Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июлу №28-75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4 мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык Кенештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде, калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык Кенештеринде жооптуу катчы 1 штаттык кызмат орду жана алардын айлык акылары каралган маселени карап чыгуу жөнүндө
Мангыт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 28-сессиясынын отурумуна катышкан айылдык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25-119 сандуу катын аткарууга алып, КРӨнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “КРӨнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык Кенештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде, калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык Кенештеринде жооптуу катчы 1 штаттык кызмат орду жана алардын айлык акылары каралган. Мангыт айылдык Кенешинин сессиясынын отуруму жогоруда көрсөтүлгөн токтомдордун, учурда Мангыт айылдык Кенештин калкы 11670 адам , кожолук саны 3289, 2020-жылдын 1-январына карата статискалык отчеттун негизинде тастыкталган.
Заседаниенин отуруму маселени карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын токтомдоруна, КРӨнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 токтомуна жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 токтомунун негизинде калкынын саны 11670 адам түзгөндүктөн Мангыт айылдык Кенешинин жооптуу катчы кызматынын орду жана эмгек акысы иштөө регламенттерин бекитүү боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25-119 сандуу катын аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. КРӨнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 токтомуна жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 токтомунун негизинде Мангыт айылдык Кенешинин жооптуу катчы 1 штаттык кызмат орду жана эмгек акы айлык акысы бекитилсин.
3. Мангыт айылдык Кенешинин жооптуу катчы кызматынын иш регламенттери бекитилсин.
4. Мангыт айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын эмгек акыларын жүргүзүү жана чегерүү иштери Мангыт айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | Н.Абдураимов |