Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-августу № 2
“Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасы бекитилсин. (программа тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жуктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Отуз-Адыр айылдык Кенешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Отуз-Адыр айылдык
Кенешинин төрагасы Н.Калматов.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы
Отуз-Адыр айылдык кецешинин
кезексиз X сессиясында бекитилди
Отуз-Адыр айылдык кенешинин
төрагасы _______________Н.Калматов
04.08.2020
Отуз-Адыр айыл өкмөту, Кара-Суу
району
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылдык кенеши.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы (мындан ары Программа) аймакта туруктуу отурукташкан жарандардын социалдык жактан муктаждыктарын чечүү жана алардын жашоо денгээлип көтөрүү, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдарынын (айылдык кенеш жана айыл өкмөту) ролун көтөрүү максатында иштелип чыкты.
Программа Отуз-Адыр айыл аймагы боюнча жалпы маалымат, аймакта туруктуу жашап жана иштеп жаткан, ошондой эле аталган аймакка орун очок алуу максатында кочуп келген жарандардын жер участкаларына болгон муктаждыгы белгиленип, аларды жер участкалары менен камсыз кылуу жана турак-жайларды куруу иш- чараларына көмөк көрсөтүү жагына өзгөчө басым жасалды.
Мындан сырткары, Программада которулган (трансформацияланган) жер участкасын жарандардын, анын ичинен жерге муктаж болгон жаштардын жеке менчигине Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте өткөрүп беруу жана социалдык обьектилердин курулушуна да жер участкаларын бөлүү, ошондой эле келечекте аталган программанын аткарылышынын жыйынтыктары белгиленди.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-адыр айыл аймагынын жарандардын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасы айылдык кецештин сессиясында каралып, жактырылды жана аталган программа айыл аймактын өнүгүү стратегиясынын негизги этабы болуп эсептелип, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана социалдык маселелердин рааттуу чечүүгө багытталган.
1) Отуз-Адыр айыл аймагынын жаратылыш климаттык абалы.
Отуз-Адыр айыл аймагы Кара-Суу районунун борборунан 14 км, облустун борборунан 18 км, темир жол станциясынан 15 км аралыкта жайланышкан. Аймактын климаты кескин континенталдуу жайы ысык, кышы өзгөчө суук болуп беш айга созулат. Кар катмарынын пайда болушу декабрдын экинчи жарымына туура келет. Отуз-Адыр айыл аймагы дениз денгээлинен 1253 метр бийиктикте турат. Чарбанын топурак катмары- карамтыл бозомук, женил куймалуу, оор куймалуу.
2) Отуз-Адыр айыл аймагынын географиялык абалы
Отуз-Адыр айыл аймагы Ош облусунун түндүк-батыш белүгүндө, ал эми Кара-Суу районунун түштүк-чыгыш бүлүгүндө жайгашкан.
Отуз-Адыр айыл аймагы тундук-чыгышынан жана чыгышынан Сары-Колот, түндүк- батышынан жана түндүгүнөн Жоош, түштүгүнөн жана түштүк-батышынан Мады айыл аймактары менен чектешет.
3. Айыл аймактын социалдык-демографиялык абалы
1) Отуз-Адыр айыл аймагындагы калктуу конуштардын саны.
Отуз-Адыр айыл аймагы 15 калктуу конуштан турат, алар; Отуз-Адыр, Ынтымак, Кара- Дөбө, Кызыл-Абад, Кыш-Абад, Жацы-Кызыл-Суу, Савай-Арык, Фархад, Чоок, Ош-ЗООО, Беш-Кепе, Казак, Зымырык, Жаны-Мамажан, Живпром айылдары.
2) Отуз-Адыр айыл аймагында калктын саны 18338 адамды же 3140 уй-булөну тузөт.
Айыл аймакта баары болуп 18338 адам, анын ичинен 9157 эркектер, 9181 аялдар жашайт. Аймакта өздук чарбалардын саны 3140 тузет. Өтө жакырчылыкта 123 үй-бүлө, орто жаккырчылыкта 345 үй-бүлө жашайт. Бүгүнкү күндө турак жайга муктаж болгон үй- бүлөлөрдүн жалпы саны 780 ди түзүп, анын ичинен жаш үй-бүлөлөрдүн саны 260 ка жетет.
4 Аймактын айыл чарба жер ресурстары боюнча маалыматы
1)Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы курамы.
Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы көлөмү 8366 га түзөт. 4251 га айдоо жерлеринен (3143 га сугат айдоо жери, 1108 га кайракы айдоо жери), 170 га кеп жылдык бак-дарактардан, 1116 га жайыттардан турат.
2) Отуз-Адыр айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги жерлери боюнча маалымат.
Айыл аймакта муниципалдык менчикте баары болуп 123 га жер участогу катталган, алар Отуз-Адыр, Кыш-Абад, Савай-Арык, Жацы-Кызыл-Суу, Кызыл-Абад, Кара-Дөбө, Зымырык айылдарында орун алган.
3) Өздүк чарба жүргүзүү үчүн жарандардын жер участкасына болгон муктаждыгы.
Отуз-Адыр айылдык аймагы боюнча жеке турак-жай салуу учун 4 356
жаран жер участогуна муктаж. Жер участогуна муктаж жарандар айыл аймагынын Отуз- Адыр, Кыш-Абад, Савай-Арык, Фархад, Чоок, Кожом-Бак, Кара-Дөбө, Зымырык, Кызыл- Абад, Жаны-Кызыл-Суу, Беш-Кепе айылдарында жашайт.
Мындан сырткары айыл тургундарынын жылдан жылга өсуу темпин эске алып, айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунан 126 га жер участогу айылдарды кенейтуу максатында калтырылган, анын ичинен Отуз-Адыр айылында 30 га, Кыш-Абад айылында 16 га, Жаны-Кызыл-Суу айылында 15 га, Кызыл-Абад айылында 7 га, Савай-Арык айылында 15 га, Кара-Дөбө айылында 15 га, Зымырык айылында 14 га, Фархад айылында 14 га жер аянты калтырылган. Бүгүнкү күндө алдын ала эсептеөөлөрдүн негизинде айылдарды кенейтуу учун дагы 109,64 га жер участогу керектелет.
4) Которула (трансформациялана) турган жер участкасы боюнча маалымат.
Отуз-Адыр айыл аймагы боюнча жеке турак-жай куруу учун 4 356 жарандын жер участкасына болгон муктаждыктарын эске алып биринчи этапта аймактын Кызыл-Абад айылындагы №11; 144; 148; 83 контурларындагы 58,57 кайрак айдоо жана жогоруда аталган контурлардын ичинде жайгашкан №107; 108; 146; 150; 140; контурларындагы 2,70 га болгон ички жайыт жерлер биригип, баары болуп 61,27 га жер аянты, экинчи этапта айыл аймагына караштуу болгон калктуу конуштардын арасында жайгашкан 48,37 га ички жайыт жерлеринен Кара-Дөбө айылындагы №837-контурдагы, 5,0 га №339-контурдагы- 0,6 га, №858-контурдагы 7,6 га.
Кызыл-Абад айылындагы №209- контурдагы 3,0 га, №254-контурдагы 7,85 га, №204- контурдагы 3,50 га, № 127-контур дагы 2,45 га, №205-контурдагы 1,67 га, Чоок айылындагы №145-контурдагы-9,0 га, №182-контурдагы 5,0 га, Беш-Кепе айылындагы №397-контурдагы 2,70 га жалпысы 48,37 га баары болуп 109,64 га жер аянтынын
категориясын калктуу конуштардын жери категориясына которуп, муктаж болгон уй- булөлөргө болуп беруу каралууда.
Мындан сырткары которула (трансформация) турган жер участогуна 1 мектеп, 2 бала бакча, 1 ФАП жана соода сатык дүкөндөрү, калкты тейлөө ишканаларынын курулушу пландалууда.
5. Жер участкаларынын өздук чарба жүргүзүү үчүн бөлүүдө жарандардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери.
1) Турак жай курууга жер участкаларынын алууда жарандардын милдеттери.
- турак жай куруу учун жер участкасын которууга (Трансформация) арыз беруу.
- жер участкасына турак жай куруу, өздук чарба жүргүзүү үчүн арыз берүү.
- жер участкасын которгонго (трансформация) кылганга чейин курулуш иштерин баштабоо.
- жер участкаларын алгандан кийин Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте, райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнүн чийип берген схемасына ылайык, ошондой эле райондук Госрегистр белуму тарабынан бериле турган инвентаризация делосу, тех паспорт жана мамлекеттик акт берилгенден кийин курулуш иштерине киришуу.
- бөлүнүп берилген жер участкасынын чегинен чыкпоо жана чектерди Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте туура сактоо.
2) Турак жай курууга жер участкаларынын жарандарга берүүдө айылдык кецештин жана айыл өкмөттүн милдеттери.
- турак жай куруу үчүн бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жер участкасын калктуу конуштун жер категориясына которууга (трансформациялоого) керектүя документтерди даярдоо жана ал документтерди райондук, облустук администрацияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө жолдоо.
- жарандардын турак жай куруу учун участкасын бөлүп берүү жөнүндө арыздарын алуу.
- алынган арыздарды жер комиссиясынын чечимине ылайык айылдык кенештин сессиясында кароо жана жер участкаларынын бөлүп берүү чечимдерин чыгаруу.
- жер участкасын алууга керектуу документтерди даярдоо жана жарандардын ездук чарба курулуштарын Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө.
- өздүк чарба жүргүзүү үчүн алган жер участокторуна тиешелуу инфраструктуралык курулуштарды, анын ичинен жолдорго кум, таш тешее, электр линиялык таянычтарды жана электр чубалгыларын орнотуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу учун таза суу түтүкчөлөрун орнотуу, таштандыларды өз убагында чыгаруу.
- жаны курулган социалдык обьекттерге, конуштарга, кечелерге ылайыктуу ысым беруу.
6. Программаны аткарууда орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору.
1) Жер участкаларын алууда орун алган көйгөйлөр.
- турак жай куруу учун бериле турган жер участкасын которуу (трансформация) маселесин өз убагында чечилбеши.
- жер участкасын алууга укугу бар жарандардын тизмесин тактоо, анын ичинен биринчи кезекте алуу укугуна алуу болгон жарандардын тизмесин калыс аныктоо.
- жер участкаларын алууда тиешеси аз, же болбосо таптакыр тиешеси жок документтерди топтоо жана өткөрүү.
- документтерди кароо учурунда орун алган административдик-бюрократиялык тоскоолдуктар жана себепсиз убара керекчиликтерди жаратуу.
- жер участкаларына алууга тиешелуу документтерди даярдоо учурунда өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн коррупциялык элементтердин орун алышы.
2) Турак жай курууда орун алган көйгөйлөр.
- Башкы пландын өз убагында райондук архитектура жана курулуш бөлүмүндө бекитилбеши.
- Башкы планга бекитилгенге чейин жана райондук архитектура жана курулуш бөлүмү тарабынан турак жайдын схемасы даярдалганга чейин жарандардын турак жай курулушун жүргүзүүгө кириши.
- жарандардын турак жай курулушун өз билемдик тартипте баш аламандык менен жүргүзүүсү.
Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүү иш чаралары Программаны так аткарууга өбөлгө түзөт.
7.Программаны аткаруу жыйынтыктары жана жетишкендиктери.
Жарандардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш чараларды кыйшаюсуз өз тартибинде аткаруусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.
Жарандардын жер участкаларын алып, жер участкаларына турак жай куруу укугуна ээ болуусу, бир уйдө көп үй-бүлөлөрдүн бир жашап жатып, жер участкаларын алгандан кийин, үй куруп, өздөрүнчө тиричилик кылууга багыт алуусу, үй-бүлөлөрдүн турак жайдын жоктугунан ажырашуу мисалдарынын азаюусу, айыл аймакта кожолуктун, калктын санынын көбөйүүсү, жер салыктарынын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушу көздөгөн жетишкендиктерге алып келет.
Төрага | Н.Калматов |