Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 33-2
Айыл аймагына караштуу Пахтачы бөлүмүндөгү “Парча-Тоо” калктуу конушунун тургундарынын жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Төөлөс айыл өкмөтүнүн, Пахтачы бөлүмүндөгү “Парча-Тоо” калктуу конушундагы жаңы көчөсүнүн тургундарынын 2020-жылдын 22-январындагы жыйынынын №1- протоколу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
Төөлөс айыл өкмөтүнүн, Пахтачы бөлүмүндөгү “Парча-Тоо” калктуу конушундагы жаңы көчөсүнө “Төөлөс” көчөсү деген ысым ыйгарылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык
кеңешинин төрагасы: М.Абдырахманов.
Төөлөс айылдык кеңешинин 2020-жылдын
31-январындагы,кезексиз 33-сессиясынын
№33-2 токтомуна тиркеме.
Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Пахтачы бөлүмүндөгү «Парча-Тоо» калктуу конушунун тургундарынын жалпы чогулушунун протоколу.
22-январь 2020-жыл. Пахтачы айылы.
№ 1
Чогулушка «Парча –Тоо калктуу конушунун жаңы курулган көчөсүнүн тургундарынан жалпы 23 жашоочусу катышты. Булардан тышкары айыл башчысы Шерматов Маматемин жана жергиликтүү кеңештин депутаты Досматов Камил катышты.
Чогулуштун төрагасы: айыл башчысы М.Шерматов.
Чогулуштун катчысы: Нуралиев Максат.
Күн тартибиндеги маселе.
«Парча-Тоо» калктуу конушундагы жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө.
Чогулушту Айтамга,Толман айылдарынын айыл башчысы М.Шерматов алып барды.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл тургуну Ысаков Алижан сөз алып ал өз сөзүндө жыйынга катышкан элге кайрылып азыркы күндө үй дареги болбосо эч кандай документ иштери бүтпөсүн,бардык иш кагаздары пособие,пенсиягабы баарына үй дареги керектигин айтып төмөнкүдөй сунуш киргизди,ушул көчөнү «Төөлөс» көчөсү деп атоону сунуш кылып аны колдоп берүүлөрүн суранды.
Жыйынга катышып отурган Нуралиев Акматали сөз алып бүгүнкү жыйыныбыздын максаты ушул маселе экендигин айтып жана айылдаштар тарабынан башка сунутар болбогонун эске алып Ысаков Алижан сунуш кылган «Төөлөс» деп жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү сунушту колдоп кубаттады жана жыйындын катышуучуларынан ушул сунуш туура экендигин жана бул сунушту колдоп берүүлөрүн айтты.
Айылдык кеңештин депутаты Досматов Камил ушул маселенин туура коюлгандыгын кубаттады.
Башка сунуштар жана суроолор болгон жок.
1. Пахтачы айылынын «Парча-Тоо» бөлүмүнүн тургундарынын чогулушу, күн тартибиндеги маелени угуп жана талкуулап чечим кылат:
Пахтачы айылынын «Парча-Тоо бөлүмүнүн жаңы көчөсү «Төөлөс» көчөсү деп аталсын.
Ушул жалпы жыйындын протоколун бекитип берүү жагы Төөлөс айылдык кеңешинен суралсын.
Чечим жалпы жыйын тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
Күн тартибиндеги маселе каралып бүттү.
Чогулуштун төрагасы: М.Шерматов.
Чогулуштун катчысы: Нуралиев Максат