Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин VI- шайланган кезектеги ХХIII- сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № XXXIII-6
Айыл аймагында социалдык маанидеги маселелерди чечүү максатында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди бекитип берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгү министрлигинин Ноокат райондук бөлүмү тарабынан Гулистан айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мазмуну менен таанышып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл аймагында социалдык маанидеги маселелерди чечүү максатында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
| Айылдык кеңештин 2019-жылдын 23.12 №XXIII-6 токтому менен бекитилди |
1. Келишимдин тараптары
1.1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык жана өнүгүү министрлигинин (мындан ары – ЭСӨМ) Ноокат райондук эмгек жана социалдык өнүгүүбашкармалыгы, мындан ары мамлекеттик орган, бир тарабынан начальник Р.Мурзаевдин атынан ЭСӨМ дүн 2018-жылдын 3- августундагы №43 буйругу менен бекитилген ЭСӨМ дүн Аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде иштеген жана айыл өкмөтү, мындан ары жергиликтүү башкарууну аткаруучу органы экинчи тараптан Э. Шаназаров ( ФАА) № 715 Жобонун ( же жарлык) негизинде иштеген, башка жагынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү башкаруу жөнүндө , Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамын жетекчиликк алып, ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин предмета
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 19- декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык ЭСӨМ дүн Ноокат райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү гулистан айыл өкмөтү төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштайт:
2.1.1. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды аныктоо боюнча төмөндөгү алынган маалыматтарды карап жана иштеп чыгуу:
- жарандардын жана уюмдардын оозеки же кат түрүндөгү кайрылуулары;
- массалык маалымат каражаттарынан;
- аймактык мамлекеттик органдардан;
- ведомстволор аралык рейддер, акция, калк менен кезигишүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча;
2.1.2. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын муктаждыгын баалоо менен:
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын базасын жана тизмесин түзүү;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын
жашоо- шартын карап чыгуу;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун паспортун түзүү;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын баалоо;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын бардык жактан кайталап баалоо;
2.1.3. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын социалдык жактан коштоо:
-жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыз жана каттарьн карап чыгуу;
- турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү;
-үй бүлөлөр менен жекече иштөө планын ишке ашыруу:
-баланы коргоо боюнча жекече иштөө планын ишке ашыруу:
турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдарды социалдык коштоо
2.2. Гулистан айыл өкмөтү жогорудагы мамлекеттик ыйгарым ишти аткарат.
3. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгымын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүудө укуктары жана милдеттери
З.1. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды, ошондой эле ага керектелүүчү материалдык. каржылык ж.б. каражаттарды кезөмөлдөөнү ишке ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компентециясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары тарабынан кетирилген бузууларды четтөө боюнча жазуу жүзүндө билдирүү берүү;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдады, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жыйынтыктары жана материалдык. каржылык ж.б. ресурстарды колдонуу жөнүнде маалымат берүү үчүн жергиликтүү оз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга отчет берүүнүн формасын бекитүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы боюнча белгиленген тартипте жаза-чара колдонууга;
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.
3.2.Эмгек жана социалдык өнүтүү министрлигинин эмгек жана социалдык өнүгүү башкаруусу төмөндөгүдөй компепетенцияларга милдеттүү: -
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды толук көлөмде жана өз убагында берүүгө:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга усулдук. уюштуруучулук. консультациялык ж.б. жардам берүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарды керектү'ү укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга :
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруута адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына экиден кем эмес окууларды өткерүү;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттарды максаттуу пайдаланышына көземөл жүргузүүнү жүзөгө ашыруу:
4. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери
5.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү аткарган жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адисинин укугу жана милдеттерри 1-тиркемеге ылайык ишке ашат.
5.4. ЭСӨМ Ноокат райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы коррупциялык факты байкалганда оиюндой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында милдеттерин одоно бузган учурларда адис тарабынан зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган орган га сунуш киргизет.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык. материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Ушул келишимдин 9.2. пунктунда мөөнөтү аныкталган. көрсөтүлгөн трансферттердин (субвенциялардын) көлөмү ушул келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.
6.3 Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражатгары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндо берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.
6.4.трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө томенкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органжын адисинин эмгек акысы;
-берилген ишти бүтүрүүгө кеткен чыгымдар: командировкалык чыгым, окууга кеткен
чыгым. канцелярдык товар жана байланыш кызматы:
Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.
Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, объекттер. техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында карал гандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин ал ар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктуи негизинде түзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде чагылдырылууга тийиш.
7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
-ай сайын 5инен кечиктирбестен.квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүнде отчету:
-квартал сайын 5инен кечиктирбестен (ай сайын. жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.
8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан көзөмолдөөнүн тартиби
8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындан ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.
Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:
аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын. ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын кезөмөлдөйт;
-келишим менен каралган учурларда жогору турган орган га жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:
- берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;
ыйгарым укуктарды берүү жонүнде мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
11.3. Гулистан айыл өкмөтү тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарымукуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүиөн мурда баш тартуунун шарттары :
-ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды камсыздоо мүмкүн болбогондо;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоо. Гулистан . айыл өкмөтүнүн көз каранды эмес себептери;
-мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.4. ЭСӨМдүн Ноокат райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :
ЭСӨМдүн Ноокат райондук- эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашыруу максатсыз деп табылганда:
11.5 Гулистан айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык. финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;
-мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын озгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алынышы;
Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдоыгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндо кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менеы макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү . кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыа ткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
11.8 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүно чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн Гулистан айыл өкмөтүнө бөлүнгон. пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражатгар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайтарылууга тийиш.
11.9. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө. тартипте жана моонөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, Гулистан айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кабарлайт.
11.10. Гулистан айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып. мамлекеттик ыйгарым укуктар. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүтүү башкармалыгы тарабынан аткарылуута тийиш.
11.11. Гулистан айыл өкмөтүнүн берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими Ноокат районунун айылдык кеҢешинин токтому менен бекитилет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирҮҮ ҮчҮн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы ) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрушүнде келип «Ш. жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
1. Ноокат РЭСӨБ 1. Гулистан а/ө
2. Р. Мурзаев 2. Э.Шаназаров