Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №2
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылда жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевдин отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылда жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевдин отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевдин 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын. (Отчету тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:- А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын
16-июнундагы V чакырылыш №XXXIV сессиясынын
№XXXIV -2 токтомуна №1 тиркеме:
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу төрага А.Мамадумарович!
Урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары!
Муниципалдык менчик департаменттин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат берип өтөйүн.
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде 9-кызматкер эмгектенет. Штаттык бирдикте 9-кызматкер каралаган. Жогорудагы кызматкерлердин кызмат көрсөтүүсүнө жыл ичинде чегерилген эмгек акысынын жалпы көлөмү 1,530 000 сом, кызматкерлерге төлөнүп берилеген эмгек акы 1,320 954 жана социалдык төлөм үчүн 230 600 сом бөлүнсө анын ичинен социалдык казынага төлөнгөн сумма 217, 089 сомду түзгөн.
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментини тарабынан 2019-жыл ичинде 60-токтом даярдалып, алар Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилген. Алардын ичинен жарандардын турак жайларына пайдаланууга бекитилип берилген жер аянттарынын ичинен, курулган обьектилерге пайдалануу багытын өзгөртүү, турак жай үчүн курулушун кайра курууга токтомдор чыгарылып берилди.
Муниципалдык менчик департаментине 2019-жыл ичинде ар кандай мазмуундагы 73-арыз келип түшүп, каттоого алынган. Ал арыздардар негизинен шаардын аймагындагы тургундардын шаарда жайгашкан соода базарынын соодагерлеринен, райондук администрациясына жана башка органдарга келип түшкөн арыздар.
Муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылга карата киреше бөлүгү
2020-жылга киреше: парковка 57 000 сом, аренда земель 29 532 сом
2019-жылга киреше: ижарга берилген автотоктомдор (парковка) 604 500 сом, ижарага берилген жерлерден 336 189 сом
Бекитилген смета 19 859 700 сом
МСАДне -19 038 587 сомдук 38 жарыя берилген.
2 708 526 –сом акча каражаты үнөмдөлгөн.
Кызматчылардын эмгека кысына бекителгени 1 500 800 сом, сарпталганы -1 330 005 сом.
Соц. фонд төлөмдөрүнө бекитилгени 224 900 сом, сарпталганы 216 254 сом
Иш сапар чыгымдарына бекитилгени 59 000 сом, сарпталганы 52 999 сом.
Шаардын коммуналдык кызматтарына 3 077 912 сом
Смета жана технадзордук кызматтарын сатып алууга 80 000 сом
Компьютердик кызматтар 20 900 сом
Жомий көпүрөсүнө технадзор кызматы үчүн 25 500 сом
Канц.товар үчүн 31 922 сом
Кыргыз Республикасынын мамлекттик желегин сатып алуу үчүң 38 000 сом
Жол ортосуна темир тосмо орнотуу 449 895 сом
Доп. Раб стр ФАП Кара-Турпак (сейсмопойс и т.д.) 621 215 сом
ФАП планировка 123 578 сом
ФАП стяжка 282 296 сом
ФАП пластик 327 824 сом
Кара-Турпак кварталындагы көчөлөргө щебень төшө 450 150 сом
Приобретение прочие строительные материалы (мост Кара-Турпак) 128 682 сом
ПМ 4 көпүрө плитасын сатыпалуу 120 000 сом
ПМ-7 плитасын сатыпалуу 204 100 сом
строительство мост ул. Жомий 2 587 247 сом
Өчпөс отту оңдоп түзөө -151 425 сом
Темир тосмо, тундүктү сырдоо, жо ортосуна орнотулган бетон блокторду ташуу -86 722 сом
Ремонт СШ ми. Абдуваитова в г. Ноокат -120 620 сом
Жакыпов, Абдумаликов көчөлүнө жана Абдуваитов мектебине асфальт сатыпалуу 617 932 сом
Абдумаликов, Алимбаев көчөлөрүн асфальттоо1 899 050 сом.
Ноокат шаарына балдар аянтчасын куру 351 622 сом
Устройство тротуар ул. Лутфуллаева 528 245 сом
Чехов көчөсүнө асфальт сатыпалуу 788 500 сом
Покупка водопроводная труба 695 708 сом
Бостон кварталындагы мектеп, ФАП тын ПСДсын даярдоого 447 800 –сом,
Бостон кварталындагы мектептин астынан чыккан сууну дренаж аркылуу алыпчыгуу - 231 260 сом,
Бостон кварталындагы ФАП тын жанынан өтүүчү жол жана атайын көпүрө ноолорун орнотууга -156 100 сом,
Бостон кварталындагы ФАП, мектепке плита сатыпалуу 1 135 176 сом,
Бостон кварталындагы дренажды тазалоо 197 494 сом,
Бостон кварталынын көчолорүнө щебен төшөө 353 227 сом
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Директор: Ж.Тиллаев