Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №6
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси А.Абдуваитовдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси А.Абдуваитовдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык,Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси А.Абдуваитовдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(Отчету тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын
16-июнундагы V чакырылыш №XXXIV
сессиясынын №XXXIV -6 токтомуна №1 тиркеме:
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси А.Абдуваитовдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бүгүнкү заседаниенин катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Жылуулук камсыздоо” муниципиалдык ишканасында өзүңүздөргө белгилүү мен 2019-жылдын 10-декабрында жетекчи болуп келдим, 2019-жылдын эсебинен 20 эле күн иштедим. Ошого карабастан ишканадагы орчундуу маселелерди айтып кетүүго мажбурмун. Ушул мезгилге чейин 2016-жылдын май айынан бери 2019-жылдын аягына чейин салык инспекциясына,социалдык фонд мамлекеттик ишканаларына отчеттор берилген эмес.
Ошол себептен мага өткөн мезгилдер үчүн отчет берүүгө керектүү материалдар болбогондуктан шартым жок. Мамлекеттик салык инспекциясы мага эскертуу кат берген.Эгер мурдагы мөөнөттөгү иштер жөнүндө ишкананын мупдагы директорлору, бухгалтери отчетторун беришпесе ишибиз райондук прокуратурага кароого берилет.Ишканын 2019-жылдын 10-декабрынан жылуулк берилген 2020-жылдын март айлары үчүн салык инспекциясына тиешелүү салыктарды төлөгөнбүз, социалдык фонд ишканасына 103 000(бир жүз үч миң) сом төлөмдөр бизге чегерилген абоненттерден карыздарды өндүрсөк төлөп коюу мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Экинчи оор маселе Ноокат РЭСтен 2016-жылдан берки электр энергия үчүн карызыбыз 1 101 000 сомдон жогору.Ошондой эле мурда жылуулук берүүнү камсыздап келген “Кыргызтеплоком союз” ишканасынын 400 000 сомдон ашык электр энергиясы үчүн карыздары дагы эле бизде эсептелип жүрөт. Соттук териштирүү менен бул карыздын маселесин чечишибиз керек.
2019-жылдын 10-декабрынан 2020-жылдын 15-мартына чейин жылуулук пайдаланган ишканаларга 602 726 сомдук төлөмдөр эсептелген.Ушул күнгө 472 422 сом төлөштү.
Мамлекеттик ишканалардын карыздары 130 309 сомду түзөт. Мында чонураак карыздар райондук салык инспекциясынын карызы 58 000сомду түзөт.Бирок бул ишкананын жеткчилиги 2019-жылдын ноябрь айынан 15-декабрга чейинки аралыкта жылуулук бере албагансынар , жылуулукту камсыз кылбагандыгынар жөнүндо бизде 11 акт бар деп төлөөдөн баш тартышкан. Андан тышкары стоматологиялык поликлиника,социалдык фонд,статистикалык комитет карыздарын төлоп беришет.
Жылуулук алган элде 144 абонент болсо анын ичинен Эргашов көчөсү 26 үй,22 үй,ар биринд 16дан абонент болсо түрдүү себептер менен ар биринен 12ден абонент жылуулк линиясы кесип таштаган.Жалпысынан алганда 144 абоненттен 30 абонент жылуулуктан пайдаланбайт.Эгер ушундай улана турган болсо 70%тен аз абонент жылуулук пайдаланган үйлөрдү жылуулк линиясынан 2020-2021-күз кыш айларына толук эле ажыратып коюшка мажбурбуз. Алимбаев көчосү №42 жана №44 үйлөр жылуулук жетишерлик денгээлде эмес деп шаардык мэрияга арызданышып,3 комнаталуу үйлөр үчсүн абоненттик төлөмдөрдү -1500 сом, 2 комнаталуу үйлөр үчүн 1300 сомдонго төмөндөтсө дагы толук төлөбөй жүрүшөт.
Жалпысынан алганда элге 477 410 сом абоненттик төлөмдөр эсептелген болсо ушул күнгө 200 000сом гана төлөндү.
2019-жылдын аягы жана 2020-жыл үчүн элдин жылуулук үчүн абоненттик карыздары 280 000 сомдон ашат. Биздин ишкананын контролеру Нурматова Замира абоненттик төлөмдөрдү өндүрүү үчүн айрым квартираларга 5-6 жолудан барып да өндүрө албаган күндөрү көп. Короновирус оорусунун республикасынын масштабында тарашы дагы айрым абоненттерге төлөмдү төлөбөй созууга шылтоо болуп калды, ал эми ишкана 2016-жылдын май айында “Кыргызтеплоком союз” ишканасынан бөлүнүп, түзүлгөн мезгилден бери элдин абоненттик төлөмдөрдөн карыздары 1 136 000 сом акчаны түзөт.Бүгункү күнү шаардык кеңещтин депутаттарынын сессиясынан пайдаланып, абоненттик төлөмдөрдү өндүрүү үчүн сот аркылуу жүргүзүүгө мажбур болобуз. Абоненттик карызы барлардын ичинде Ленина 27 үйдөгү Галковскийдин квартирасын сатып алган жаран 31 000 сом абоненттик карызы менен алып, ушул күнгө чейин эсептешпей жүрөт.
Ноокат шаарынын экс мэри Тургунбаев Өмүрбек А.Абдуваитов мектебинин жанына 3 этаж үй салып,ага уланган 15 абонент 2019-2020-жылдар үчүн жылуулук үчүн төлөмдөрүн биз менен келишиминер жок деп төлөбөй жүрүшөт.
Алимбаев 52-үйдөн 3 квартира үйдү пайдаланган Алимбаев Шайим дагы абоненттик төлөмдөрүн төлөбөй жүрөт.
2020-жыл жалпы мамлекетибиз үчүң короновирус оорусу тараганына байланыштуу шаардагы базар, ашкана жана көптөгөн ишканалар токтоп турган мөөнөт үчүн салыктарды төлөө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошол сеептен жылдагы пландалган шаар үчүн 60 000 000 сомго жакын төлөмдөрдөн 40 000 000сом өндүрүлүшү күтүлүүдө.
Биздин ишкана шаардык мэриямынын алдындагы муниципиалдык ишкана болгонуна байланыштууу биздин ремонт иштерибиз шаар бөлүп берген субсидиядан көз каранды. Белгилей кетсем элдик откананын №1 котёлунда жаз айларында кыштан чыгыш үчүн 18 жерине жамак койгонбуз. Бул котёлдор жаны сезонго иштеткенге жараксыз. Ошол себептен 2020-2021-жылдардын кышкы даярдыгына каржы жактан жардамга муктажбыз, элден өндүрүлүүчү абоненттик төлөмдөр дагы 2016-жылдын ноябрь айындагы сессияда ишканалар үчүн 1гүккал.3056 болсо, жарандарга 1340сом 76 тыйын болуп элдин социалдык жактан корголушу ишкананын жалпысынан жыл ичинде 700 000-800 000 сом зыян чыкканына карабастан сессия бекиткен.
Бизде орчундуу маселе тендер боюнча жылына аплынуучу көмүр маселеси. Өткөн жылы көмүр эмес, көмүрдүн унун сатып алышкан. Ошол себептен 60тонна көмүр сыяктуу зат отканада күйбөй котёлныйдын территориясында үйүлүп турат. Кыштан чыга албай 50 тонна көмүрдү 100 000 сомго накталай сатып алууга мажбур болдук.
Дагы бир баса айтып кетчүү маселе отканада иштеген котёлщиктердин иштеген айлык акысы өтө төмөн. 1 сменада иштеген котёльщик социалдык төлөмдөрдү алып таштаганда 45 000 сом айлык алат. Ошол себептен туруктуу иштеген кадрлар жок. Ай сайын алмашып турат.
Урматуу депутаттар 2020-2021-жылдын күз-кыш айларын жакшы даярдыктар менен жылуулукту талапка ылайык денгээлде берип, иш жүргүзүүгө милдеттенебиз.
А.Абдибаитов
16.06.2020-жыл