Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 39/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан Жошолу эмканасына ушул эмканада өмүр бою иштеп, эмгектенген Доранов Жаркынбай Алимовичтин ысмын берүү жөнүндө
Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХХXIХ заседаниясы
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан Жошолу эмканасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомуна ылайык, Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу Жобосунун 2-пунктуна таянып, ушул эмканада өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген Айыл өкмөттүн, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, КРнын Президенттик администрациясынын “Ардак Грамоталарынын” ээси, Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” Доранов Жаркынбай Алимовичтин атын берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан Жошолу эмканасына ушул эмканада өмүр бою иштеп, эмгектенген Доранов Жаркынбай Алимовичтин ысмын коюу жөнүндөгү Ленин-Жол жана Жаңы-Турмуш айылдарынын 2020-жылдын 02- октярындагы элдик жыйынынын № 07 протоколу жактырылсын. ( 02.10.2020-ж. Ленин-Жол жана Жаңы-Турмуш айылдарынын элдик жыйынынын № 07 протоколу тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомуна ылайык Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу Жобосунун 2-пунктуна таянып, Алай районунун «Ардактуу атуулу», 1980-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Жошолу эмканасында фельдшер, эмкананын башчысы болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан Доранов Жаркынбай Алимовичтин ысмы айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу жана элдик жыйындын чечиминин негизинде Жаңы-Турмуш айылындагы Жошолу эмканасына ыйгарылсын.
3. Жошолу эмканасына « Доранов Жаркынбай Алимовичтин » ысмын берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечимин тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирилсин жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З . Боронов.
Жошолу айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын ХХХIХ заседаниясына
№ 39/3 токтомуна тиркеме
Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол жана Жаңы-Турмуш айылдарынын жалпы жамаатынын Жошолу эмканасына ат коюу жөнүндөгү
ПРОТОКОЛУ
2020-жылдын 2-октябры № 07
Жыйындын башчысы: А.Шакиев - Жаңы-Турмуш айылынын тургуну,
Катчысы: Э.Мантиева - айылдык кенештин депутаты
Катышкандар: Ленин-Жол жана Жаны-Турмуш айылдарынын тургундары. Баары 185 адам катышты.
А.Шакиев - Жаны-Турмуш айылынын тургуну:
Урматтуу жыйындын катышуучулары! Сиздер менен жыйын өткөрүп жаткандыгыбыздын себеби Жошолу эмканасына бул эмканада жаңыдан окуусун бүтуп келгенден баштап өмүрүнүн акырына чейин иштеп, калктын саламаттыгына кам көргөн Доранов Жаркынбай Алимовичтин атын койсок деген айыл тургундарынан сунуш түшкөн. Ж.Дорановдун көзү өтсө джа түбөлүк элдин эсинде калсын, себеби элди медициналык жактан тейлөөдө анын эмгеги жана салымы зор.
Доранов Жаркынбай 1958-жылы 15-декабрда туулган. 1980-жылы Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайынын фельдшерлик болүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун Жошолу айылындагы Кара-Токту эмканасында иштеп баштап, бай тажрыйбаларга ээ болгон. Андан кийин ачылган Жошолу эмканасында алгачкылардан болуп иштеп 5 айыылды медициналык жактан тейлеп, үзүрлүү эмгектенип, эл арасында, райондук деңгээлде кадыр-баркка ээ болду. Мына өзүңүздөргө белгилүү болгондой айылыбыздагы өзүңүздөр татыктуу деп эсептеген адамдын атын бул эмканага койсоңуздар деген сунуш менен чогулуп жатабыз.
Жарыш сөзгө Жаны-Турмуш айылынын тургуну Капаров Сайдимамат чыгып сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду: Доранов Жаркынбай эмгек жолун Кара-Токту эмканасында иштеп баштаган. Андан кийин Жошолу эмканасы жаныдан ачылган күндөн баштап, өмүрүнүн акырына чейин ушул эмканада ар кандай кызматтарда иштеп, башкарып келди. Элди тейлөөдө Ж.Дорановчолук эч ким жан дили, таза эмгеги менен иштеген жок,бул киши күндүн кайсы мезгили болсо да кабагым-кашым дебей, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылып иштеп келди. Андан сырткары Ж.Дорнаов айылдагы абройлуу, кадыр баркы бар инсан болгон, Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган,айыл өкмөтүнүн, райондун, облустун, ошондой эле КРнын Президенттик Аппаратынын “Ардак Грамоталарын” алган, анын тарбиялаган уул-кыздары да ар кимиси ар кайсы жерде эмгектенип, эл үчүн кызмат кылып келе жатышат.
Прматов Акимбай -Ленин-Жол айылынын тургуну: Туура бул сунушту мен да колдойм. Ж.Дорановдун атын бул эмканага койсок болот, биздин кадырлуу дарыгерибизге, ким барат, кандай курактагы жаран кайрылат, баарына бирдей сылык, туура мамиле кылып, элди тейлеп иштеди, бул кишинин атын коюуга менимче эч ким деле каршылык көрсөтпөсө керек.Кандай дейсиздер?
Максутова Айнура -Ленин-Жол айылынын тургуну, аялдар кенешинин мүчөсү : Ооба бул сунуш жакшы экен, мен да колдойм. Ж.Дорановдун атын коюу менен биз өзүбүздүн ушунча калкты тейлеп жаткан эмкананын аброюн көтөрүп, жакшы иштетсек болот. Анткени бул адам элге жасаган кызматы көп, ар бир үй-бүлөгө өзүнун жакын адамындай мамаиле жасап келди. Мыкты фелдьшер агабыздын аты эч качан өчпөш керек.Биз аялдар кеңеши бир добуштан колдойбуз. Ушундай патриот, айылдын намысын коргогон агаларыбыздын атын коюу эң туура чечим болот деп эсептейм.
Адишов Болот-Жаны-Турмуш айылынын тургуну: - Элдин ден соолугуна кам көрүүдөгү көп жылдык эмгеги үчүн элдин эсинде калышы керек. Көптөгөн сыйлыктардын ээси, КРнын Саламаттыкты сактоодогу “Ардактуу Кызматкер” деген төш белгинин ээси Доранов Жаркынбай Алимович агабыз үй-бүлөсүндө татыктуу балдарды өстүрүп келди.Көп жактан үлгү боло ала турган инсан эле. Жубайы Танаева Минавар эжекебиз да коп жылдан бери билим берүү тармагында иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Ж.Доранов агабыз элдин кызматында жүрүп 5 жолу Жошолу айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды. Бул дагы болсо элдин ишеничинде болуу дегендик. Жогорку органдардан көптөгөн сыйлыктарды алган, ал сыйлыктар да жөн жерден берилбейт. Жаркынбай агабыз баарыңыздар билесиздер улуу-кичүү, жаш-кары дебей ким, кайсы убакта кайрылса да кабагым-кашым дебей жардамын аябай эмгектенди. Өмүрүнүн акырына чейин элдин кызматын аркалап келди. Бул кишини эч ким унутпаса керек, ошондуктан бул кишинин атын өзү иштеген эмканага берүү менен биз анын атын түбөлүккө сактап калабыз деп ойлойм.
Шамырбеков Кенеш-Ленин-Жол айылынын тургуну: - Урматтуу жыйындын катышуучулары, Доранов Жаркынбай Жошолу эмканасынын тышкы жана ички иштерин толук жасап, эмкананын айланасын тосууда азыркы заманга ылайык бүтүргөн. Ошондой эле айылдагы оорулууларды, жаш балдарды, кош бойлуу аялдарды, согуштун ардагерлерин, майыптуулугу бар жарандардын эсебин так жургүзүп, аларды өз убагында медициналык кароодон өткөрүп, жакшы иштеди.Бул кишинин эмгеги элдин эсинде түбөлүк унутулбайт куда кааласа.
Абдиева Айнур –айыл өкмөттүн кызматкери: Эмкананы жетектеп турган мезгилинде көп жылдар бою иштешип калдык.Ж.Доранов жетекчи катары кандай гана тапшырма болбосун, кандай гана маселе болбосун өз убагында, так, туура маалымат берүү менен жоопкечиликте иштеген. Ж.Дорановдун атын эмканага коюуга мен макулмун.
Жарыш сөзгө чыккан Б.Артыкбаев, К.Калыков, У.Мантиев, К.Эрмаматов жана К.Маматалиевалар колдоп, жалпы айыл айылынын тургундары баары бир добуштан “Доранов Жаркынбай Алимович атындагы эмкана ” деп атоону бир добуштан колдошту.
Жогорудагылардын негизинде Жаны-Турмуш жана Ленин-Жол айылынын жалпы элдик жыйыны
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Жалпы чогулуштун жыйынтыгы менен Жошолу эмканасына Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” Доранов Жаркынбай Алимовичтин ысмын ыйгарууну жыйындын катышуучулары бир добуштан макулдугу билдирилгендиги белгиленсин.
2. Жошолу эмканасына “Доранов Жаркынбай Алимович атындагы эмкана ” деген атты ыйгаруу жагы Жошолу айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешине сунушталсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Турмуш айылынын айыл башчысы К.Калыковго милдеттендирилсин.
Жыйындын башчысы: А.Шакиев.
Катчысы: Мантиева Э.