Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-июну № 24/1
Кара – Кочкор айылдык округунун кеңешинин “Жооптуу катчы” административдик муниципалдык кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 5- февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө № 64 токтомуна негиз айыл аймагындагы калктын саны 601 ден жогору болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 29- декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарга” ылайык Кара-Кочкор айылдык кеңештин жооптуу катчы административдик муниципалдык кызмат орунун штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кара – Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 5- февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө № 64 токтомуна негиз айыл аймагындагы калктын саны 601 ден жогору болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 29- декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарга” ылайык Кара-Кочкор айылдык кеңештин жооптуу катчы административдик муниципалдык кызмат орунун штаттык бирдиги бекитилсин.
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин жоопту катчысынын эмгек акысын Кара-Кулжа райондук финансы бөлүмү менен макулдашып чечип берүү жагы ФЭБ башчысы К. Ибраимовго жүктөлсүн .
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин социалдык маданий , билим беруу , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муниципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( торагасы И. Курманбаевге ) жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага | Э. Жакеев |