Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин VI- шайланган кезексиз ХХIV- сессиясы
2020-жылдын 21-январы № ХХIV -2
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлунүшүнүн Гулистан айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтык отчетун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңеши Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү 2016-жылдын 31-мартындагы № 22 токтомун Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшү жазма буйрук жана отчетун бекитип берүү максатында Гулистан айыл өкмөтүнүн жүргүзүлгөн текешерүнүн натыйжалары жөнүндөгү маалыматты карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлунүшүнүн Гулистан айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтык отчетун жана жазма буйругу бекитилип берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
-Жүргүзүлгөң текшерүүнүн натыйжасында аныкталган бюджет боюнча кемчилдиктерди жоюу боюнча туруктуу иш жүргүзүлсүн.
3. Жүргүзүлгөң текшерүүнүн натыйжасында аныкталган бюджет боюнча кемчилдиктерди боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө мыйзам чегинде тартиптик чаралар көрүлсүн.
4. Текшерүүдү жыйынтыгы менен Мыйзам буузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар аны аткарылышы жөнүндө Гулистан айыл кенешине 2020-жылдын I-жарым жылдыгы боюнча маалымат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенештин бюджет-экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
Ноокат районунун "Гулистан" айыл өкмөтүнүн башчысы Э. ШАНАЗАРОВг |
Ноокат районунун "Гулистан" айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018 жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынан
ЖАЗМА БУЙРУК
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү Ош областынын Ноокат районунун "Гулистан" айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018 жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынан жазма буйрук берет:
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы талкууланып, кетирилген кемчилдиктерге баа берүү жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы каралсьш.
Негизги каражаттардын жана материалдык баалуулуктардын толук сакталуусу көзөмөлгө алынсын.
Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Ушул жазма буйруктун аткарылышы тууралуу тийиштүү түрдө бекитилген, аткаруу мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн, иш-чаралар планы бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнө берилсин.
Эскертүү: "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругу мгпдеттуу турдө аткарылууга тийиш. Жазма буйрукту өз убагында аткарбагандыгы, же толук аткарбагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ал аудит объектисине мыизамдарда көрсөтүлгөн тийиштуу чараларды колдонууга укуктуу ".
ЖЕТЕКЧИ А. АКМАТОВ
Аткаруучу: Мурзаканов Н.. тел.: 7-04-66
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү.
Ош областынын Ноокат районунун "Гулистан" айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан 2018 жылдын 31-декабрына карала мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетиннн түзүлүшүно жана aiкары.и.пиына жүргүзүлгөн аудиттин отчету.
Бостон айылы. 2019-жылдын 27-ноябры
Аудит жүргүзүүнүн негизи: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүштүн 2019-жылга түзүлгөн аудиттин планы жана жетекчинин 2019-жылдын 28-октябрындагы № 01-16/258 буйругу, кийинки улантылган буйрук 20.11.2019 жыл №01-16/280.
Аудит жүргүзүлүүчү объект: Ош областынын Ноокат районунун "Гулистан" айыл аймагы.
Аудит камтылган мезгил: 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгы.
Аудиттин максаты: Бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудит жүргүзүү.
Аудиттин предметтери: Ишмердикти жөндөөчү укуктук-ченемдик актылар жана башка ички документтер (буйруктар, жоболор, нускамалар ж.б.у.с). 2017-2018-жылдардын бюджетинин аткарылышынын отчеттору жана анын тиркемелери, бюджеттик каражаттардын чыгыштоо сметасынын аткарылышы жөнүндө отчеттор (№2 форма), атайын каражаттардын сметасынын аткарылышы жөнүндө отчеттор (№4 форма), сметанын аткарылышынын жыйынды балансы, негизги каражаттардын жана материалдык баалуулуктардын кыймылы жөнүндө отчет, кассалык отчеттор жана кассалык операциялар, чыгымдоо сметасыына эсептөөлөр, штаттык жадыбал, аймактык казыналык бөлүмчөсү аркылуу алынган накталай акча каражаттардын толук кириштелишинин жана кыймылынын аныктамасы жана бухгалтердик, каржы-экономикалык документтер.
Аудит Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн мамлекеттик инспектору Н. Мурзаканов тарабынан "Гулистан" айыл аймагынын башчысы Шаназаров Эргешали Буваназаровичке билдирүү менен айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчи Таштемиров Шакиржандин катышуусунда жүргүзүлдү.
Аудитке камтылган мезгил аралыгында банкалык, кассалык документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ болуп, айыл өкмөтүнүн башчысы Шаназаров Э иштеп келүүдө.
Экинчи кол коюу укугуна ээ болуп, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы бухгалтер болуп Таштемиров Шакиржан иштеп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мурдагы аудитинин милдеттендирүүсүнүн аткарылышы.
"Гулистан" айыл аймагынын 2015-жылдын 1-январынан 2016- жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин, атайын каражаттардын түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудит Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн мамлекеттик инспектору Макаамбаев Т тарабынан жүргүзүлүп, 2017-жылдын 27-мартында акт түзүлгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы - 123,5 мин сомдук каржылык бузуулар аныкталган. анын ичинен: жашырылган карыздар (дебитор) 20,0 мин сом, максатсыз чыгымдар 50,2 мин сом, эмгек акыга негизсиз төлөмдөр жалпы 53,3 мин сом ашыкча төлөнүп берилген. Аныкталган каржылык бузуулар толугу менен ордуна коюлган.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынь.н 2019-жылдын 14-янвавындагы №01-19/1 катында көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча аудит.
Аудитке камтылган мезгил аралыгында айыл өкмөтү тарабынан айыл аимагындагы коомдук-профилактикалык борборду каржылоо жүргүзүлгөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги №01-16/29 катында көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча аудит.
Аудитке камтылган мезгил аралыгында айыл өкмөтүнүн эсебине лицензиям, карман тургандыгы үчүн акы төлөө боюнча акча каражаты 2017-жылы 209,0 миң сом, 2018-жылы 774,7 миң сом акча каражаты түшкөн, ал эми роялти түшкөн эмес.
Жыйынтык:
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында төмөндөгүлердү белгилөе зарыл:
- Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча товардык-материалдык баалуулуктардан 2,1 миң сомдук жетишпестик аныкталды. *мппагы
- Аудиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 "Сапар чыгымдарынын ченемдерин белгилөө жана аларды кайтаруу тартиби жөнүндө" токтомунун талаптары сакталбай жооптуу жактарга сапар чыгымы боюнча ашыкча 3,9 миң сом төлөнүп берилгени аныкталды.
Сунүш:
Аудиттин жыйынтыгы айыл өкмөттүн жалпы кызматкерлеринин катышуусунда талкууланып, кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана тийиштүү чараларды көрүү жагы
КаРНеСгизги каражаттарды жана материалдык баалуулуктардын толук сакталуусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008 жыл №471 "Сапар чыгымдарын төлөө" жөнүндөгү токтомун сакталуусун башкы эсепчиге милдеттендирилсин.
Аудиттин отчету 2 нускада түзүлдү:
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал- Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн мамлекеттик инспектору: -Н.Мурзаканов.
"Гулистан" айыл өкмөтүнүн башчысы: -Э.Шаназаров.
"Гулистан" айыл өкмөтүнүн финансы-экономика
бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчи: -Ш.Таштемиров.
Аудиттин отчетунун бир пускасын
тиркемелери менен алдым: "Ш. Таштемиров.