Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-декабры №3
Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Ош көчөсүнө Төрөбай Кулатовдун атын берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Ош көчөсүнө Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмери Төрөбай Кулатовдун атын берүү боюнча Ноокат шаар мэриясынын сунуш катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясын сунушун карап Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Ош көчөсү Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмери Төрөбай Кулатов атындагы көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрага | А.Гафаров |