Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 6-декабры ПЖ № 541

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

                 Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин

                   эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

 

     Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын стимулдаштыруу жана кеси-

бинин кадыр-баркын арттыруу максатында токтом кылам:

     1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо менен аныкталган  саламат-

тыкты  сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2008-жылдын 1-январынан баш-

тап 30 пайызга жогорулатылсын.

     2. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.

     3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.

     4. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев