Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 32-2
Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин, 2020-жылдын 01-январына карата калдык суммасын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилип иштетилген жергиликтүү бюджетинин, 2020-жылдын 1-январына карата 439 521 (төрт жүз отуз тогуз миң беш жүз жыйырма бир ) сом калдык суммасы, тиркемеге ылайык,жергиликтүү бюджеттин беренелерине бөлүнсүн (тиркеме)
2. 439 521 (төрт жүз отуз тогуз миң беш жүз жыйырма бир) сом калдык суммасын, жергиликтүү бюджеттин такталган беренелерине жылдырып бөлүү жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |
Төөлөс айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын кезектеги
32-сессиясынын № 32-2 токтомуна
тиркеме
(мин сом)
01.01.2020-жылга эсептик счетундагы калдык | 439,5 |
Атайын каражат | 304,7 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 744,2 |
Бөлүм | Берене | Чыгашанын аталышы кайсыл максатта | Сумма |
70629-ЖКХ | 2221 | Толман айылындагы үлүштүк талааларга өтүүчү көпүрөөнүн ремонт иштерине | 41,5 |
70629-ЖКХ | 2222 | Герейт Шорон айылынын жаны көчөлөрүнө электро жабдууларын (электр мамычасы , электр чубалгысы ) алуу | 200,0 |
70823- СДК | 2221 | У.Салиева атындагы музейдин айланасындагы тосмолорун ремонт иштери | 61,0 |
70921- СШ | 2221 | Кенеш айылынын Кенеш орто мектебинин алдындагы аянтчасынын брусчаткаларын жанылоо үчүн | 137,0 |
|
| Жалпысы | 439,5 |
70911- ДДУ | 2215 | Айыл аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдарга майрамдык кечелерин өткөрүү үчүн (атайын каражат ) | 100,0 |
70911-ДДУ | 2218 | Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн (атайын каражат ) | 204,7 |
|
| Жалпысы | 304,7 |
|
| Чыгашалардын жалпы жыйынтыгы | 744,2 |
Жооптуу катчы : А.Камбаралиев