Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көлдүк айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 13 сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 77
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2021-2022-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2021-2022-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселени айылдык кенештин бюджет, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Көлдүк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы Көлдүк айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 5567,2 мин мин сом өлчөмүндө бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2020-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин.
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан -50 пайыз өлчөмүндө:
б) ыктыярдуу патент негизинде салыктан милдеттүү патенттөө негизинде салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөсүнө 100пайыз өлчөмүндө
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегичлык пайдалуу кендерди: алтынды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тийешелүү жергиликтүү бюджеттерине -50 пайыз өлчөмүндө:
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке -100пайыз өлчөмүндө белгиленси.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2018-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабылалган Мыйзам менен бекитилген 2021-2022-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрдүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 55,6мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүүм медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр.) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөөгү ашыруу сунушталсын.
8. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын
9. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
10. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттары тийешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
11. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.
12. Айлананма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2021-жылдын 1-январына карата 55.0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Жайыт пайдалануучулардан түшкөн аренда акысы казына аркылуу төгүлүп, максатуу жумшоо жагы жайыт комитетине эскертилсин.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Нурали уулу Алманбет |
| №77 токтом № 1-тиркеме |
2020-жылга Көлдүк айыл өкмөтүнүн бюджетинин бекитилиши боюнча маалымат
Киреше бөлүгү
№ | Кирешелердин түрлөрү | Сумма | Эскертүү |
1 | Эмгек акыдан кармалган патенттик төлөм | 1224 |
|
2 | Бирдиктүү салык | 10 |
|
3 | Милдеттүү салык | 25 |
|
4 | Ыктыярдуу салык | 50,8 |
|
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 10 |
|
6 | Транспорт салыгы | 220 |
|
7 | Огород салыгы | 95 |
|
8 | Юридикалык салыгы | 162,2 |
|
9 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 30 |
|
10 | Сатыктан алынуучу салык | 52 |
|
11 | Жердин ижара акысы | 245,2 |
|
12 | Лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөм | 200 |
|
13 | КБФ кайра бөлүштүрүү фонд | 269,8 |
|
14 | Таштанды (мусор) чыгаруудан түшкөн салык | 30 |
|
13 | Мамлекеттик пошлина | 0,0 |
|
14 | Админ. Штраф | 0,0 |
|
| Жергиликтүү бюджеттин бардыгы | 2624 |
|
15 | Теңдештирүүчү грант (выравнивающий грант) | 2943,2 |
|
| Жыйынтыгы | 5567,2 |
|
2020-жылга Көлдүк айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү
№ | Бөлүмдүн аттары | Сумма | Эскертүү |
1 | Аппарат | 3493,7 |
|
2 | Соц коргоо | 35 |
|
3 | ЖКХ | 0 |
|
4 | Маданият үйүнө | 2,93,2 |
|
5 | Китепкана | 171,7 |
|
6 | Билим берүүгө | 504 |
|
7 | Жайыт комитетине | 100 |
|
| Жыйынтыгы | 4597,6 |
|
| №77 токтом № 2-тиркеме |
2021-2022-жылга Көлдүк айыл өкмөтүнүн бюджетинин кереше бөлүгү
№ | Кирешелердин түрлөрү | 2021-жыл | 2022-жыл |
1 | Эмгек акыдан кармалган патенттик төлөм | 1537 | 1634 |
2 | Бирдиктүү салык | 10 | 10 |
3 | Милдеттүү салык | 25,0 | 25,0 |
4 | Ыктыярдуу салык | 50,8 | 50,8 |
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 10 | 10 |
6 | Транспорт салыгы | 220 | 220 |
7 | Огород салыгы | 95 | 95 |
8 | Юрид.жер салыгы | 162,2 | 162,2 |
9 | Айыл чарба эмес жер салыгы | 30 | 30 |
10 | Сатыктан алынуучу салык | 0 | 0 |
11 | Жердин ижара акысы (аренда) | 245,2 | 245,2 |
12 | Лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөм | 200 | 200 |
13 | Кайра бөлүштүрүү фонду | 269,8 | 269,8 |
14 | Таштанды чыгаруу | 30 | 30 |
| Жергиликтүү бюджеттин баары | 2885 | 2982 |
14 | Теңдештирүү грант | 2804 | 2815 |
| Жыйынтыгы | 5689 | 5797 |
Чыгаша бөлүгү
№ | Бөлүмдүн аттары | 2021-жыл | 2022-жыл |
1 | Аппарат | 3716 | 3816 |
2 | Соц коргоо | 46,4 | 50 |
3 | ЖКХ | 599,2 | 600 |
4 | Маданият үйүнө | 505,7 | 510 |
5 | Китепкана | 171,7 | 171 |
6 | Билим берүүгө | 550 | 550 |
7 | Жайыт комитетине | 100 | 100 |
| Жыйынтыгы | 5689 | 5797 |
Көлдүк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
Н. Таңырыков |