Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-декабры ПЖ № 539
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык
иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө
(КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу
жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу
максатында токтом кылам:
1. 2008-жылдын 1-январынан тартып республиканын билим берүү систе-
масынын кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөө
жүргүзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгы-
на ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү мыйзам долбоорлорун даяр-
дасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев