги каражаттардын эсеп жүргүзүүсү жана жоопкерчилиги жүктөлгөн жак;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын инженердик, техникалык, технологиялык, курулуш, экономикалык жана башка кызматтардын кызматкерлери;
- жергиликтүү кеңештин өкүлү;
- жергиликтүү жамааттын өкүлү.
10. Туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди ишке ашырат:
а) эсептен чыгарууга жаткан обөекттиге түздөн-түз кароону жүргүзөт, ошондой эле учурда зарыл болгон техникалык документтерди (паспорт, кабаттар боюнча планды жана башка документтерди), ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын пайдаланат жана анын жарактуулугун калыбына келтирүүнү жана андан ары колдонууну белгилейт;
б) зарыл болгон учурларда негизги каражаттардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) жараксыздыгы жөнүндө корутундуну берүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн адистерин же көз карандысыз эксперттерди чакыра алат;
в) обөекттини эсептен чыгаруунун конкреттүү себептери (эскирүү, реконструкциялоо, эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарынын бузулушу, авариялар жана башкалар) белгиленет;
г) эксплуатациялоодон негизги каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү болгон адамдарды табат жана бул адамдарды колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
д) эсептен чыгарылуучу обөекттин өзүнчө түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана аларды баалоону жүргүзөт;
е) эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарактуу түйүндөрдү, деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды алууну контролдоону жүргүзөт, алардын сапатын, салмагын аныктайт жана алардын тийиштүү кампага берилишин көзөмөлдөйт;
ж) негизги каражаттардын айрым обөекттерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК-1);
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (тиркелген форма НК-2 ылайык).
Негизги каражаттарды эсептен чыгарууга комиссия тарабынан түзүлгөн актылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысы тарабынан бекитилет.
Колдонуудагы обөекттерди жаңы курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органытарабынан бекитилген колдонуудагы обөекттерди кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана актыга аларды эсептен чыгарууга пунктка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгө тийиш.
Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын обөекттерин мүнөздөөчү төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: обөект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн датасы, эксплуатацияга берилген убактысы, обөекттин алгачкы наркы (жаңы баалангандар үчүн – калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген амортизациянын суммасы, жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны. Негизги каражаттардын обөектинин жарактан чыгуу себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы да толугу менен чагылдырылат.
Мындан тышкары, автоунаа каражаттарын эсептен чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудан алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгүнө техникалык мүнөздөмө берилет.
Авариянын натыйжасында жарактан чыккан негизги каражаттарды баланстан чыгарууда авария жөнүндө актыга эсептен чыгаруу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга түрткү болгон себептер такталат жана күнөөлүү адамдарга карата алынган чаралар көрсөтүлөт.
Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизалоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.
Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды оңдоого жарактуу бардык деталдары, түйүндөрү жана агрегаттары, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган башка материалдар тийиштүү эсептерге кириштелет, аталган баалуулуктар эске алынат, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчи чийки зат катары кириштелет.
Ошол эле учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу жана эсептен чыгаруу, ошондой эле чийки затты утилдештирүү алгачкы чийки зат, материал жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Баалуу металдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөсү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр иштин мындай түрүнө лицензиясы бар тийиштүү уюмдарга сатылууга жатат.
Эсептен чыгарылган негизги каражаттардан алынган жана кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки зат сатылышы мүмкүн. Сатуудан түшкөн акча каражаттар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шаардыккеңеш бекиткен Жобонун негизиндемүлктү эсептен чыгаруунун процедурасын сактоосун камсыз кылат жана уюштурат.
Шаардык кеңеш өзүнүн компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Жобонун талаптарын сактоосун камсыз кылат жана акча каражаттарды максаттуу жумшоосун көзөмөлдөйт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шаардык кеңешке туура эмес маалыматты камтыган документтерди бергендиги үчүн жооп берет.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2019-жылдын 26-декабрындагы кезектеги XXI
сессиясынын № 21/2 токтомунун 2 тиркемеси
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо
1.Булжобо муниципалдык менчикте турган автоунаа каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автоунаа каражаттарын сатуужергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автоунаа каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте шаардык кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысынын чечиминин (1-тиркеме);
- транспорт каражаттарынын техникалык абалынын актынын (2-тиркеме);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысы жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу справкалар (3-тиркеме).
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия). Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, шаардык кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата-энеси, балдары жана анын биртууган эже-сиңди же ага-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүгө жана жыйынга катышууга укугу жок.
7. Транспорт ишканасынын инженер-техникалык кызматкери, транспортту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жана сертификаты бар адис эксперт боло алат.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) наркын баалоо үчүн эксперттердин тыянагын, справкаларды, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонсо болот.
8. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) баалоо протоколун түзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Ушул менен баштапкы (старттык) баасы болуп, комиссия баалаган наркы коюлат.
Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган пайызга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документтерин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатып алуу-сатуу келишимин 3 нускада (4-тиркеме) бекитет.
Бул учурда:
- 1 нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда калат;
- 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилет;
- 1 нускасы сатуучуга берилет.
11. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) сатуудан түшкөн каражаттар, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
Тиркеме 1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын профсоюздук уюмунун жана административдик жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
_________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)
Шаары, айылы ______________ "___" __________ 20__ ж.
Күн тартиби
Транспорт каражатын сатуу жөнүндө ____________________________
катышкандар: _______________________________________________________________
Чечим кабыл алынды:
1. Сатуу ______________________________________________
мамномери_________________________________________________
кыймылдаткычы_____________________________________________
кузову ___________________________________________________
шассиси_____________________________________________________
чыгарылган жылы ____________________________________________
Жаранга, мекемеге _______________________________________
(Аты жөнү, мекеме)
2. Транспорт каражаттарын техникалык абалын баалоо боюнча комиссия түзүлсүн:__________________________________________ __________________________________________________________________
3. _______________________________________ жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына сатылуудагы транспорт каражатын жана техникалык документтерин макулдашууга даярдалсын.
Катчы _______________________________
(аты жөнү)
Жетекчи _______________________________
(аты жөнү)
Тиркеме 2
Бекитилди
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы
Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө
АКТ
"___" ____________ 20____ ж. шаары, айылы _______________
Транспорт каражаттарынын техникалык абалын баалоо боюнча комиссия ______________________ курамында(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)
Төрага _____________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы)
Мүчөлөрү ____________________________________________________ _________________________________________________________________
транспорт каражатынын техникалык абалына текшерүү жүргүздү:
1. Маркасы, модели жанатүсү ___________________________________
2. Мам номери ______________
3. Чыгарылган жылы __________________
4. Жалпысынан жүргөн __________
5. Кыймылдаткычы _________________
6. Шассиси ___________________
7. Кузову __________________________
8. Баштапкы (тарыхый) наркы ________________________________ сом
9. Амортизациялык эскирүүсү _______________________________ сом
10. Баланстык наркы ________________________________________ сом
11. Техникалык паспорту ________________________________________
(номуру, ким берген)
12. Транспорт каражатынын тышкы абалы ________________________
(комплектелген, комплектелген эмес)
13. Транспорт каражатында төмөнкү бөлүктөр, түйүндөр, агрегаттар жок ______________________________________________________________
14. Негизги түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын техникалык абалына мүнөздөмө _____________________________________________________________ __________________________________________________________________
шассиси _______________________________________________________
кузову ________________________________________________________
кыймылдаткычы________________________________________________
берүү коробкасы ___________________________________________
алдыңкы мосту_________________________________________________
арткы мосту____________________________________________________
башка түйүндөр жана агрегаттар __________________________________
15. Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду ____________________________________________________________________________________________________________________________________
16.Ээсининдареги_____________________________________________
Төрага _____________________________________
(аты-жөнү)
Комиссия мүчөлөрү ___________________________
(аты-жөнү)
________________________________
Тиркеме 3
МААЛЫМДАМА (СПРАВКА)
______________________________________________________берилди
(транспорт каражаты, номердик агрегат)
Маркасы ___________ Мам.номери _____________________________
Чыгарылган жылы ___________________________________________
Жалпысынан жүргөн _________________________________________
Кыймылдаткычы ____________________________________________
Шассиси ___________________________________________________
Кузову ____________________________________________________
Баштапкы (тарыхый) наркы ____________________________________
Амортизациялык эскирүүсү ___________________________________
Баланстык наркы ______________________________________________
Жетекчи ____________________________________
(аты-жөнү)
Башкы бухгалтер ____________________________
(аты-жөнү)
Тиркеме 4
Бекитемин
____________________________
20__-жылдын "___" _________
Транспорт каражаттарын сатып-алуу сатуу келишими
_____________________________________________________________атынан _____________________________________негизинде аракеттенүүчү
(уставдын, жобонун, өздүк демилгенин)
сатуучу __________________________________________________жана
(мамлекеттик юридикалык жактын аталышы)
Сатып алуучу _________________________________________________
(юридикалык жактын же жеке адамдын аты)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Чарбалык өнөктөштүктөр жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү:
1.1. ____________________________________________________ негизинде сатуучу 20___-жылдын“___” __________ чейинки мөөнөткө сатып алуучунун менчигине ___________________________________________ сатат.
(транспорт каражатынын аталышы)
1. Маркасы, модели жана түсү ____________________________________
2. Мам номери ______________________________________________
3. Чыгарылган жылы _________________________________________
4. Жалпысынан жүргөн _______________________________________
5. Кыймылдаткычы __________________________________________
6. Шассиси _________________________________________________
7. Кузову __________________________________________________
1.2. Сатып алуучу _____________________________________________
(транспорт каражатынын аталышы)
Сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген __________________ сомго,
(сумма жазуутүрүндө)
бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын транспорт каражаттарынын наркынбаалообоюнчакомиссиясынынбаалоокаражаттарыныннаркынбаалообоюнчакомиссиясынынбаалооактындабелгиленгеннарктан аз эмес, 20__-жылдын “___” ___________ чейин төлөйт.
Сатуучунунэсеп счету _________________________________________
1.3. Келишимдин 1.2-пунктунда каралган шарттарды аткарбагандык үчүн күнөөлүү тарап башка тарапка _______________ сом суммада жазапул төлөйт, ошондой эле башка тарапка келтирген зыяндын ордун толтурат.
1.4. Бул келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бекиткенден тартып күчүнө кирет жана тараптар өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарганга чейин иштейт.
1.5. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 нускада түзүлдү, бир нускасы сатуучуда, бири - МАИде, бир нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында болот.
Сатуучу _____________________ Сатып алуучу _____________________
20__-жылдын “___” __________ 20__-жылдын “___” _______________