Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 23-5
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин регламентине кошумча пункту киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин регламентинин кээ бир пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) 2017- жылдын 10-январындагы I сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген регламентинин: 4 - главасынын 5- пункутундагы:
- “Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинин бир жолку компенсация алуу менен аткарышат” - деген сүйлөм:
- “Айылдык кеңештин төрагасынын милдеттери айлык эмгек акы төлөө негизинде жүргүзлөт” деп өзгөртүлүп окулсун;
Регламенттин 6 - главасынын 1-пункутундагы:
-“Айылдык кеңештин катчысынын милдетин айылдык округунун жооптуу катчысы аткарат” деген сүйлөм:
-“Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, конкурстун (ротациялоонун же которуунун) негизинде айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүнү биргелешкен буйругу менен бекитилген эмгек акы төлөөнүүчү муниципалдык кызмат” деп өзгөртүлүп окулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Джураевга жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |