Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 32-3
Жайыт комитетине тиешелүү болгон техникаларын, ижарага берүү боюнча келишимдерин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетине тиешелүү болгон техникаларынын үзгүлтүксүз иштөө мөөнөтүн жана туура пайдаланышын камсыз кылуу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн, жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү болгон RONGWEI ZL 9039E №812 СА фронталдуу жүктөгүчүн 1 бирдик, HOWO CWD 3120 AЗR4 № 03 452 АС автосамосвалын 1 бирдик,убактылуу мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө эки тараптуу түзүлгөн келишим милдеттенмелери бекитилсин.(тиркеме)
2. Тараптардын келишим милдеттенмеде бекитилген талаптарга ылайык иш алып баруусун жана милдеттенмелердин убагында так аткарылышын камсыз кылуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |
КЕЛИШИМ МИЛДЕТТЕНМЕ
10-январь 2020-жыл Муркут айылы.
1-тараптан- Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы
Темиров Азим.
2-тараптан- Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылынын тургуну
Токуров Эржигит Айтиевич болуп,төмөнкүдөй мазмуунда эки тараптуу
келишим түзөбүз.
Тараптардын милдеттери:
1-тарап - Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмеси,өзүнүн балансында турган RONGWEI ZL 9039 E маркасындагы № 812 СА мамлекеттик номерлүү, бир фронталдык жүктөгүчүн (фронтальный погрузщик), Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылынын тургуну Токуров Эржигит Айтиевичке белгиленбеген убакытка чейин ижарага (башкарууга,пайдаланууга жана техникалык талаптарга ылайык убагында кароого), оң абалда өткөрүп берүүгө, ар дайым техникалык абалын көзөмөлдөп турууга жана ижара акысы үчүн ар бир жылдын жети айына (апрель,май, июнь, июль,август , сентябрь,октябрь) ай сайын 10 000 (он миң) сомдон ижара акы белгилеп берүүгө жана алууга милдеттенет.
2-тарап - Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылынын тургуну Токуров Эржигит Айтиевич, Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, балансында турган RONGWEI ZL 9039 E маркасындагы № 812 СА мамлекеттик номерлүү, бир фронталдык жүктөгүчүн (фронтальный погрузщик) ,белгиленбеген убакытка чейин ижарага (башкарууга, пайдаланууга жана техникалык талаптарга ылайык убагында кароого), оң абалда өткөрүп алуу менен бирге техниканы дайыма оң абалда кармоого,талап кылынган ремонт иштерин жеке өзү жүргүзүүгө жана ар бир жылдын жети айына (апрель,май,июнь, июль,август , сентябрь,октябрь) ай сайын 10 000 (он миң) сомдон ижара акы төлөөгө,ошондой эле социалдык казына бөлүмү жана салык кызматтары менен жеке өзү эсептешүүлүрдү жүргүзүүгө милдеттенет.
Эскертме:
1. Бул келишим милдеттенме,тараптар кол койгондон баштап өз күчүнө кирет.
2. Тараптар келишимдеги милдеттерди аткарбай койгон учурда же бузган учурда
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкер болушат.
1-тарап 2-тарап
Төөлөс Ж.П.Бнин төрагасы Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу
Жайылма айылынын тургуну
_______________ А.Темиров __________________ Э.А.Токуров
Паспорт AN 2753676 МКК 50-40
05.03.2012 ПИН 21212197500210
КЕЛИШИМ МИЛДЕТТЕНМЕ
10-январь 2020-жыл Муркут айылы.
1-тараптан- Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы
Темиров Азим.
2-тараптан- Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Айтамга айылынын тургуну
Абдураимов Акылбек Түркбаевич болуп,төмөнкүдөй мазмуунда эки
тараптуу келишим түзөбүз.
Тараптардын милдеттери:
1-тарап - Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмеси,өзүнүн балансында турган HOWO CWD 3120 A3R4 маркасындагы № 03 452 AC мамлекеттик номерлүү, бир, жүк ташуучу самосвал автоунаасын, Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Айтамга айылынын тургуну Абдураимов Акылбек Түркбаевичке, белгиленбеген убакытка чейин ижарага (башкарууга,пайдаланууга жана техникалык талаптарга ылайык убагында кароого), оң абалда өткөрүп берүүгө, ар дайым техникалык абалын көзөмөлдөп турууга жана ижара акысы үчүн,ар бир жылдын жети айына (апрель,май,июнь,июль,август, сентябрь,октябрь) ай сайын 7142 (жети миң бир жүз кырк эки) сомдон ижара акы белгилеп берүүгө жана алууга милдеттенет.Мындан тышкары,жайыт комитетинин жумуштарын аткарган кезде,күйүүчү жана майлоочу майлары менен камсыз кылууга милдеттенет.
2-тарап - Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Айтамга айылынын тургуну Абдураимов Акылбек Түркбаевич, Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, балансында турган HOWO CWD 3120 A3R4 маркасындагы № 03 452 AC мамлекеттик номерлүү, бир, жүк ташуучу самосвал автоунаасын,белгиленбеген убакытка чейин ижарага (башкарууга, пайдаланууга жана техникалык талаптарга ылайык убагында кароого), оң абалда өткөрүп алуу менен бирге техниканы дайыма оң абалда кармоого,талап кылынган ремонт иштерин жеке өзү жүргүзүүгө жана ар бир жылдын жети айына (апрель,май,июнь,июль,август, сентябрь,октябрь) ай сайын 7142 (жети миң бир жүз кырк эки) сомдон ижара акы төлөөгө,ошондой эле социалдык казына бөлүмү жана салык кызматтары менен жеке өзү эсептешүүлүрдү жүргүзүүгө милдеттенет.Мындан тышкары жайыт комитетинин жумуштарын аткарган кезде,күйүүчү жана майлоочу майларын жайыт комитетинин эсебинен алат.
Эскертме:
1.Бул келишим милдеттенме,тараптар кол койгондон баштап өз күчүнө кирет.
2.Тараптар келишимдеги милдеттерди аткарбай койгон учурда же бузган учурда
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкер болушат.
1-тарап 2-тарап
Төөлөс Ж.П.Бнин төрагасы Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу
Айтамга айылынын тургуну
_______________ А.Темиров
__________________ А.Т.Абдураимов
Паспорт AN 3655355 МКК 50-40
03.09.2013 ПИН 23003197000308