Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көлдүк айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы
2020-жылдын 2-апрели № 84
Коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө
Тамак аш коопсуздугун эске алуу максатында жана калктын аялуу катмарына гуманитардык жардамдарды берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүүдө жергиликтүү бюджеттен аймыр беренелерине өзгөртүүлөр киргизилсин жана 105(жүз беш) миң сом акча каражаты элдин аялуу катмарына гуманитардык жардам катарында (ун, май, макарон, чай ж.б.) 80миң сом акча каражаты жумшалсын жана чат участогундагы санитардык тосмого күнүмдүк тамак аш жана иш-чаралары үчүн 25миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Гуманитардык жардамдарды бөлүп берүү боюнча атайын комиссия курамы № 1 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселер боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Нурали уулу Алманбет |
| Көлдүк айылдык кеңешинин 2020-жылдын 02-апрелиндеги №84 токтомуна № 1 тиркеме |
Коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүүдө элдин аялуу катмарына гуманитардык жардам берүү боюнча атайын комиссия курамы
Алманбет уулу Нурали Көлдүк айылдык кенешинин төрагасы комиссия курмынын төрагасы.
Аттокуров Асан айылдык кеңешинин депутаты комиссия курамынын орун басары.
мүчөлөрү
З.Оморбекова Көлдүк айыл өкмөтүнүн социалдык маселер боюнча жетектөөчү.
Ж.Калдарбеков Шамал-Терек айылынын айыл башчысы.
О.Артыков Чалк-Өйдө айылынын айыл башчысы.