Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 23/4
Кашка-Жол айылдык аймагындагы Тоготой айылындагы калктуу конуштарды жана үлүш жерлерди суу ташкынынан сактоо жѳнүндѳ
Кашка-Жол айылдык аймагындагы Тоготой айылындагы калктуу конуштарды жана үлүш жерлерди суу ташкынынан сактоо боюнча 12.03.2020-жылдагы Тоготой айылынын элдик жыйынынын №3 протоколун карап чыгып Кашка-Жол айыдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоготой айылынын 12.03.2020-жылдагы элдик жыйынынын №3 протоколу бекитилсин.
2. Табыгый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш чараларды кѳрүп, иш жүргүзүү жагы Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ Кырдаалдар Министирлигинин Кара-Кулжа райондук бѳлүмүнѳн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жер, турак жай, коммуналдык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча адиси С.Турдуевке жана Тоготой айылынын айыл башчысы С. Айтназаровко тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |
Калктуу конуштар жана айдоо аянтарын коргоо үчүн дамба куруу иштери жѳнүндѳ, Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Тоготой айылында ѳткѳрүлгѳн элдик жыйындын
Протоколу № 3
Тоготой айылы 12-март 2020-жыл
Чогулушка катышкан жарандардын саны -42
Чогулущтун тѳрагасы: Айтназаров Советбек.
Чогулуштун катчысы: Турганбаев Бакытбек.
Күн тартибиндеги каралуучу маселе.
1. Калктуу конуштар жана айдоо аянтарын коргоо үчүн дамба куруу иштери жѳнүндѳ.
Калктуу конуштар жана айдоо аянтарын коргоо үчүн дамба куруу иштери жѳнүндѳ , айыл башчы Айтназаров Советбек маалымат берди.
Айтназаров Советбек: Урматтуу туугандар ѳүзүңүздѳр кѳрүп жүргѳндѳй айылыбыздын чыгыш тарабынан аккан Кара-Кулжа дарыясынын ташкын суусу айдоо аянтарын алып кеткендигин жана калктуу конушка коркунуч алып келгендигин билесиздер.
Ошондуктан бул кѳйгѳйдүн алдын алуу үчүн дамба куруу маселесин тез арада чечүү керектигин жогорку органдардан суранабыз.
Айыл тургуну Итибаев Жолдубай чыгып сүйлѳп тѳмѳндѳгүлѳрдү айтты.
Итибаев Жолдубай: Туугандар ѳзүңүздѳр билесиздер Кара-Кулжа дарыясы элдин эгин таалаларын жеп кетип жараксыз сайга айландыргандыгын . Ошол себептен жаңы дамбалар курулган . Бирок, ага да карабай суу ташкыны нары бери ооп эгин таалаларын , этек жактагы мал жайытты жана МТФ , Жийде айылын суу алып кетүү коркунучу турат. Ошол себептен жаңыдан дамбаны куруу жѳнүндѳгү маселе туура деген ойдомун.
Айыл тургундары Д,Маматов, К,Кочкоров, Т,Таировтор чыгып сүйлѳшүп жогорудагы маселени чечүү үчүн жогорку органдардан бул маселени тез арада чечип берүүнү ѳтүнүштү.
Чыгып сүйлѳгѳн атуулдардын сунушун, чогулуштун катышуучулары толгу менен колдошту.
Тоготой айылдык элдик жыйыны жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
СУНУШ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа дарыясынын суу ташкынынан калктуу конуш жана айдоо аянттарын сактоо максатында дамба куруу жагы айыл ѳкмѳтүнѳн жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрилигинин Кара-Кулжа райондук бѳлүмүнѳн суралсын.
2. Бул сунуштун иш жүзүнѳ аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл башчы Айтназаров Советбекке жүктѳлсүн.
Чогулуштун тѳрагасы: Айтназаров Советбек.
Чогулуштун катчысы: Турганбаев Бакытбек.