Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 23/ 2
Өзгөн шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык жана “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 24-январындагы №2, 25-январындагы №3, 27-январындагы №4, 29-январындагы №5, 31-январындагы №6 жана 14-февралындагы №7 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 104680,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 101681,2 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2020-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык 113491,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылга божомолу 2-тиркемеге ылайык 109020,5 миң сом, 2022-жылга божомолу 3-тиркемеге ылайык 112308,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу шаар мэриясына сунушталсын.
5. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Салык агенти төлөгөн киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдөн 85 пайыз, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөрдөн 25 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
7. Шаардын бюджетине ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмү 100 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
8. 2020-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 12414,0 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык шаар мэриясынын резервдик фонду 1061,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаардык мэриясынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 4-тиркемеге ылайык, шаардык кеңештин аппаратынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 5-тиркемеге ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин штаттык сан-эсеби жана түзүмү 6-тиркемеге ылайык, кварталдык комитеттердин штаттык сан-эсеби жана түзүмү 7-тиркемеге ылайык, Өзгөн шаардык маданият бөлүмүнүн штаттык сан-эсеби жана түзүмү 8-тиркемеге ылайык, Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 9-тиркемеге ылайык, Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун негизинде 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Өзгөн шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын кошумча 30% жана МММБ департаментинин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын кошумча 20% үстөк төлөнсүн.
11. Шаардык мэриянын, МММБ департаментинин техникалык (ТОП) жана кенже кызматкерлеринин (МОП) жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын айлык эмгек акысына кошумча жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Коммуналдык кызматтар үчүн» айына 1000 сомдон үстөк төлөнсүн. Өзгөн шаар мэриясынын, шаардык кеңештин, МММБ департаментинин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо үчүн кошумча төлөмдөрдүн 2020-жылга эсеби 11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. 2021-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 600,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. 2020-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 7148,0 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2020-жылдын 1-январына карата калган 466,6 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
14. Кварталдык комитеттердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
15. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2018-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2019-жылга калган эркин калдык 3604,7 мин сомдун 2621,1 мин сому МММБ департаментине, 793,2 мин сому шаар мэриясына, 190,4 мин сому шаардык кеңешке жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2019-жыл ичинде ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен 3958,7 миң сомдун 3395,0 миң сому МММБ департаментине, 140,0 миң сому шаардык мэрияга, 4,2 миң сому шаардык кеңешке, 419,5 миң сому Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына каржыланганы эсепке алынсын.
16. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2020-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
17. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
18. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
19. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
20. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин долбоору
№ | Кирешелер | Суммасы |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 41529,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1370,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 3030,0 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32627,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1307,3 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 4130,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2310,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 20,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3181,5 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 15111,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2050,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 525,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6300,0 |
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 113 491,5 |
№ | Чыгашалар | мин сом |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 11352,8 |
2 | Шаар мэриясынын резервдик фонду | 1061,2 |
3 | Турак-жай чарбасы | 81731,0 |
4 | Маданият бөлүмү | 2991,0 |
5 | Билим берүү бөлүмү | 16355,5 |
| ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 113491,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2021-жылга карата бюджетинин божомолу
№ | Киреше кайсыл салыктын эсебинен түшөт | Суммасы (миң сом) |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 52169,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1370,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 3030,0 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32627,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1307,3 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 4130,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2310,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 20,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3181,5 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | - |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2050,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 525,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6300,0 |
| Жыйынтыгы: | 109020,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
№ | Киреше кайсыл салыктын эсебинен түшөт | Суммасы (миң сом) |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 55457,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1370,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 3030,0 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32627,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1307,3 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 4130,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2310,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 20,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3181,5 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | - |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2050,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 525,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6300,0 |
| Жыйынтыгы: | 112308,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 4-тиркемеси
Өзгөн шаар мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Мэр | 1 |
2 | Биринчи вице-мэр | 1 |
3 | Вице-мэр | 1 |
4 | Аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Бөлүм башчы | 1 |
6 | Башкы адис | 7 |
7 | Жетектөөчү адис | 6 |
8 | Адис | 3 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 21 | |
9 | ТТП | 2 |
10 | КТП | 2 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 4 | |
Бардыгы (персонал) | 25 | |
Жетектөөчү адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 5-тиркемеси
Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Төрага | 1 |
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Башкы адис | 1 |
4 | Жетектөөчү адис | 2 |
5 | Адис | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 6 | |
Жетектөөчү адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 6-тиркемеси
Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин 2020-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Башкы адис | 1 |
3 | Жетектөөчү адис | 3 |
4 | Энергетик | 1 |
5 | Адис | 3 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 9 | |
7 | ТТП | 1 |
8 | КТП | 4 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 5 | |
Бардыгы (персонал) | 14 | |
Жетектөөчү адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 7-тиркемеси
Өзгөн шаардык кварталдык комитеттердин 2020-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Кварталдык комитеттин төрагасы | 21 |
Бардыгы | 21 | |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 8-тиркемеси
Өзгөн шаардык маданият бөлүмүнүн 2020-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Хормейстер | 1 |
3 | Режиссер-коючу | 1 |
4 | Музыкант | 1 |
5 | Методист | 1 |
6 | Орг. мас раб | 1 |
7 | Хореограф | 1 |
8 | Руководитель кружков | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 8 | |
9 | КТП | 1,25 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 1,25 | |
Бардыгы (персонал) | 9,25 | |
Жетектөөчү адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII сессиясынын
№23/2 токтомунун 9-тиркемеси
Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2020-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Эсепчи | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 2 | |
3 | ТТП | 3 |
4 | КТП | 3 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 6 | |
Бардыгы (персонал) | 8 | |
Жетектөөчү адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII
сессиясынын №23/2 токтомунун 10-тиркемеси
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Башкы эсепчи | 1 |
3 | Башкы инженер | 1 |
4 | Абоненттерди тейлөө бөлүмүнүн башчысы | 1 |
5 | Коммерциялык багыттагы жеке ишкерлер менен иштөөчү инспектор | 1 |
6 | Оператор | 1 |
7 | Кагаз иштерин жүргүзүүчү адис | 0,5 |
8 | Кадрлар боюнча инспектор жана архив иштери | 0,5 |
9 | Кассир | 1 |
10 | Кызматтык каналарды тазалоочу | 1 |
11 | Тракторист | 5,5 |
12 | Айдоочу | 9 |
13 | Эксковаторщик | 1 |
14 | Жүктөөчү | 14 |
15 | Бульдозерист | 1 |
16 | Ширетүүчү | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 40,5 | |
17 | Көчө тазалоочулардын көзөмөлдөөчүсү | 1 |
15 | Көчө тазалоочулар | 16 |
17 | Атайын таштандыларды таштоочу жайдын көзөмөлдөөчүсү | 1 |
18 | Багбан (мезгилдүү) | 2 |
19 | Мурап (мезгилдүү) | 1 |
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча баардыгы | 21 | |
Бардыгы (персонал) | 61,5 | |
Жетектөөчү адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
2020-жылдын 19-февралындагы кезектеги XXIII сессиясынын
№23/2 токтомунун 11-тиркемеси
Өзгөн шаар мэриясынын, шаардык кеңештин, МММБ департаментинин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо үчүн кошумча төлөмдөрдүн 2020-жылга эсеби
| Кызматкерлердин саны | Кызматтык маянасына ай сайын кошумча үстөк | Жашырун иш кагаздарды жүргүзгөндүгү үчүн, айына | Коммуналдык кызматтар үчүн айына | Электр энергиясына айына | Кошумча төлөмдөрдүн жыйынтыгы | ||
30% | 15% | 1000 сом | 200 сом |
Эмгек акы |
СФ | Жылдык эмгек акы фонду | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Шаардык мэрия | 25 | 1041,4 | 30,4 | 56,0 | 5,6 | 1133,4 | 167,6 | 1301,0 |
Шаардык кеңеш | 6 | 293,9 |
|
|
| 293,9 | 43,4 | 337,3 |
МММБ департаменти | 35 | 235,1 |
| 378,0 | 11,2 | 624,3 | 92,3 | 716,6 |
Баардыгы: | 66 | 1570,4 | 30,4 | 434,0 | 16,8 | 2051,6 | 303,3 | 2354,9 |
Төрага | А.Джалилов |